БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктап, каалоо-тилек айтты. Куттуктоонун текстин маалымат кызматы таратты.
Мамытов бул илгери үмүт, ишеним, жарык маанай тартуулай турган майрам экенин белгилеген.
"Кыргызстандын православ чиркөөсү кылымдарды карыткан бай тарыхында улут аралык тынчтыкты бекемдөөгө, мамлекет жарандарын Ата Мекенди сүйүүгө, үй-бүлөлүк баалуулуктарды урматтоого тарбиялап, диний конфессиялар аралык диалогду чыңдоого чоң салым кошуп келет", — деп айтылат куттуктоодо.
Сөзүнүн соңунда Мамытов жалпы элге бекем ден соолук, ар бир үйгө береке каалап өткөн.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Коррупцияга шектелип кармалган "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп берип, үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Мындан улам анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөргөнү айтылат.
Белгилей кетсек, Ю.Б.К. жооптуу адамдар менен биргеликте чарбакер субъектилердин катышуусу менен мамлекеттик сатып алууларды жогорулатылган баада жүргүзгөн туруктуу схеманы түзүп алышканы үчүн 14-декабрда кармалган.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Россия коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында чыгарууга даяр. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.
Анын айтымында, кыргыз делегациясы Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышуу үчүн Москва шаарына барып, Россиянын өкмөт мүчөлөрү жана инвесторлор менен жолуккан. Жыйын учурунда Владимир Путин Россия ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө вакцина өндүрүшүн ачууга даяр экендигин айткан. Андан кийин муну Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров дагы ырастаган.
"Эгерде Кыргызстан техникалык мүмкүнчүлүктөрү, тиешелүү шаймандары бар компанияны аныктаса, анда Россия комиссия жиберип, чечим кабыл алууга даяр экенин билдирди", – деди Сагынбаев.
Сагынбаев вакцинаны өндүрүү препараттын жеткиликтүүлүгүн гана камсыз кылбастан, жумуш орундарын да түзөрүн, ошондой эле вакцина өндүрүү жаатындагы өлкөдө алгачкы тажрыйба болорун белгилеген.