БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Атайын кызматтын башчысынын мурунку орун басары Болот Сүйүмбаев суракка келбей койгондуктан издөө жарыяланды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана экономикалык аткезчилик фактылары боюнча айыпталууда.
"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мурунку орун басар Болот Сүйүмбаевдин бул кылмышка тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн бир нече ирет суракка жана башка тергөө иштерине чакырылган. Бирок ал суракка келбей жаткандыгына байланыштуу УКМК тергөө органдары тарабынан Жазык кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 223-берененсинин 2-бөлүмү ("Экономикалык контрабанда") боюнча кылмышка шектүү деген билдирүү берилип, издөө жарыяланган", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Сүйүмбаевдин жүргөн жерин көргөн же билген адамдар УКМКнын нөөмөт кызматына 0312 66-04-75 же 102 (ИИМ нөөмөт бөлүмү) телефон аркылуу кабарлап коюу өтүнүчү айтылды. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнүнө карата элге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда, президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Кайрылууда советтик аскерлер тарабынан Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнү белгиленип жатканы айтылды.
"Ленинградды курчоого алуу — Улуу Ата Мекендик согуштун эң кайгылуу окуяларынын бири. Ленинград — дүйнөлүк тарыхта 900 күндүк курчоого туруштук берген жападан жалгыз шаар, ошол күндөрү миллиондогон балдар, аялдар, улгайган адамдар жана аскерлер каза болгон", — деп жазылат Мамытовдун кайрылуусунда.
Ленинградды курчоодон бошотуудагы салгылашууларда башка боордош элдер менен бирдикте 4,5 миңден ашуун мекендештерибиз баатырларча курман болушкан.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курчоого алынган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңге жакын адам эвакуацияланган. Алардын 3,5 миңи балдар болгон.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка жашы жете электердин 80 пайызы тааныштары жана туугандары тарабынан кабылат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ошондой эле балдарга карата сексуалдык ыдыктар үйүндө же конокто жасалары айтылат.
Мындан сырткары, ата-энелерге балдардын уюлдук телефонуна "Мен милициянын аймактык инспекторумун" жана "112 Кыргызстан" тиркемелерин көчүрүп берүүнү сунуштады.
"Зомбулук болгон учурда эмне кылуу керек? Кылмыштын издерин сактоо үчүн кийимдерди жууп же ыргытып салбоо зарыл. Милицияга жана медициналык мекемеге кайрылуу керек. Биринчи 72 саатта дарыгер ВИЧтин, жыныстык жугуштуу оорулардын жугушунун алдын алууга, күтүлбөгөн жерден бойго бүтүрбөөгө жардам берет. Ошондой эле зомбулукка кабылган жашы жете электерге психологиялык жардам берүү маанилүү", — деп айтылат билдирмеде.
Балдарга карата сексуалдык же башка мүнөздөгү зордук-зомбулуктар жасалса 102, 112 кызматтарына жана 111 ишеним телефондоруна байланышууга болот.
Ошону менен бирге эле америкалык саясатчылар жана генералдар Арктикадагы чыңалуунун курчуп баратканын билдиришет, эксперттердин пикиринде, андай абалды өздөрү жаратууда. Пентагон Норвегияны эмнеге даярдап жатканын Николай Протопопов талдап көрүүгө аракеттенген.
Деңиз пехотачылары ротациянын алкагында Түндүк Каролинадан Норвегияга жайгашууда. Америкалыктар мындай амалды бир нече жылдан бери жасап келет, бир бөлүктүн ордун экинчиси басып, айтор АКШнын аскердик контингенти иш жүзүндө дайым бул өлкөдө.
Норвегиялык инструкторлордун жетекчилигиндеги деңиз пехотачыларынын милдети Арктиканын катаал шарттарында аскердик аракеттерди аткарууну үйрөнүү жана НАТОдогу кесиптештери менен тыгыз аракеттешүүгө машыгуу.
Келерки айда он миңдин тегерегиндеги америкалык, норвегиялык, ошондой эле голландиялык жана англиялык жоокер катышкан Joint Viking 2021 масштабдуу машыгуусу өтөт.
НАТОчулар узун аралыкка ыкчам жетүүгө машыгып, бардык деңгээлде маалымат алмашуу ыкмаларын өздөштүрүп, биргелешкен операцияларды өткөрөт.
JointViking машыгуулары жыл сайын өткөрүлөт. Күчтөр — сооттолгон техника, артиллерия, авиация, кеме жана суу түбүндөгү кайыктар — жүздөгөн чарчы чакырымдык аймакта жогорку интенсивдүүлүктөгү согуштук аракеттерге, айрыкча токойлуу жана тоолуу жерлерде машыгышат.Аскердик эксперт Александр Жилин белгилегендей, АКШнын аскердик доктринасына ылайык, алардын армиясы негизинен чет өлкөлөрдө согушууну өздөштүрөт.
"Ошондуктан мамлекеттик саясат америкалык аскерлер согуштук аракеттер, чалгындоо, аэродромдорду айланып учуу, деңиз жолдорун айланып сүзүүгө машыгуу үчүн бөлөк өлкөлөргө туруктуу барып турушуна ылайыкталып түзүлөт, — деп түшүндүрөт ал. — Биргелешкен операцияларга өзгөчө көңүл бурулат, анткени АКШ дайым бирөөнүн колу менен согушат". Эксперттин айтымында, Пентагон кырдаалды жасалма жол менен курчутат, анткени АКШ жана НАТО Арктикадан орун алууга умтулуусунан түк кайткысы жок.
