Ыштан улам асмандан көрүнбөй калган Бишкек. Архивдик сүрөт

Өкмөт ыш менен күрөшүү үчүн план бекитти. 2021-жылы аткарыла турган иштер

241
(жаңыланган 18:00 06.01.2021)
2021-2023-жылдарга карата бекитилген иш-чаралар Бишкек шаарында жана Сокулук, Аламүдүн райондорунда ишке ашырылат.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Бишкек шаары менен Чүй облусундагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү чаралардын планын бекитти.

Ага ылайык, 2021-2023-жылдарга карата бекитилген иш-чаралар Бишкек шаарында жана Сокулук, Аламүдүн райондорунда ишке ашырылат.

2021-жылга коюлган пландар:

  • Туруктуу энергия менен камсыз кылуу маселеси боюнча Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (KyrSEFF) менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү (1-кварталда);
  • Турак үйлөрдү жаратылыш газына туташтыруу жана тиешелүү жабдууну бөлүп төлөө жолу менен орнотуу боюнча финансы-кредит мекемелери менен ишти улантуу;
  • Көмүрдүн сапатын текшерген лаборатория түзүү;
  • Көмүрдүн сапаты боюнча нормативдерди бекитүү;
  • Газ менен жүргөн автоунааларды көбөйтүү;
  • Жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү боюнча маселени иштеп чыгуу, анын ичинде Бишкек ЖЭБ үчүн дагы;
  • Күзгү-кышкы сезонго карата Бишкек ЖЭБди жаратылыш газына өткөрүү;
  • ЕАЭБдин алкагында үчүнчү мамлекеттерден кирген электромобилдер менен гибриддик унаалар үчүн бажы алымын жокко чыгаруу же арзандатуу маселесин иштеп чыгуу;
  • Жеке тараптар жаңы жана электркыймылдаткычтуу унаа сатып ала турган болсо аларга льготалык негиздеги лизингдерди берүү маселесин кароо;
  • Автотранспорттордун катализаторун сатып алууга жана сатууга тыюу салуу;
  • Кыргызстанга кирген катализатору жок унааларды каттоого тыюу салуу;
  • Бишкектеги абасы өтө кир жерлерди картага түшүрүү;
  • Бишкек шаарынын, Сокулук жана Аламүдүн райондорунун калкына экологиялык факторлордун тийгизген таасирин анализдөө;
  • Бишкектеги ышты пайда кылган негизги булактарды аныктоо, абанын абалын изилдөө.

Документ менен өкмөттүн сайтынан толук таанышсаңыздар болот. Анда 2023-жылга чейинки пландар камтылган.  

241
Белгилер:
өкмөт, план, экология, Кыргызстан
Тема боюнча
Калк бийликтин буйругун так аткарышы керек. Экологиялык өзгөчө кырдаал деген эмне
Аткаминер иш учурунда. Архив

Калктын кыргыз бийлигине ишеними азайып кетти. Статкомдун изилдөөсү

2
(жаңыланган 19:04 20.01.2021)
Сурамжылоонун жыйынтыгында аткаруу бийлигине элдин ишеними 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 баллга төмөндөгөн.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгында калктын ишеним индекси кыргыз бийлигине былтыркыга салыштырмалуу төмөндөп кетти. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.

Изилдөө декабрь айында жүргүзүлүп, 18 жаштан 75 жашка чейинки Кыргызстандын 3600 жараны сурамжылоого алынган.

Натыйжада аткаруу бийлигинин, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын, өкмөттүн облустагы өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине калктын ишеним индекси 25 баллды түзгөн. Муну менен 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 баллга төмөндөгөн.

  • Ишеним индекси жана төмөндөшү;
  • Облустук, райондук маанидеги шаарлар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары — 47,8 ( -2,3) балл;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги — 44,6 (-1,1);
  • Жергиликтүү мамлекеттик администрация — 44,2 (-47,6);
  • Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү — 47,2 (-3,5);
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары — 40,4 (+0,1);
  • Экономика министрлиги — 15,1 (-5,5)
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду — 14,2 (-2,5)
  • Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматы — 13,3;
  • Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы — 10,3 (-1,3);
  • Мамлекеттик бажы кызматы — 3,6 (-1,5)
2
Белгилер:
Улуттук статистика комитети, ишеним, бийлик, кыргыз
Тема боюнча
Статком: Баткен, Жалал-Абад жана Нарындын эли жакыр жашайт
Кыргызстандын ИДПсы 598 млрд. сомду түзүп, экономика 9%га төмөндөдү
Москванын көчөлөрүнүн биринде беткапчан бара жаткан адамдар. Архивдик сүрөт

РФте жүргөн мигранттар 15-мартка чейин документтерин иретке келтириши керек

32
(жаңыланган 18:29 20.01.2021)
Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары коюлган талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россияда иштеп жүргөн жарандары ушул жылдын 15-мартына чейин документтерге байланыштуу иштерин бүтүрүп алышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Россия президенти "COVID-19 инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чараларды узартуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документтеги талаптарга ылайык, төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:

  • ID-card же жалпы жарандык паспортту жарактуу мөөнөтү бүткөн соң өз убагында алмаштыруу;
  • Россиянын аймагында жүрүү үчүн документтерин (убактылуу жашоого уруксат, мөөнөтү бүткөндүгү тууралуу белгиси менен миграциялык карта, каттоосу) Россиянын мыйзамдарына ылайык калыбына келтирүү;
  • зарыл болгон учурда жумуш берүүчүлөр менен эмгек келишимдерин жана контрактыларын узартуу;
  • административдик укуктарды бузгандыгы үчүн салынган айыптарын жоюу;
  • Россиянын аймагынан өз эрки менен чыгып кетүү (эгер мурда өлкөдөн чыгаруу боюнча чечим кабыл алынган болсо).

Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары жогорудагы талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.

32
Белгилер:
документ, мыйзам, талап, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга кезектеги гумжардамын жөнөттү
Путин мигранттарды курулушка жумушка алуу тартибин жеңилдетүүнү тапшырды
Россиянын курулуш компаниялары мигранттарга муктаж болууда