Парламенттик шайлоо аяктагандан кийин Бишкектеги баш аламандык. Архив

Сегизинин көзүнө протез салынат. 5-6-октябрда жабыркагандарга берилген жардам

90
(жаңыланган 20:37 06.01.2021)
Сурабалдиеванын тапшырмасы менен октябрь окуяларында жабыркап кайрылгандарды кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Жакынкы күндөрү түркиялык дарыгерлер эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин алкагында 5-6-октябрдагы окуяларда көзүн жабыркаткан сегиз кыргызстандыкка протез салышат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматта 5-6-октябрда жабыркагандар өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө экени белгиленди.

"Ар бир жабырлануучуга тийиштүү медициналык мекеме бекитилген. Учурда 22 киши амбулатордук негизде дарыланып жатат. Ал эми сегизинин көзүнө түркиялык медиктер протез кийгизишет", — дешти өкмөттөн.

Жабыркагандарга берилген башка жардамдар:

  • январь айында бир бейтаптын көзүнө түрк дарыгерлери оор операция жасайт;
  • декабрдын аягында жабыркагандардын бирине ортопедиялык протез алынып берилген. Аны алууга вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өзүнүн айлык акысын которгон;
  • 5-6-октябрдагы окуяларда жаагынан жаракат алган 51 жаштагы аялга жакында эле жардам берилди. Учурда ал Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат.

Мындан тышкары, Сурабалдиеванын тапшырмасы менен октябрь окуяларында жабыркап кайрылгандарды кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссияны саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жетектейт. Алар жарандардын майыптыгын аныктоо маселесин карашат.

Эскерте кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор менен милиция кагылышкан. Жыйынтыгында 1 250 адам жабыркап, анын 279у ооруканага жаткырылган.

5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Жогорку Кеңештин имараты басып алынып, ал жерде өрт чыккан. Бул окуялардан кийин өлкөдө бийлик алмашкан.

90
Белгилер:
операция, протез, жардам, кагылышуу, митинг, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (469)
Тема боюнча
ИИМ: 5-6-октябрдагы окуялар боюнча үч миңдей киши сурак берип чыккан
Октябрдагы митингде каза болгон Үмүтбек Акыйкат медалы менен сыйланды
Тапанча кармаган адам. Архив

Ак-Талаа: акимдин кабинетинде тапанча менен чуу салган киши кармалды

21
(жаңыланган 12:30 16.01.2021)
Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында жайгашкан администрациясына тапанча көтөрүп кирип айыл акимди коркуткан киши кармалды. Бул туурасында Нарын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Милицияга 12-январь күнү саат 16:30дар чамасында колуна тапанча кармаган белгисиз мас киши келип ызы-чуу салып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобу барганда 41 жаштагы А.Е. аттуу жергиликтүү тургун газ-пневматикалык тапанчаны эч кандай тийиштүү документи жок көтөрүп жүргөнү аныкталган.

“Мас абалында келген киши коомдук тартипти бузуп, мамлекеттик администрациянын жетекчисинин кабинетине кирип куралы менен чапкан. Денесине зыян келтирип, сөгүнүп, сабап саларын айтып коркуткан. Ошол учурда ал кармалып, 14-январда Ак-Талаа райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камалды”, — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

21
Белгилер:
Ак-Талаа району, коркутуу, кармоо, тергөө, милиция, мас
Тема боюнча
Жалал-Абадда көчө шыпырган аялды сабады деген шектүү кармалды
Бишкекте чет элдик жаранды коркуткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Видео
Бишкекте жол талашкан айдоочуга курал такап жаткан киши кармалды
Казакстандын тез жардам кызматкерлери. Архив

COVID: Казакстанда өлгөндөрдүн саны көбөйүп, Нур-Султан кызыл зонага кирди

26
Эрежеге ылайык, аталган аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Казакстанда акыркы 24 саат ичинде коронавирустан 12 адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Өткөн суткада коңшу өлкөдө бир миңден ашуун адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган. Ушу тапта ооруканада коронавирустан 12 284 киши, пневмониядан 11 781 дарыланууда. Ал эми мурдагы суткада илдеттерден жети адам каза болгон.

Жалпысынан Казакстанда COVID-19га кабылгандардын саны бүгүн 213 855 кишиге жетти.

Өлкөдө абал жакшырбай жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаа Нур-Султан шаарын кызыл зонага киргизди. Эми эрежеге ылайык, бул аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.

26
Белгилер:
абал, коронавирус, Нур-Султан, Казакстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россияда COVID-19ду бир саатта аныктай турган тест-система жасалды
Ким оорушу мүмкүн? Иммунолог коронавирустун жазындагы жаңы толкунуна баа берди