"Деңиз пехотачылары коргонууга эмес, чабуул коюуга машыгышат, — деген ойдо Жилин. — Анын ичинде Россияга каршы да машыгышат. Эгер НАТОнун Европадагы окууларын жалпысынан талдап көрсөк, мындай машыгууларды Москва үчүн кыйын зоналарды жаратуу үчүн уюштурушканы айдан ачык. РФ армиясы айрыкча Норвегияда орун алган көрүнүштөр боюнча чара көрбөй кое албайт. Паникага алдырбайт, бирок күч жана каражаттарын алаксытат. Кандайдыр чагымчылдыктарга жол бербөө үчүн биз кырдаалды толук көзөмөлдөөгө тийишпиз".
"Валдай" аналитикалык клубунун эксперти Артем Куреев Аляскада америкалыктардын Арктикадагы согуштук аракеттердин тактикасына машыгуу үчүн өздөрүнүн өнүккөн инфраструктурасы бар экенин белгилейт. Бирок баары бир алар Норвегияда машыгууну туура көрүшөт.
"Бул аларга НАТО лидери катары зарыл, — деп белгилейт Куреев. — Норвегия — альянстын эзелки мүчөсү. Осло Россияны болжолдуу душманы катары көрөт. Кансыз согуш жылдары эле норвегиялыктар Арктикада СССРге каршы аракет этүү үчүн инфраструктура түзүп, колдоп келген. Ошол дале уланууда. Абал чындап курчуп кетсе, Түндүк Норвегия дароо россиялык Мурманскиге карай жолдо НАТОнун негизги плацдармына айланат".
Вашингтон Арктикадан башка өлкөлөрдү сүрүп бекем орун алууга аракет кылат, муну жаңы Аскердик-деңиз күчтөрүнүн жана Деңиз пехотасы корпусунун Арктикалык стратегиясы да тастыктайт. Атап айтканда, анда "арктикалык аймактагы аскердик-деңиз күчтөрү болбосо, тынчтык жана өнүгүүгө Россия менен Кытай тараптан коркунуч көбөйөрү" айтылат.АКШ Аскердик-деңиз күчтөрүнүн министри Кеннет Брейтуэйт белгилегендей, россиялык жээктерге жакын акваторияны күзөтүү жана "Ыраакы Түндүккө Москванын чабуулун" бөгөттөө үчүн Пентагон Арктикада аскердик кеме жана суу түбүндөгү кайыктарды туруктуу түрдө кармоону пландайт. Ошону менен бирге эле Арктикада жердеги кубаттуу күчтөрдү да топтойт.
Норвегиянын коргоо министри Франк Бакке-Йенсен өз кезегинде өлкөнүн коопсуздук саясатындагы негизги багыттар — Арктика жана Россиянын аймактагы ишмердиги, ал эми трансатлантикалык байланыш мында — маанилүү бөлүк экенин белгилеген. Айтымында, Норвегия НАТОдогу союздаштарынын Ыраакы Түндүктө жайгашуусун күчөтүүнү кубаттайт.
"АКШнын аскердик-деңиз күчтөрү, деңиз пехотасы, атайын бөлүктөрү, аскердик аба жана космостук күчтөрү менен катар Арктикада санаалаштарыбыз менен стратегиялык аракеттешүүнү өнүктүрөбүз, — дейт министр. — Бул Ыраакы Түндүктө союздук аскердик-деңиз жана аба күчтөрүнүн машыгууларын мезгил-мезгили менен өткөрүүнү болжойт. Норвегия бул иш-чараларга катышып, союздаштары менен оперативдүү шайкештикти жогорулатууга ниеттенет".
АКШ Түндүктө ордун олуттуу түрдө бекемдегенин белгилеп коюу зарыл. Норвегия мында дээрлик негизги ролду ойнойт. Өткөн жылы сентябрда норвегиялык Тромсе портуна Seawolf классындагы атомдук субмаринасынын жайгашышы кабарланган. Анын негизги вазийпасы — суу түбүндөгү россиялык кайыктардын багытына байкоо салуу.
Ал эми АКШ мурда "Түндүктө Россияны ооздуктоо үчүн" Экинчи флотту калыптандырган. Ал кезегинде Атлантика, Тынч океандын бир бөлүгү, Түндүк муз океандарындагы абалга көз салган. Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө үчүн ал флот 2011-жылы жоюлган.Кансыз согуштун дагы бир изи — россиялык чек арадан болгону 350 чакырымдык аралыкта жайгашкан жер алдындагы норвегиялык Олавсверн аскердик-деңиз базасы.
1960-жылы курулган жана үч жүз метрлик катмардуу тоо тек менен корголгон эбегейсиз бункерде НАТОнун субмариналары жана кемелери жайгашып, ремонттук док иштеп, ок-дары сакталган. Каалаган убакта батыш коалициясынын флоту советтик Аскердик-деңиз флотуна Норвегиялык деңизге жана Түндүк Атлантикага чыгуучу жолду бөгөп кое алган. 2000-жылдардын аягында база керексиз деп жабылып, бирок эми кайрадан калыптандырууну пландоодо.
Пентагон Арктикада аскердик-аба жагдайын күчтөндүрүүнү олуттуу түрдө колго алды. Өткөн жылы америкалык жана норвегиялык Аскердик-аба күчтөрүнүн масштабдуу машыгуулары өткөн.
Дароо алты B-52 Stratofortress стратегиялык бомбалоочу Түндүк уюлду айланып, Норвегиянын Аскердик-аба күчтөрүнүн истребителдери менен машыгышты. Ал эми жакында эле Пентагон кийинки айда Техастан Норвегиядагы "Эрланн" авиабазасына үндөн ыкчам төрт B-1Blancer "стратегин" жеткирери белгилүү болду.