Акча каражаттары. Архив

Узаган жылы пенсия менен жөлөк пулга канча каражат жумшалган. Статистика

124
Декабрь айында кыргызстандыктарга берилген пенсия менен жөлөк пулдун суммасы 4 миллиард 200,6 миллион сомду түзгөн.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 2020-жылы пенсия жана жөлөк пулга 47 миллиард 857 миллион 600 миң сом сарпталды. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалымат кызматы билдирди.

Жыл аягы декабрь айында кыргызстандыктарга берилген пенсия жана жөлөк пулдун суммасы 4 миллиард 200,6 миллион сомду түзгөн.

Социалдык төлөмдөрдүн аймактарга бөлүштүрүлүшү:

  • Бишкек шаары — 7 миллиард 833,7 миллион сом;
  • Чүй облусу — 7 миллиард 376,1 миллион сом;
  • Нарын облусу — 3 миллиард 837 миллион сом;
  • Ысык-Көл облусу — 4 миллиард 347,7 миллион сом;
  • Талас облусу — 1 миллиард 979 миллион сом;
  • Ош шаары — 1 миллиард 720,8 миллион сом;
  • Ош облусу — 8 миллиард 792,1 миллион сом;
  • Баткен облусу — 3 миллиард 825,5 миллион сом;
  • Жалал-Абад облусу — 8 миллиард 145,8 миллион сом.
124
Белгилер:
жөлөк пул, пенсия, каражат, Социалдык фонд
Тема боюнча
Пенсия убагында төлөнөт! Соцфонд кооптонууга негиз жок экенин айтты
Соцфонд кайсы мамлекеттерде иштеген мигранттар пенсия ала аларын айтты
Россия Кыргызстанга кайтарымсыз 20 млн. доллар берет
Эшик ачып жаткан адам. Архив

Бишкекте батирге уурулукка киргендер бөлмөдөгү камерага түшүп калган

26
(жаңыланган 16:11 18.01.2021)
Кылмышка шектелип 39 жаштагы эки киши кармалды. Алар №1 тергөө абагына киргизилип, уурдалган буюмдардын баасы такталып жатат.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкекте батирге уурулукка киргендердин кылыгы бөлмөнүн ичине орнотулган камерага түшүп калган. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милиция камерага тартылган видеону жарыялады. Кадрдан үйдөгү буюмдарды сыртка ташып бараткан адамдарды көрүүгө болот.

ИИБден билдиришкендей, 9-январь күнү кыргызстандык жаран арыз менен кайрылган. Ал 8-январь күнү саат 19:40та белгисиз адамдар анын Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги батирин ачып киргенин айткан.

Тергөөнүн жүрүшүндө эки шектүү кармалды. Экөө тең 39 жашта. Алар Ленин райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына киргизилди. Уурдалган баалуу буюмдардын баасы такталып жатат.

26
Белгилер:
тоноо, батир, Бишкек
Тема боюнча
Нарында курамында алтын бар деген таштарды ташып бараткандар кармалды. Сүрөт
Министрлик маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун ырчылар Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев менен жолугушу

Кайрат Примбердиев "КР эмгек сиңирген артисти" наамын сактап калды

101
(жаңыланган 16:06 18.01.2021)
Примбердиев кесиптеши Курал Чокоевдин чуу чыгарган шоусуна катышып, бир топ сынга кабылган. Мындан улам аны "КР эмгек сиңирген артисти" наамынан ажыратуу боюнча сунуш болгон.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Ырчы Кайрат Примбердиевден "КР эмгек сиңирген артисти" наамы алынган жок. Бул тууралуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маалыматына таянып президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Жазык кодексинин 64-беренесине ылайык, адамдан мамлекет тарабынан берилген жогорку сыйлыктар ал кызмат абалынан пайдаланып оор жана өтө оор кылмыш кылганда гана кайтарып алынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле мындай жооп Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жөнөтүлгөнү кошумчаланды.

Көп өтпөй министрлик маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун ырчылар Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев менен жолукканын кабарлады. Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, мындан ары пайдалуу демилгелерди биргеликте аткаруу боюнча макулдашуулар болгону кошумчаланды.

Министр культуры, информации и туризма Нуржигит Кадырбеков встретился с певцами Куралом Чокоевым и Кайратом Примбердиевым. 18 января 2021 года
© Фото / Пресс служба МКИТ КР
Көп өтпөй министрлик маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун ырчылар Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев менен жолукканын кабарлады

Эске салсак, буга чейин Курал Чокоевдин чет элдик көрсөтүүлөрдү туураган долбоору чыгып, аны интернет колдонуучулар катуу сынга алышкан. Ырчы Кайрат Примбердиев жана Кайрат Кыргыз катышкан бул долбоордо коомго жат, адепсиз сөздөр айтылат.

Маданият министрлиги 2011-жылы Чокоевге ыйгарылган "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин кайтарып алган. Ал эми Примбердиевдин "КР эмгек сиңирген артисти" наамынан ажыратуу боюнча президенттин аппаратына сунуш жөнөткөн.

101
Белгилер:
чечим, сыйлык, Кайрат Примбердиев
Тема боюнча
Керек болсо төш белгини алып барып берем. Курал Чокоевдин жообу видеодо