Ак үйдүн имаратынын айланасына орнотулган бетон тосмолор алынды

Ак үйдүн тосмосу алынган жер тазаланууда. Сүрөт

226
(жаңыланган 17:38 05.01.2021)
Ноябрь айынын башында "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан имаратты курчап турган темир тосмолор алынган.

БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Ак үйдүн имаратынын айланасына орнотулган бетон тосмолор алынган жерди "Бишкек асфальт сервис" ишканасы тазалап, сүрөтүн Facebook баракчасына жүктөдү. 

Сүрөттөрдөн атайын таш чаккан техника бетон тосмолорду бузуп жатканын көрүүгө болот.

Ноябрь айынын башында Бишкек мэриясына караштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан Ак үй имаратын курчап турган темир тосмолор алынган.

226
Белгилер:
тарых, сервис, асфальт, Бишкек, Ак үй, тосмо
Тема боюнча
Тосмосу алынган Ак үйдүн жанына жол чырак орнотулду. Сүрөттөр
Көгүчкөн. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

11
27-январга караган түнү өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Шаршембиде күндүз республика аймагында күн ачык болору айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда -2…+3, Талас жергесинде -3…+2, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Ысык-Көлдө -1…+4, Нарын өрөөнүндө -5…-10 градусту көрсөтөт.

Күндүн табы Бишкекте +1…+3, Ош шаарында +6…+8 градус болот.

11
Белгилер:
Кыргызстан, январь, аба ырайы
Тема боюнча
Күн жылый баштайт. Бир жумага карата аба ырайы
Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев. Архив

Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы кайра кармалды

62
(жаңыланган 20:38 26.01.2021)
Финпол аткаминерди Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы тарабынан жасалып келген коррупциялык схемага тиешеси бар деген шек менен 7-январда кармаган.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев кайрадан кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы маалымат булак билдирди.

Финпол аткаминерди Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы тарабынан жасалып келген коррупциялык схемага тиешеси бар деген шек менен 7-январда кармаган.

ИИМдин мурдагы жетекчиси Курсан Асанов
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
9-январда ал өз ыктыяры менен мамлекетке келтирген чыгымдын бир бөлүгүн, 2,5 миллион сомун кайтарган. Ошол эле күнү ага Бишкектин Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, үй камагына чыгарылган.

Бирок аны бүгүн, 26-январда, Бишкек шаардык сотунун чечими менен кайрадан УКМКнын СИЗОсуна киргизишкени белгилүү болду. Бирок себептери аталган жок.

62
Белгилер:
Эрмек Мамыркалиев, коррупция, абак, соттук чечим
Тема боюнча
Элчи Удовиченко россиялык ишкердин чуулуу бизнеси боюнча окуяга көңүл бурду
Коррупцияга айыпталган мурдагы жетекчи 11 млн. сом төлөп үй камагына чыкты