Так эмес маалыматка контрчабуул коебуз. Илим жаатында өзгөчө долбоор жасаган жигиттер

© Фото / Сыргак ЖылкыбаевIlim_tech долбоорунун авторлору Дөөлөс Айбек уулу, Талгар Марлис уулу жана Сыргак Жылкыбаев
Ilim_tech долбоорунун авторлору Дөөлөс Айбек уулу, Талгар Марлис уулу жана Сыргак Жылкыбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет өлкөдө окуп, иштеген Дөөлөс, Талгар жана Сыргак Кыргызстандын илимине салым кошуу максатында Ilim_tech деп аталган долбоор ойлоп табышкан. Анда илим жана технология жаатындагы кызыктуу жана пайдалуу видеолор кыргыз тилинде көрсөтүлөт.
Sputnik Кыргызстан агенттиги долбоорду иштеп чыккан жигиттердин бири Дөөлөс Айбек уулу менен байланышып, жасап жаткан иши тууралуу кененирээк маалымат алды.
© Фото / из личного архива Доолоса Айбек уулуДолбоорду түзгөндөрдүн бири Дөөлө Айбек уулу. Учурда Сауд Аравиядагы Падыша Абдуллах атындагы илим жана билим технологиялык университетинде докторантурада окуйт. Мындан тышкары, ошол эле окуу жайда, антенналардын чиптери кандай иштээрин изилдейт.
Один из авторов проекта Ilim_tech Доолос Айбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Долбоорду түзгөндөрдүн бири Дөөлө Айбек уулу. Учурда Сауд Аравиядагы Падыша Абдуллах атындагы илим жана билим технологиялык университетинде докторантурада окуйт. Мындан тышкары, ошол эле окуу жайда, антенналардын чиптери кандай иштээрин изилдейт.
— Дөөлөс, алгач долбоор тууралуу айтып бересизби?
— 2020-жылы дүйнөнү коронавирус каптап, ал тууралуу эл арасында ар кандай божомол, токулган ойлор тарай баштады. Айрымдар "коронавирус 5G деген антеннадан тарап жатыптыр" деп экөөнү байланыштырып салышты. Мындай нерсе бир гана кыргыз элинде эмес, башка мамлекеттерде да болуп, элдин сабатсыз экенин көрсөттү. Мисалы, вирустун 5G менен кандай байланышы бар? Бул нерселердин баарын көрүп, угуп отуруп, акыры эки теңтуш бала менен элге илим жана технология жаатында бир аз да болсо пайдалуу жана керектүү маалымат берүү максатында ушул долбоорду баштадык. Азыр биз ар бир теманы кыргыз тилинде түшүндүрүп берген видеолорду жасап жатабыз. Мисалы, ошол эле 5G антенна, радиация деген эмне, интернет, ошол эле Google кантип иштей тургандыгы тууралуу видеолорду даярдаганбыз. Бул видеолор кыргыз тилинде жана жөнөкөй тил менен түшүндүрүлөт.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Илимге Cаякат (@ilim_tech)

— Маалыматтарды интернеттен алып которуп анан видео жасап коесуңарбы?
— Жөн эле алып которуп, жасап койбойбуз. Азыр Instagram Ilim_tech баракчабызга аз эле видео чыкты. Бирок 3-4 мүнөттүк видео 15 саатта жасалат. Себеби ар бир маалыматты 4-5 сайттан карап, анын так, туура экенин текшерген соң гана кыргыз тилине которуп текст жазабыз. Элге түшүнүктүү болуш үчүн колдон келишинче жөнөкөй сөздөрдү колдонууга аракет кылабыз.
© Фото / из личного архива Талгара Марлис уулуТалгар Марлис уулу Нарындагы түрк лицейин бүтүрүп, кийин Түркиядагы Билкенд окуу жайында билим алган. Талгар азыркы тапта дүйнөдөгү белгилүү Amazon компаниясында иштейт.
Один из авторов проекта Ilim_tech Талгар Марлис уулу - Sputnik Кыргызстан
Талгар Марлис уулу Нарындагы түрк лицейин бүтүрүп, кийин Түркиядагы Билкенд окуу жайында билим алган. Талгар азыркы тапта дүйнөдөгү белгилүү Amazon компаниясында иштейт.
— Долбоорду үч адам иштеп чыктык деп айтып калдыңыз. Баарыңар чет мамлекетте окуп, иштейсиңерби?
— Мен учурда Сауд Аравиядагы Падыша Абдуллах атындагы илим жана билим технологиялык университетинде докторантурада окуйм. Мындан тышкары, ошол эле окуу жайда инженер-электрикмин. Тагыраагы, телефон, антенналардын чиптери кандай иштээрин изилдейм. Долбоорду жасагандардын бири Талгар Марлис уулу Нарындагы түрк лицейин бүтүрүп, кийин Түркиядагы Билкент окуу жайында билим алган. Бул математика боюнча олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды алып жүргөн жигит. Талгар учурда дүйнөдөгү белгилүү Amazon компаниясында иштейт. Үчүнчү балабыз Сыргак Жылкыбаев. Ал Түркиядагы ОТДУ университетинде электроника тармагында билим алган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Илимге Cаякат (@ilim_tech)

