Шайлоого даярдануу иштери. Архивдик сүрөт

УКМК шайлоодогу киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча БШКга кол кабыш кылат

54
(жаңыланган 18:30 06.01.2021)
БШК бүгүн автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды маалыматты берүү боюнча тестирлөөдөн өткөрүп, техника 95 пайызга ийгиликтүү иштеп бергенин билдирди.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Автоматтык түрдө эсептөөчү урналардан БШКнын серверине маалыматтарды коопсуз алып берүү үчүн УКМК менен биргеликте киберкоопсуздук боюнча иштер жасалып жатат. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматынан билдиришти.

"Бүгүн урналар маалыматты берүү боюнча тестирлөөдөн өттү, 95 пайызга ийгиликтүү иштеп берди. Учурда БШКнын серверине автоматтык түрдө эсептөөчү урналардан маалыматтарды коопсуз алып берүү үчүн УКМК менен биргеликте киберкоопсуздук боюнча иштер жасалып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын алыскы тоолуу райондорунда 11 шайлоо участогу бар. Ал жакта интернет байланышы жок болгондуктан, урналар эң жакын жердеги интернет бар аймакка жеткирилип, маалыматтар БШК серверине жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтөрүн аныкташат.

54
Белгилер:
кошумча эсептөө, урна, шайлоо, БШК, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (189)
Тема боюнча
Шайлоо алдында 119 Call-борборуна кошумча операторлор тартылат
"Шайлоодон кийинки ызы-чууда качып кеткен министрдей болбойсуңарбы?" ИИМдин жообу
УКМК: шайлоого карата өлкөгө кирген-чыккан адамдар тыкыр текшерилип жатат
Эл аралык аэропортто COVID-19га текшерүүдөн өткөндөн кийин жүргүнчү. Архив

23-январдан тарта Кыргызстанга чет өлкөдөн киргендердин ПЦР-анализи болушу керек

7
Өлкөгө коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүн алдын алуу максатында текшерүү алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилди.

БИШКЕК, 20 янв — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 23-январынан тарта өлкөгө авиатранспорт аркылуу келген кыргызстандыктар үчүн акыркы 72 саат ичиндеги ПЦР-анализи терс чыккан маалымдамалары сөзсүз болушу керек. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, өлкөгө коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүн алдын алуу максатында текшерүү алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилди.

"Эл аралык каттамдарды ишке ашырууда аба кемесинин бортундагы жүргүнчүлөргө сурамжылоо өткөрүлөт. Келген учурда анкеталар санитардык-карантиндик посттордун кызматкерлерине берилет. Аэропортто дене табын өлчөө, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптарынын сакталышы, ПЦР-иликтөөсүнүн бар-жогу текшерүүгө алынат. Клиникалык көрсөткүчтөр байкалган учурда ооруканага жаткырылат", — деп айтылат маалыматта.

ПЦР-тесттин мөөнөтү учуу узактыгына, же авиакаттамдын кармалуусу сыяктуу объективдүү себептерден улам өтүп кетсе (72 саат), жарандар аэровокзалдан ПЦР-иликтөөдөн өтүүгө тийиш болот.

Кыргызстандын чек арасын автомобилдик пунктулар аркылуу кесип өтүүдө акыркы 72 саат ичинде жасалган ПЦР-анализи терс чыккан маалымдама суралат. Ошондой эле дене табы өлчөнүп, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптардын сактылышы текшерилет. Клиникалык көрсөткүчтөр байкалган учурда ооруканага жаткырылат. Байланышта болгон жактар анкета толтуруп, обочолонууга жөнөтүлөт.

7
Белгилер:
штамм, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
ДССУ: апта ичинде COVID илдетинен өлгөндөр боюнча рекорд жаңыланды
Бишкекте эки киши каза таап, жалпы 162 адам СOVID жуктурду. Акыркы маалымат
Профессор Роза Айтматова. Архив

Бишкекте Роза Айтматованын "Атам жөнүндө" аттуу китебинин бет ачары өтөт

7
(жаңыланган 19:18 20.01.2021)
Китепте Төрөкул Айтматовдун Кыргызстандын эл чарбасынын, өнөр жайынын пайдубалын түптөөгө кошкон салымы баяндалат.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкекте Роза Айтматова "Атам жөнүндө" аттуу эскерүү китебинин бет ачары өтөт. Бул туурасында Кыргызпатенттин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара эртең, 21-январда, саат 11.00дө Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын конференц-залында өтөт.

Бул китеп Кыргызпатент тарабынан 2020-жылы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата мамлекеттик жана расмий тилде 500 нускада чыгарылган.

Анда Төрөкул Айтматовдун көп кырдуу ишмердигинин ичинен Кыргызстандын эл чарбасынын, өнөр жайынын пайдубалын түптөөгө кошкон салымы архивдик материалдардын негизинде чагылдырылган.

Бет ачарга Кыргызстандын илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү, Айтматовдун үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Китеп окурмандардын кеңири катмарына сунушталат.

7
Белгилер:
бет ачар, китеп, Роза Айтматова, Кыргызпатент, Кыргызстан
Тема боюнча
Айтматовдун чыгармалары урду тилине которулду