"Ош" аэропортундагы туман ички-тышкы каттамдарды үзгүлтүккө учуратты

© AFP / STRАэропорттогу учак. Архив
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба майдандын өкүлдөрү коопсуздук биринчи орунда болгондуктан жүргүнчүлөрдү кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырат.
БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. "Ош" аэропортун кечээтен бери коюу туман каптап турганына байланыштуу бүгүн, 5-январда, ички жана тышкы каттамдар кармалып турат. Бул тууралуу аталган аба майдандан билдиришти.
Аба ырайынын катаал шартынан улам токтоп калган рейстер:
  • Бишкек – Ош – Бишкек ("Тез Джет" авиакомпаниясынын 2 рейси);
  • Ош – Бишкек ("Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясы);
  • Москва – Ош – Москва ("Аэрофлот" авиакомпаниясы);
  • Москва – Ош – Москва ( "Урал авиалиниясынын" эки рейси).
Рейстер тууралуу маалыматтарды 0(312) 693109 же 0(3222) 90101 номерлеринен тактаса болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0