Бишкек башкы архитектура муниципалдык ишканасынын жаңы жетекчиси Марат Жороев. Архив

"Бишкек башкы архитектурага" жаңы жетекчи келди

69
(жаңыланган 14:03 06.01.2021)
Аталган ишкананын мурдагы жетекчиси жакында эле жемкорлукка шектелип УКМК тарабынан кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасына жетекчи болуп Марат Жороев дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгонун муниципалитеттен кабарлашты.

Кол койуп жаткан аткаминер. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Марат Жороев буга чейин "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.

Түлөбаевдин дагы бир буйругу менен жемкорлукка айыпталып кармалган аталган кызматтын мурдагы жетекчиси Асхат Түлөбердиев иштен алынган.

Ал 24-декабрь күнү УКМК тарабынан кармалып, 28-ноябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан болчу.

69
Белгилер:
бошотуу, дайындоо, жетекчи, Бишкекбашкыархитектура
Тема боюнча
Спортчу Дастан Шаршеев "Газпром" спорт комплексинин жетекчи орун басары болду
Москванын көчөлөрүнүн биринде беткапчан бара жаткан адамдар. Архивдик сүрөт

РФте жүргөн мигранттар 15-мартка чейин документтерин иретке келтириши керек

22
(жаңыланган 18:29 20.01.2021)
Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары коюлган талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россияда иштеп жүргөн жарандары ушул жылдын 15-мартына чейин документтерге байланыштуу иштерин бүтүрүп алышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Россия президенти "COVID-19 инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чараларды узартуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документтеги талаптарга ылайык, төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:

  • ID-card же жалпы жарандык паспортту жарактуу мөөнөтү бүткөн соң өз убагында алмаштыруу;
  • Россиянын аймагында жүрүү үчүн документтерин (убактылуу жашоого уруксат, мөөнөтү бүткөндүгү тууралуу белгиси менен миграциялык карта, каттоосу) Россиянын мыйзамдарына ылайык калыбына келтирүү;
  • зарыл болгон учурда жумуш берүүчүлөр менен эмгек келишимдерин жана контрактыларын узартуу;
  • административдик укуктарды бузгандыгы үчүн салынган айыптарын жоюу;
  • Россиянын аймагынан өз эрки менен чыгып кетүү (эгер мурда өлкөдөн чыгаруу боюнча чечим кабыл алынган болсо).

Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары жогорудагы талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.

22
Белгилер:
документ, мыйзам, талап, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга кезектеги гумжардамын жөнөттү
Путин мигранттарды курулушка жумушка алуу тартибин жеңилдетүүнү тапшырды
Россиянын курулуш компаниялары мигранттарга муктаж болууда
Кыргызстан менен Россиянын желектери. Архивдик сүрөт

Россия Кыргызстанга кезектеги гумжардамын жөнөттү

25
(жаңыланган 18:06 20.01.2021)
Аталган гумжардам Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментине бериле турганы айтылды.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүү үчүн Россия Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардамын жөнөттү. Бул тууралуу РФтин КРдеги элчилигинен кабарлашты.

Ага ылайык, Роспотребнадзор COVID-19ду лабораториялык диагностика кылуучу 20 000 реагентин алып, ошол эле күнү жүк Кыргызстанга жиберилген.

Аталган гумжардам Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментине бериле турганы айтылды.

Кыргызстан Россияга көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

25
Белгилер:
коронавирус, реагент, гуманитардык жардам, Россия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга 200 миң ПЦР-тест система берди
Главный судья Нестор Питана в финальном матче чемпионата мира по футболу между сборными Франции и Хорватии.

Кыргызстандан үч калыс ФИФАнын абройлуу тизмесине алынды

0
(жаңыланган 18:41 20.01.2021)
Дүйнөлүк уюмда Кыргызстандан жалпысынан 17 калыс бар. Алардын алтоосу футбол калысы, сегизи жардамчы (каптал калысы) жана үч калыс футзалдан.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын үч калысы Дүйнөлүк футбол федерациясынын (ФИФА) 2021-жылдагы тизмесине киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн футболдук союзунан кабарлашты.

Ата мекендик футбол адистери Медербек Тайчиев, Зайниддин Алимов жана Нурзат Аскат уулу алгачкы ирет аталган тизмеге алынган. Дүйнөлүк уюмда Кыргызстандан жалпысынан 17 калыс бар. Алардан алтоосу футбол калысы, сегизи жардамчы (каптал калысы) жана үч калыс футзалдан.

Белгилей кетсек, Дайырбек Абдылдаев, Нурзат Аскат уулу, Денис Шалаев, Медербек Тайчиев, Зайниддин Алимов жана Вероника Бернацкая ФИФА тизмесиндеги реферилер. Аталган тизме авторитеттүү болуп саналат.

Сергей Грищенко, Исмаил Талипжанов, Замир Чыныбеков, Элдияр Салыбаев, Рамина Цой, Артем Скопинцев, Хусан Джалалдинов, Канат Мырсабеков реферинин жардамчысы болуп саналат.

Ал эми Нурдин Букуев, Чыңгыз Мустафаев жана Элдияр Келдибеков ФИФАнын футзал калыстарынын катарында.

0
Белгилер:
тизме, ФИФА, калыс, футзал, футбол
Тема боюнча
Азия кубогунда алгачкы голду киргизген футболчу "Алай" клубуна алынды
Кыргызстандык Токабаев АФКнын чемпиондор лигасынын финалына комиссар болду. Сүрөт