Мамкаттоонун Калкты тейлөө борбору. Архив

Мамкаттоонун калкты тейлөө борборлору майрам жана дем алыш күндөрү дагы иштейт

58
(жаңыланган 15:21 05.01.2021)
Президенттик шайлоо жана референдумдун алдында жарандардын кайрылууларынын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу ушундай чечим кабыл алынган.

БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборлору майрам жана дем алыш күндөрү дагы иштейт.

Буга чейин 7инчи жана 8-январь жумуш эмес, 9-10-январь дем алыш күндөрү экендиги маалымдалган.

"Президенттик шайлоо жана референдумдун алдында жарандардын кайрылууларынын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу, ID-паспортун даярдоого мурда арыз берген жарандар, паспортторду жасап берүү тартибине жана жаңы жумушчу календарга ылайык, 7-январдан 10-январга чейин саат 9:00дөн 20:00гө чейин даяр ID-карталарын ала алышат", - дешти Мамкаттоодон.

ID-картанын даярдыгы боюнча маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан жана "Услуги ГРС" мобилдик тиркемеси аркылуу алса болот.

58
Белгилер:
майрам, дем алыш, Мамлекеттик каттоо кызматы
Тема боюнча
Төрт күндүк эс алуу. 8-январдагы иш күнү башка датага алмаштырылды
Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеевге интервью учурунда

УКМК Аспеков Жапыкеевге каршы көрсөтмө бербегенин маалымдады

21
(жаңыланган 15:20 18.01.2021)
Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеевдин айланасындагы маалыматтарды буга чейин аталган мекеме дагы четке каккан.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Опузалап акча талап кылуу фактысы менен кармалган Мелис Аспеков Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берген эмес. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Глава ГСБЭП Сыймык Жапыкеев во время интервью у ТЭЦ Бишкека
© Фото / пресс-служба ГСБЭП
Опузалап акча талап кылуу фактысы менен кармалган Мелис Аспеков Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берген эмес

Атайын кызмат жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Буга чейин айрым ЖМКлар "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигин опузалап 250 миң доллар талап кылды деп кармалган Мелис Аспеков өз көрсөтмөсүндө 50 миң долларын Жапыкеевге бермек болгонун айтканын жазган. Ошондой эле Финполдун төрагасы жакында камалары туурасында кеп тараган.

Бул боюнча Финполдун маалымат кызматы дагы Аспековдун көрсөтмөсүндө айтылды делген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

21
Белгилер:
Мелис Аспеков, жалган маалымат, аткаминер, Сыймык Жапыкеев
Тема боюнча
Жерге жаткырып, кишен салып... Опузалап акча алды деген активисттерди кармаган видео
Аэропорттогу учак. Архив

Кыргызстан Россияга авиабилетти арзандатып, рейстерди көбөйтүүгө аракет жасайт

21
(жаңыланган 15:21 18.01.2021)
Рейстер көбүрөөк болгондо гана баалар турукташат. Бирок билет баасы пандемияга чейинки учурдагыдай болот деп кепилдик берилген жок. Себеби авиакомпаниялар көп чыгымга учураган.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга болгон авиабилеттердин баасын арзандатып, рейстерди көбөйтүүгө аракет жасайт. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин (ЖАА) директору Сталбек Шаршеев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, ЖАА чартердик рейстерди тез-тезден жөнөтүп турууну өтүнмөкчү.

Учурда Бишкек — Москва каттамы боюнча жумасына бир эле рейс бар.

"Рейстер көбүрөөк болгондо гана баалар турукташат, бирок билет баасы пандемияга чейинки учурдагыдай болот деп кепилдик бере албайбыз. Себеби авиакомпаниялар көп чыгымга учурады. Ошол эле кезде билеттер азыркыдай кымбат болбойт", — деди Шаршеев.

Ошондой эле ал кыргызстандыктарга кайрылып, Россияга жумушка орношуу үчүн чакыруунун негизинде барууга болорун эскертти. Мындан сырткары, жарандын квалификациялык сертификаты болушу керек. Шаршеев жумуш таап берген агенттиктерге ишенбөөгө үндөп, мындай жол менен барган учурда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Москвага болгон авиабилеттер кескин кымбаттап кетти. Мисалы, жакынкы рейстердин билет баасы 40 миңден 50 миң сомго чейин жетет.

21
Белгилер:
авиабилет, авиакомпания, Кыргызстан, Москва, Россия
Тема боюнча
Баалар үч эсе өстү! Кыргызстандан учкандагы билеттин кымбаттыгы туурасында