БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. ИИМ октябрдагы парламенттик шайлоодогудай башаламандыкты болтурбоого болгон аракетин жумшайт. Бул тууралуу министрликтин шайлоо алдындагы маалымат жыйынында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.
Журналист ИИМ башчысынын орун басарынан бул жолку шайлоодо "качып кеткен министрдикиндей (Кашкар Жунушалиев — ред.) окуялар кайталанбайбы?" деп сураган.
"Жок, андай болбойт", — деди Урмамбетов.
Ошол эле учурда ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сеитов "сиздер менен кошо көрө жатарбыз" деп жооп берген.
Учурда өлкөдөгү абалды дестабилдештирүү аракетин көргөн саясий топтор аныкталып, териштирүү иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев соттун чечими менен үй камагына чыкты. Маалыматты Ош облустук сотунун маалымат катчысы Назгүл Исманова тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, шаардык сот 16-январда Саркарбаевдин бөгөт чарасын үй камагына өзгөрткөн. Чечимдин негизинде ага соттун уруксатысыз Ош шаарынан башка аймакка чыгууга тыюу салынды, ошондой эле кечки 22:00дөн таңкы 6:00гө чейин үйүндө болушу шарт.
Ушул эле шаардык сот 21-декабрда Саркарбаевдин баш коргоо чарасын тандап, эки айга тергөө абагына киргизген.
УКМКнын маалыматына караганда, ал "Дженго" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов менен жакын мамиледе болгон.
Бул окуяга байланыштуу ал Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси кызматынан бошотулган.
Саркарбаев жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен катышканы маалым.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 90 кишиден коронавирус табылды. Ошол эле маалда 145 бейтап ооруну жеңген. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө 83 268ге жетти.
Айыккандар:
Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус үч адамдын өмүрүн алган. Анын экөө Бишкектен, бири Ошто болчу.
Азыркы учурда 742 адам стационарларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 220сынын абалы оор болсо, 37 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Өткөн суткада бир да медиктен коронавирус аныкталган эмес.