БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Бишкектен Ошко кеткен учак кайра кайтып келгенин "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
"Тез жет" авиакомпаниясынын учагы саат 15:20да абага көтөрүлгөн. Бирок 22 мүнөттөн кийин аба кемеси техникалык себептерден улам Бишкектеги аэропортко кайтып келген.
Жүргүнчүлөр башка бортко которулуп, саат 16:51де Ошко учуп кеткен.
Жарандык авиация менен авиакомпания учактарды текшермей болду.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кредиттик жана дебеттик карталардын ээлери көбүнчө ар кандай катачылыктарга туш болушат, бирок бардыгына тиешелүү универсалдуу жаңылыштыктар да бар. Бул тууралуу Синергия университетинин банк иштери кафедрасынын окутуучусу Дмитрий Ферапонтов билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.
Адистин айтымында, жалпы катачылыктар биринчи кезекте картанын маалыматтарынын, которуулардын же төлөмдөрдүн коопсуздугуна байланыштуу.
"Негизги катачылыктар банкоматтарды колдонууда жана накталай/карта операцияларын жүргүзүүдөгү этиятсыз мамиле кылуу. Бул учурда кардар картаны окуй турган же кайталана турган клавиатурага багытталган камераларга ж.б. түзмөктөргө көңүл бурбай калышы мүмкүн", – деген адис.Картаны колдонуу шарттарын, жеңилдик берилген учурларды жана мүмкүн болгон бардык комиссияларды билбөө менен байланышкан каталар да кездешет. Натыйжада кардар бир нече жеңилдиктен кол жууп калат, атүгүл акчаны жоготуп алуу кооптуулугуна да кептелиши мүмкүн. Адис мында кардар башка мүмкүнчүлүктөргө көңүл бурбай, банк картасы аркылуу төлөө функциясын аткаруу менен гана чектелип каларын айткан.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Өкмөттүн Жалал-Абал облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чаткал районунун Терек-Сай айылына барды. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Ал "Эти Бакыр Терек-Сай" ишканасынын алтын ылгоочу эски фабрикасындагы саркынды суу чогулган жайдагы кырсыктын себептерин жеринен көрүп чыккан.
Облус башчысы жагдай боюнча тараптар менен сүйлөшүп, учурда суу жана топуракта зыяндуу заттардын бар же жоктугун аныктоо боюнча лабораториялык иштер жүрүп жатканын айткан.
"Бул багытта атайын комиссия түзүлүп, маселени ар тараптуу калыс иликтөө үчүн жергиликтүү тургундардан да кошулду. Окуянын келип чыгуусуна кайдыгер мамиле жасагандар сөзсүз түрдө мыйзам чегиндеги жоопкерчиликке тартылат. Азыркы учурда кооптуулук жараткан жагдайлар жок. Абалдан чыгуу үчүн тургундардын сабырдуулугу керек. Такталбаган маалыматтардан оолак болуп, мыйзамдан сырт көрүнүштөргө барбоого чакырам. Жашоочулардын ден соолугу биз үчүн да маанилүү", — деди Сыргабаев.
Айыл тургундары кен иштеткен компанияга болгон бир катар нааразычылыктарын айтып, муктаждыкты жоюуда үймө-үй суу жеткирүү жетишсиз болуп жатканын билдиришкен. Өкмөттүн өкүлү бул маселени чечүүгө ишкана толук жоопкерчилик аларын айтып, тийиштүү тапшырмаларды берген.
"Кыргыз алтын" жана Түркиянын "Эти Бакыр" компанияларынын биргелешкен "Эти Бакыр Терек-Сай" ЖЧКсы бул аймакта 2016-жылдан бери иштеп келет.
Терек-Сай айыл аймагында Терек-Сай жана Кызыл-Токой аттуу калк жашаган эки айыл бар. Мында жалпы 5 500 киши жашаары айтылып, эки айылдын эли тең аталган суудан пайдаланышары маалым болду.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстандын Улуттук банкы 518,5 миллион доллар сатты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине аталган мекемеден билдиришти.
Эске салсак, 2020-жылдын башында АКШ акчасынын баасы 70 сомдон ашчу эмес. Бирок жыл бою анын наркы өсүп, бир нече жолу 85 сомго чейин көтөрүлгөн учурлар болду.
"Мунун айынан Улуттук банк 30 жолу жалпы суммасы 518,5 миллион долларга жеткен интервенция кылууга аргасыз болгон. Анын ичинен 52 миллион 550 миңи накталай түрдө сатылган", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда банк АКШ валютасын сатып алуу боюнча бир дагы операция өткөргөн эмес.