Сүт. Архив

Бишкек менен эки облустагы сүттүн сапаты текшерилип, курамынан антибиотик чыкты

2194
(жаңыланган 14:12 05.01.2021)
Текшерүүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин мал ээлерине жана ветеринарларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылды.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Чийки сүттөгү антибиотикке карата жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы кандай болгонун өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын мамлекеттик ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын башкы инспектору Мира Искембаева билдирди. Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.

Искембаеванын айтымында, мамлекеттик инспекция ушундай эле изилдөө жүргүзгөн жарандын арызын карап чыгып, бирок ал изилдөөгө текшерүүнү тастыктоочу протоколун тиркеген эмес.

"Чийки сүттөн 90 үлгү алынган. Ар бир үлгү өзүнчө сүт жыйноочу болуп саналат. Анын ичинен Бишкек боюнча жети жерден, Талас облусунан 20 үлгү, калганы Чүй облусунан болду. Жалпысынан пенициллин, тетрациклин, левомицетин жана стрептомицин антибиотиктерине карата 360 изилдөө жүргөн. Анын жыйынтыгында 17 үлгүдө аталган заттар бар болуп чыкты", — деди Искембаева.

Ал антибиотик чыккан 17 үлгү кайсы аймактардан экенин да ачыктады.

"Текшерүүдө оң натыйжа берген 17 үлгүнүн экөө Бишкек шаарынан катталды, Таластан да экөө, ал эми Чүй облусунан 13 үлгүдөн чыккан (анын алтоо Ысык-Ата районунан)", — деп белгиледи ал.

Искембаева үлгүлөр сүт чогулткан адамдардын ар биринен алынгандыгын, анткени аларда мал ээлеринин тизмеси бар экендигин баса белгиледи.

"Мал ээлери жана ветеринарларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Антибиотиктерди пайдалануунун алдында алар анын колдонуу жолун өздөштүрүүсү зарыл. Ветеринардык дарыканаларга да эскертүү берилди", — деди Искембаева.

Ал арада Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын мамлекеттик ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Төлөн Ырсалиев бир нече жыл мурдагы көрсөткүч мындан начар болгонун белгиледи.

Анын айтымында, инспекция бул көйгөй боюнча активдүү иш алып барып жатат.

"Азыркы учурда 17 үлгү оң натыйжаны көрсөтсө, бир канча жыл илгери бул көрсөткүч 40ка жеткен, керек болсо 60ка чыккан учурлар болгон. Антибиотиктер чыккан учурлар сээлдеп калды. Анткени бул багытта биз иш жүргүзүп жатабыз. Бирок акыркы жыйынтык кооптуу тенденцияны билдирет, биз бул заттардын сүттө таптакыр жок болушу үчүн аракет кылышыбыз керек", — деди Ырсалиев.

Ал ошондой эле бул иште инспекцияга мамлекеттин да, элдин да көмөгү зарыл экенин белгиледи.

2194
Белгилер:
изилдөө, антибиотик, Сүт, чийки зат
Тема боюнча
Организмдеги "жаман" холестеринди азайткан кошулмалар айтылды
Автоунаа айдаган киши. Архив

Бишкекте электрондук айдоочулук күбөлүктүн пилоттук долбоору ишке кирет

9
Аталган долбоор пилоттук негизде адегенде Бишкек шаарында башталат. Электрондук документтер мобилдик тиркемелер аркылуу сунушталат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Быйыл санариптештирүүнүн алкагында айдоочулук күбөлүктөрдү жана автоунаалардын паспортторун электрондук түргө өткөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган долбоор пилоттук негизде адегенде Бишкек шаарында башталат.

"Пилоттук түрдө сыналуучу долбоордо унаа башкарган адамдар бет түзүлүшү аркылуу идентификацияланып, келечекте айдоочунун күбөлүгүн жана унаанын документин каттоо электрондук түргө өтүүгө мүмкүндүк берет. Электрондук документтер мобилдик тиркемелер аркылуу сунушталат", — деп айтылат маалыматта.

Өткөн жылы "Унаа" ишканасы тарабынан автонуааларга 413 миң 218 мамлекеттик номер белгилери, 250 миң 038 транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктөр берилген.

Ал эми эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алгандардын саны 189 миң 526 адамга берилген.

9
Тема боюнча
Автоунаа номерлерин сатуудан өлкө бюджети 70 млн. сомго толукталды
"Унаа" ишканасынын кызматтары 1-январдан тарта арзандайт. Жаңы тариф
Колл-центрдин ишкери. Архив

Бишкекте мугалимдер онлайн-сабак өтпөй жатса арызданууга болот. Номерлер

22
Ушул жумадан тарта борбор калаада 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып окуй баштады. Калган класстар аралыктан билим алууну улантууда.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева мугалимдер онлайн-сабакты өтпөй жатса кабарлап коюуну өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу өтүндү.

Эске салсак, 18-январдан тарта борбор калаада 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып окуй баштады. Ошол эле учурда бул класстын айрым окуучулары шартына жараша үйдөн да билим алса болору белгиленген. Аларга мугалим өзүнчө сабак өтөт, мындан сырткары, телеканалдарда телесабактар көрсөтүлөт.

"Социалдык тармактарда айрым мугалимдер онлайн-окутууну үзгүлтүккө учуратып, сабак өтпөй жатат деген маалыматтар пайда болду. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Биз жакынкы убакытта балдардын бардыгы окууну кадимкидей тартипте улантарына ишенебиз", — деп жазган Чыныбаева.

Вице-мэр окуу процессине байланыштуу педагогдор тарабынан мыйзам бузуулар болсо 0709 24 02 84 WhatsApp номерине кабарлап коюуну өтүндү.

22
Белгилер:
кайрылуу, мугалим, окуу, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Бишкектеги мектептерге 53,5 миңден ашуун окуучу бара баштады