Тез жардам кызматы. Архив

Шайлоо күнү Тез жардам кызматы күчөтүлгөн тартипте иштейт

68
(жаңыланган 19:22 05.01.2021)
Бишкектеги төрт райондун жетекчилерине шайлоо күнү санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилген.

БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Бишкек шаардык мэриясында 10-январь күнү өтө турган президенттик шайлоого даярдыктар талкууланып, шаардык жана аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Жыйында Бишкектеги төрт райондун акимдери маалымат берип, шаардагы бардык шайлоо участкаларында техникалык маселелер чечилгенин айтышты. "Түндүк электр" ишканасы бүгүндөн баштап генераторлорду туташтырууну баштаган.

Шаар бийлиги тарабынан район жетекчилерине санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн шайлоо участкаларын дезинфекцияланган килемдер, термометрлер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо тапшырмалары берилген.

"Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, шайлоо участкаларында 729 медицина кызматкери нөөмөткө турушат, бардык дарыгерлер жеке коргоочу кийимдер менен камсыздалып, дары-дармектер берилген. Шайлоо күнү Тез жардам кызматы күчөтүлгөн тартипте, ал эми коомдук унаалар штаттык режимде иштейт", – деп жазылат маалыматта.

Коомдук коопсуздукту Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлгө алат.

68
Белгилер:
Бишкек мэриясы, жыйын, даярдык, Президенттик фонд
Тема боюнча
Президенттикке талапкерлер 105 млн. сом коротушту. Тизме
Президенттик шайлоону чагылдыруу үчүн 92 чет элдик журналист уруксат алды
Депутат Айгерим Бешимбаева. Архив

Депутат Бешимбаева: аралыктан окуган студентке жеңилдик берүү мыйзамда каралган

3
(жаңыланган 12:00 21.01.2021)
Эл өкүлү "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 30-беренесинин 6-абзацында жазылып турган норманы айтып берди.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Аралыктан окуган студенттер окуу акысын арзандатуу талабын коюуга укуктуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айгерим Бешимбаева билдирди.

Эл өкүлү мындай норма "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 30-беренесинин 6-абзацында жазылып турганын айтты.

Анда "Жогорку кесиптик билим берүүнүн алкагында сырттан окуу формасын, дистанциялык билим берүү технологияларын пайдаланган билим берүү уюмдарында окугандар Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү кошумча жеңилдиктерди алууга укуктуу" деп жазылган.

"Өкмөттүн өкүлү, сиздерден ушул беренеге ылайык студенттерге жардам көрсөтүүнү суранам. Азыр 3000 студент окуу акысын арзандатуу боюнча талап кылып жатат. Анткени карантин учурунда көп ата-энелер жумушсуз калышкан. Студенттер өздөрү иштей алган жок. Көбү коомдук тамактануу жайларында иштешкен", — деди Бешимбаева.

Белгилей кетсек, көпчүлүк студенттер окуу акысын төмөндөтүү талабын коюп келишет. Бирок Билим берүү жана илим министрлиги окуу процесси аралыктан жүргөнү менен ЖОЖдордо чыгымдар азайбаганын жүйө келтирип, жеңилдик берүүдөн баш тартууда.

3
Белгилер:
арзандатуу, жеңилдик, Айгерим Бешимбаева, окуу, студент
Тема боюнча
Сурабалдиева кадимки режимде окууга өтүп жаткан студент, окуучуларга кайрылды
Министрлик: ЖОЖдордо кадимки тартипте окуу процесси февралда башталат
Министрлик: быйыл ЖОЖдордо экзамендер онлайн, аттестация салттуу режимде өтөт
Жаңы курулган үйдү көрүп аткан үй бүлө. Архивдик сүрөт

Үй-жайы бар кыргызстандыктар деле 20 жылга жеңилдетилген ипотека ала алышат

13
(жаңыланган 11:50 21.01.2021)
МИКтин туунду ишканасында "турак жайы таптакыр жок, Кыргызстандын аймагында жашап, иштеген жарандар гана кайрыла алат" деген чектөөлөр жок экени айтылды.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Турак жайы бар кыргызстандыктар деле жеңилдетилген ипотека ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде билдирди.

Жетекчи МИКтин туунду ишканасы болгон "Ак-Босого" турак жай-сактоо компаниясы тууралуу маалымат берди. Анын алкагында жарандар турак жай алуу же үйдү оңдоп-түзөө үчүн каражат ала алышат.

"МИКке турак жайы таптакыр жок, Кыргызстандын аймагында жашап, иштеген жарандар гана кайрыла алат" деген нерсе көпчүлүк жаранды чектеп коюуда. Туунду ишканада мындай чектөөлөр жок. Бир нече үйү бар адам деле акча чогултуп, жеңилдетилген насыя алса болот", — деди Абжапарова.