— Демек, долбоор Кыргызстанда, бир эле жерде жасалбайт экен да.
— Ооба, үчөөбүз тең Кыргызстандын илим-билим тармагына аз да болсо салым кошкубуз келди. Баарыбыз иштейбиз, убактыбыз тар. Ошентсе да элдин илим, технология жаатында сабатсыздыгын жоюп, аларга керектүү маалымат таратуу максатында долбоорду жасап баштадык. Элди илимге шыктандыргыбыз келди. Жумуштан бош убакыт таап калсак эле ушул долбоорго отурабыз.
Обучающийся в докторантуре в Саудовской Аравии Доолос Айбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравияда докторантурада окуган Дөөлөс: стипендиям 25 миң доллардан ашат
Негизи илим жаатына келгенде адамдардын көбү андан кабары жок. Ошол эле "илим" же " докторантура" деген сөздүн маанисин баары эле биле бербейт. Майда көрүнгөнү менен маанилүү нерсени кыргыз тилинде түшүндүрүп берүүгө аракет кылабыз. Мисалы, айрым адамдар "радиация", "5G" деген эмне экенин билбей эле "андай экен, мындай экен" деп туура эмес маалыматтарды таратып жатышат. Ал тууралуу "кайдан уктуңар, түшүндүрүп бергилечи" деп сурасак Whatsapp тиркемесинен дейт. Бирок ал далили жок, туура эмес маалымат экенин билишпейт. Биз ошол так эмес маалыматтарга контрчабуул жасоо максатын койдук. Жөн эле бир адам айтып коюп соцтармактан тарап жаткан далили жок видеолорду биздин илимий жактан далилденип, такталган тасмалар басып, элдин илимге болгон көз карашын өзгөртүш керек.
Азыр долбоордун алкагында видеолорду гана жасап жатсак, кийин аны платформага айлантабыз. Башкача айтканда, ал сайт түрүндө болот. Аталышын "Билерман" деп койдук. Ал жакта биз эле иштебестен, өзүнүн ою, видеосу менен бөлүшкүсү келгендер да болот. Анын ичинен өзүбүз жасап жаткан долбоор  — бул Ilim_tech. Илим жана технология жаатында биздики сыяктуу таанып-билүүчү видеолорду жасагандардын эмгектери да ошол жакка жүктөлөт. Мындан тышкары, сайтта форум сыяктуу бөлүгү болот. Ал жактан каалоочулар физика, математика сабактары боюнча же чет өлкөдөгү окуу жайларга тапшыруу боюнча суроолорун жазып, керектүү жоопторун ала алышат.
© Фото / из личного архива Сыргака ЖылкыбаеваСыргак Жылкыбаев дагы Түркиядагы ОДТУ университетинде электроника тармагында билим алган. Азыр ал Кыргызстанда, жеке ишкерлик менен алектенет.
Один из авторов проекта Ilim_tech Сыргак Жылкыбаев - Sputnik Кыргызстан
Сыргак Жылкыбаев дагы Түркиядагы ОДТУ университетинде электроника тармагында билим алган. Азыр ал Кыргызстанда, жеке ишкерлик менен алектенет.
— Мындай платформа, долбоорлор Кыргызстанда жок болсо керек?
— Кыргыз тилинде, мен билгенден, мындай платформа жок. Мисалы, илим, технология боюнча маалыматтарды англис же орус тилинде интернеттен таап алабыз. Бирок кыргыз тилинде табыш кыйын. Ушул эле долбоордун алкагында кесип тандоого да жардам бергибиз келет. Бул боюнча суроолор 11-класста көп жаралат. Мисалы, инженер болуш үчүн кайсы адистикте окуп, кайсы сабактарга басым жасоо керек. Бүтүрүүчүлөргө багыт берүү максатында видеолорду кыргыз тилинде даярдап чыгарабыз.
— Ушул эле видеолорду теле аркылуу балдарга көрсөтүүнү, ТВларга менен кызматташууну ойлондуңуздар беле? Анткени азыр пандемияда окуучулар ансыз деле аралыктан билим алып жатышат. Балким пайдасын тийгизип калабы деген ой.
Бишкекте жашаган Эстониялык Ребекка Хан - Sputnik Кыргызстан
Эстониядан Кыргызстанга көчүп келгениме өкүнбөйм. Чет өлкөлүк кыздын маеги
— Азыр ТВларга чыгып долбоор тууралуу маалымат берип жатабыз. Балким "Баластан" сыяктуу телеканалдар менен иштешип калышыбыз ыктымал. Дагы кошумчалай кетчү нерсе, азыр элдин көбү баласы деле, чоңу деле соцтармакта отурушат. Алардын ичинен айрымдары керектүү нерсени көрсө, кээ бири пайдасыз бир нерсеге убактысын коротушат. Ошол адамдарга кичине болсо да пайдалуу болсун деп алгач видеолорду ошол жакка жүктөдүк. Бул видеолор баарына кызык жана керек деп ойлойм.
Жаңылыктар түрмөгү
0