Эми минтип үч айдан бери өлкөдөгү эң бийик кызматтардын бирин аркалап, кези келгенде кыргызча сүйлөй коюп, соцтармактагы талкууларга себеп болууда.
Мындын улам Sputnik агенттиги Новиков тууралуу кызыктуу фактыларды даярдады. Маалыматтар ачык булактардан алынды.
Артем Новиков Бишкекте туулуп-өскөн. 13-январь күнү 34 жашка толот. Балтика мамлекеттик техникалык университетин экономист-менеджер адистиги боюнча аяктаган.
Жергиликтүү ЖМКлардын бирине курган маегинде ата-энеси тууралуу айтып берген. Атасы кеме капитаны болгондуктан кыдырбаган жери калбаптыр. Бирок уулу Артем төрөлгөндөн кийин жумуш ордун которгон. Кийин көп жылдар бою Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүндө иштеп, ишкерлик кылган. Апасы гимнастика боюнча машыктыруучу.
Кичине кезинен эле эсеп-чотко кызыгып, банк системасында иштөөнү кыялданган. Математика сабагын абдан жакшы көргөн. Албетте, азыр деле ал тармактан алыс эмес, бирок банкир болуу кыялына жеткен жок.
2017-жылдын август айында экономика министри болуп дайындалган. Ошол учурда ал болгону 30 жашта эле. Новиков бул кызматты бир жылдай гана аркалады.
Ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков Новиковго бир эмес, эки жолу нааразы болгон. Биринчи жолу "ЕАЭБдин Бажы кодекси тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун даярдоодо милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн, экинчи жолу мамлекеттик инвестициялар долбоорунун бюджетин аткарууда жетишсиз иши үчүн катуу сөгүш жарыялаган.
Бала кезинен баскетболго кызыгып, ойноп жүргөнүн айтат. Бирок кийин чуркоого өткөн. Эмнегедир эртең менен чуркоону жактырбайт, андан көрө кечкисин стадиондо музыка угуп чуркаганды туура көрөт. Бирок вице-премьерликке келген акыркы үч айдан бери андай нерселерге такыр убакыт жетпей жүргөнүн айтат.
Новиков премьер-министрдин милдетин гана аткарып жаткандыктан, албетте толук кандуу өкмөт башчы деп атай албайбыз. Бирок ал эгемендүү Кыргызстандын тарыхында мынчалык бийик кызматка жете алган башка улуттагы үчүнчү гана адам. Ага чейин кыргыз өкмөтүн Николай Танаев (2002-2005-жылдары) менен Игорь Чудинов (2007-2009-жылдары) башкарган.
Эң алгачкы жолу 2011-жылы 24 жашында ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабановго кеңешчи болгон. Кийин ушул эле милдетин Жоомарт Оторбаев (2014—2015), Мухаммедкалый Абылгазиев (2020) жана Кубатбек Боронов (2020) өкмөт башында турганда аткарып келген. Мындан тышкары, 2015-2017-жылдары вице-премьерлерге жардамчы катары иштеп, министрлер менен алардын орун басарларына консультация берип турган.
Көпчүлүккө анын анча жакшы билбесе дагы айрым расмий иш-чараларда кыргызча учурашып, кээ бир кайрылууларын кыргызча сүйлөгөнү жагат. Кыргыз тилин Новиков 2018-жылы экономика министри болуп турган кезде үйрөнө баштаган. Анда министрлик өз кызматкерлерине кыргыз тилин үйрөтүү үчүн тендер жарыялап, үч ай бою Новиков баш болгон ведомство өкүлдөрү кыргызча үйрөнүшкөн.
Маектеринин биринде вице-премьер кыргыз тилин бала кезден үйрөнүү маанилүү экенин, бирок мектептерде аны окутуу ыкмасы бир аз татаал болуп жатканына токтолгон.
"Кызым 1-класстан бери кыргыз тилин окуп келе жатат. Анын сабагын карап отуруп, биздин мектептерде башка тилде сүйлөгөн балдарга кыргыз тилин үйрөтүү методун өзгөртүү керек экен деп ойлодум. Азыр үйрөтүү ыкмасы бир аз татаалыраак. Жеке өзүм тууралуу айтсам, кыргызча сүйлөп жатканда бир нерсени туура эмес айтып алуудан корком. Ошондуктан сөзүмдүн маанилүү жерлерин расмий тилде айтууга аргасызмын. Негизи күн сайын эки сааттан окуса, 3-6 айдын ичинде эркин сүйлөп калса болот", — деди Новиков.
Ошондой эле ал Кыргызстандын бардык жарандары мамлекеттик тилди билүүсү керек деп эсептейт.
Баса, Жаңы жыл алдында Новиков кыргызстандыктарды кыргыз тилинде дагы куттуктаган.
Артем Новиков жеке турмушун жарыялай берүүнү жактырбаганын мындан билсе болот, ЖМКларда анын жубайы тууралуу маалыматтар дээрлик жокко эсе. Маектери учурунда деле көп айта бербейт. Бирок жубайын коомчулук алгачкы жолу 12-декабрда, Улуттук адабият күнүнө карата, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына барганда көрдү. Көп өтпөй түгөйлөрдү Бишкектеги кафелердин биринде кечки тамакка барган жеринен сүрөткө тартып алышкан.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде 93 адам коронавирус жугузуп алса, 108 бейтап ооруну жеңип чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Илдеттен эки адам каза болуп, алар Чүй жана Ысык-Көл облусунун тургундары болгону айтылды. Ушуну менен өпкөнү сезгенткен оорудан 1 398 кыргызстандык каза болду.
Бир сутка ичинде катталган жаңы учурлар:
Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкөдө COVID-19 жугузуп алган адамдардын жалпы саны 83 796га жетти.
Айыгып чыккандар:
Ушуну менен коронавирустан сакайгандардын саны 79 772 кишини түздү.
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 689 бейтап дарыланууда. Алардын төртөө канааттандырарлык абалда, 437си орто оордукта, 220сы оор абалда, 28и өтө оор абалда жатат.
Мындан сырткары, 1006 бейтап үй шартында дарыланууда.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Быйыл санариптештирүүнүн алкагында айдоочулук күбөлүктөрдү жана автоунаалардын паспортторун электрондук түргө өткөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган долбоор пилоттук негизде адегенде Бишкек шаарында башталат.
"Пилоттук түрдө сыналуучу долбоордо унаа башкарган адамдар бет түзүлүшү аркылуу идентификацияланып, келечекте айдоочунун күбөлүгүн жана унаанын документин каттоо электрондук түргө өтүүгө мүмкүндүк берет. Электрондук документтер мобилдик тиркемелер аркылуу сунушталат", — деп айтылат маалыматта.
Өткөн жылы "Унаа" ишканасы тарабынан автонуааларга 413 миң 218 мамлекеттик номер белгилери, 250 миң 038 транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктөр берилген.
Ал эми эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алгандардын саны 189 миң 526 адамга берилген.