Анын айтымында, туунду компаниянын шарттары төмөнкүдөй:

  • жаранга баштапкы төгүмүн чогултуу үчүн үч жылдан 10 жылга чейин убакыт берилет;
  • насыя 20 жылга чейин берилип, мөөнөтү турак жайдын баасынын жарымы чогулгандан тарта эсептелинет.
"Мисалы, сиздин балаңыз бар дейли. Ага кийин үй алам деген пландарыңыз болсо, аталган туунду компанияга келиңиз. Ал жерден келишим түзүп, ай сайын жылдык үч пайыз менен депозиттик эсебиңизге акча сала бересиз. Зарыл болгон сумманын жарымын чогулткандан кийин сизге узак мөөнөткө жеңилдетилген насыя берилет. Эгер үч жыл топтосоңуз, анда насыяны алты жылга аласыз. Эгер беш жыл акча чогултсаңыз, анда насыяны 10 жылга аласыз. Насыя алтыдан тогуз пайызга чейинки ченем менен берилет", — деди ал.

Абжапарова азырынча жарандардын депозити кабыл алынып, насыялоо үч жылдан кийин баштала турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бул структура жеке менчик компаниялардан мамлекеттики болгону менен айырмаланат. Анткени ал Улуттук банктын көзөмөлүндө болуп, ал эми депозиттер агенттик тарабынан корголот.

Аталган компания былтыр катталып, бирок лицензияны жакында эле алган. Эми келишим түзүп, депозиттерди кабыл ала баштады. Азырынча бул кызмат Бишкек шаарынын тургундары үчүн жеткиликтүү экени айтылды.

13
Белгилер:
насыя, Мамлекеттик ипотекалык компания, Элмира Абжапарова, Кыргызстан
Тема боюнча
Ошто муниципалдык ипотека аркылуу берилчү үчүнчү үй курула баштады
Байгончоков: мамлекеттик ипотекалык насыялардын үстөк пайызы төмөндөтүлдү
Бийлик 2019-жылы ипотека алган жарандардын пайыздык ченин төмөндөтөт
АКШнын президенти Жо Байден кол коюу убагында

АКШ кайрадан ДССУга кошулду. Байден Трамптын бир нече жарлыгын жокко чыгарды

0
(жаңыланган 11:59 21.01.2021)
Сөз болчу долбоорлордун бирине АКШнын үч президентинин "колу" тийген. Мисалы, Барак Обама түтүктүн курулушун токтотуп койсо, Трамп ага уруксат берген. Байден ага кайрадан тыюу салды.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Жо Байден кызматка киришери менен экс-президент Дональд Трамптын бир катар жарлыктарын жокко чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Алгач президент АКШны кайрадан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна мүчө кылып киргизди. Эске салсак, 2020-жылдын апрель айында Американын ал кездеги лидери Трамп ДССУну Кытайга өтө эле көңүл бурарын, болбосо уюм АКШ бөлгөн акчанын көпчүлүк үлүшүн аларын айтып чыккан. Июль айынан баштап Кошмо Штаттар уюмдан чыгуу процессин баштаган.

Мындан тышкары, өлкө мурдагы президент чыгып кетүүнү чечкен Климат боюнча Париж келишимине кайрадан кошулду.

Мексика менен чектешкен жерге дубал куруу токтотулду. Трамптын администрациясы АКШнын аймагына мыйзамсыз киргендердин агымын азайтуу үчүн Мексика менен чектешкен аймактын бир топ бөлүгүнө дубал орнотуп койгон. Негизи 800 чакырымга созулган дубал куруу пландалса, январь айынын башында анын 727 чакырымы тургузулуп бүткөн.

Ошол эле миграцияга байланыштуу дагы бир жарлык чыкты. Анда Байден Мьянма, Иран, Кыргызстан, Ливия, Судан сыяктуу 13 мамлекеттин жарандарына АКШга кирүүгө чектөөлөрдү алып салды. Эске салсак, 2017-жылы АКШга биометрикалык паспорт колдонбогон өлкөлөрдүн жарандары киргизилбей тургандыгы тууралуу жарлыкка мурдагы президент Дональд Трамп кол койгон. Анда Кыргызстан тез арада биометрикалык паспортторду жайылтышы керектиги айтылган.

АКШнын жаңы башчысы кол койгон документтердин бири Америка менен Канаданын чек ара аймагына курулуп жаткан Keystone XL нефть түтүгүнө тиешелүү. Түтүк Канаданын нефть өндүргөн Альберт провинциясынан башталып, Мексика булуңундагы кайра иштетүүчү заводдорго чейин бармак. Күнүнө 800 миң баррель өткөргөн түтүктөрдүн курулушун 2015-жылы ал кездеги президент Барак Обама Американын улуттук кызыкчылыгына туура келбейт деп токтотуп койгон. Кийин долбоорду Трамптын администрациясы кайра баштап берген эле.

0
Белгилер:
Жо Байден, Дональд Трамп, АКШ
Тема боюнча
Байден бүгүн АКШга кирүү боюнча кыргызстандыктарга коюлган чектөөнү алып салат
Тарыхта биринчи ирет… Байден өз командасына трансгендерди алмай болду