Калк бийликтин буйругун так аткарышы керек. Экологиялык өзгөчө кырдаал деген эмне

Жазылуу
Коронавирус, экономиканын солгундашы сыяктуу сыноолор аз келгенсип, Бишкекти каптаган ыш дагы түйшүк жаратып жатат. Азыр бул тууралуу эл аралык деңгээлде талкууланып, экологиялык өзгөчө кырдаал киргизүү сунушу айтыла баштады.
Эмнегедир быйыл Бишкек менен анын тегерегин кара түтүн болуп көрбөгөндөй каптады. Атургай дүйнө жүзүндөгү абасы кир шаарлардын рейтингин аныктап турган iqair.com сайты биринчи орунга чыкканыбызды маалымдады. Ал эми 5-январь саат 15:30да экинчи орунга түшүп, ушул эле күнү кечке жуук кайра биринчи орунга чыктык.
Андан дагы кызыгы Бишкекти каптаган ыш Германиядагы эл аралык Deutsche Welle телерадиокомпаниясынын репортажындагы башкы тема болду. 28-декабрда эфирге чыккан репортажда Кыргызстандын баш калаасындагы кооптуу ыштан улам экологиялык өзгөчө кырдаал режимин киргизүү сунушталды.
Бул демилгеге Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жооп кайтарып, абалдан чыгуунун эки гана жолун көрүп турганын айтты.
"Ыштын биринчи себеби — ТЭЦ. Экинчи себеби — Кара-Кеченин көмүрүн жагып жаткан конуштар. Учурдагы кырдаалга реалдуу карайлы, мен азыр ышты кантип токтотом? Өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштап жатышат. Бирок мен ТЭЦтин ишин токтотуп, конуштун жашоочуларына Кара-Кеченин көмүрүн жагууга тыюу сала албайм да. Тоңуп калышпайбы", — деди Түлөбаев.

Экологиялык өзгөчө кырдаал режими кандай болот?

Аба тазалагыч аба чыпкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адамдын өпкөсү болушу мүмкүн эле. Бишкек тургуну аба тазалагычтын сүрөтүн көрсөттү

Экологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал режими Кыргызстанда кантип ишке ашарын билүү үчүн "КРдеги өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" өкмөттүн токтомуна баш бактык.

Документте айтылгандай, Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар режими жабыркагандардын, жашоо тиричилиги бузулган калктын саны жана экономикалык зыяндын өлчөмү боюнча алты даражага (объектилик, жергиликтүү, райондук, облустук (Бишкек жана Ош шаарлары дагы кирет), республикалык жана транс чек аралык) бөлүнөт.
© Sputnik / Акылбек БатырбековБыйл Бишкек менен анын тегерегин кара түтүн болуп көрбөгөндөй каптады
Проблема с загрязнением воздуха в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Быйл Бишкек менен анын тегерегин кара түтүн болуп көрбөгөндөй каптады
Биз сөз кылып жаткан ыш боюнча документте так айтылган эмес. Бирок "кайсы бир категорияга жок дегенде бир критерийи менен дал келсе, ошого кошулат" деп жазылган. Андыктан токтомдун "Атмосферанын курамынын жана касиетинин өзгөрүшү" деген бөлүккө токтолдук.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепетин ким жоёт?

Өзгөчө кырдаал кайсы аймакта болсо ошол район, облус же шаардын жетекчилиги жоопкерчиликти, башкарууну колго алып, иш алып барат. Дал ошол жетекчи өзгөчө кырдаалдын зонасынын чектери, авариялык-куткаруу жумуштарын жүргүзүү, ошондой эле зарыл болгон учурда калкты коопсуз аймактарга эвакуациялоо чечимин кабыл алат.
Ал чечимди (мыйзамга каршы келбеген учурда) өзгөчө кырдаал зонасында жүргөн бардык жарандар жана уюмдар аткарууга милдеттүү.
Экологиялык өзгөчө кырдаалда аткарылчу башка жумуштар абалга жараша тиешелүү органдардын биргелешкен чечими менен кабыл алынат.

Адис эмне дейт

Экологиялык өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнүн канчалык зарылдыгы бар экенин билүү үчүн эколог Калия Молдогазиеванын пикирин уктук.
Ал абанын өтө булганып кеткенин айтып, бул сунушту колдой турганын билдирди. Мындан тышкары, өзгөчө режим учурунда кандай чектөөлөр болушу керектигин айтып берди.
"Өкмөт кырдаалга жараша чектөөлөрдү белгилеши керек. Мисалы, жарандардын сыртка көп чыгуусуна тыюу салынышы зарыл. Автоунаалар каалагандай каттабай, ишканалардын иштөө режимине дагы өзгөртүүлөр киргизилет. Ал эми абага зыяндуу заттарды чыгарып жаткан мекемелерге катуу чара көрүлүшү керек", — деди адис.
Ошондой эле Молдогазиева азыркыдай абалга түтүндүн көбөйүшү эмес, башка себептер болушу мүмкүн экенине токтолду.
Сууктан улам Бишкектин абасы кооптуу боло баштады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Сууктан улам Бишкектин абасы кооптуу боло баштады. Видео
"Мурда деле ушундай от жагылып, автоунаалар каттачу. Быйыл эле көбөйүп кеткен жок да. Менимче, буга климаттагы глобалдык өзгөрүү себеп болушу мүмкүн, бул жагын изилдеп көрүү керек", — дейт адис.
Мындан тышкары, эколог Бишкекте шамал өтүп, шаарды желдетип турчу коридорлорго көп кабаттуу үйлөр курулуп калып, ыш тарап кете албай, бир жерге топтолуп турушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Сөзүнүн аягында адис ыш бир гана адамдарга эмес, өсүмдүктөргө, жан-жаныбарларга жана жер кыртышына кесепетин тийгизип жатканын айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0