Ысык-Көл биосфералык аймагынын сүт эмүүчү жаныбарлар боюнча башкы адиси жана “Хан-Теңири” улуттук мамлекеттик паркынын илим-изилдөө жумуштарынын жетекчиси Александр Верещагин

Ак илбирсти артынан кууп өлтүргөн егерлер болгон. Эколог Верещагин менен маек

568
(жаңыланган 17:58 07.01.2021)
Ак илбирсти кыргыздар илгертен кастарлап келген. Енисейдеги ак сөөк кыргыздар өздөрүн ак илбирстин тукумубуз деп эсептечү. Жарадар Манаска илбирс ини болуп искеме дары чөп бергени да жөн жерден айтылбаган чыгар.

Тилекке каршы, 1990-жылдары Кыргызстанда ак илбирс тукум курут боло жаздаган. Бул жаныбарлардын Сары-Чат — Ээр-Таш мамлекеттик жаратылыш коругунда кантип сакталып калганын Ысык-Көл биосфералык аймагынын сүт эмүүчү жаныбарлар боюнча башкы адиси жана “Хан-Теңири” улуттук мамлекеттик паркынын илим-изилдөө жумуштарынын жетекчиси Александр Верещагин айтып берген. Адис менен колумнист Алмаз Батилов маектешти.

Ведущий специалист по млекопитающим Иссык-Кульского биосферного заповедника Александр Верещагин
© Фото / из личного архива Александра Верещагина
Александр Верещагин — Ысык-Көл биосфералык аймагынын сүт эмүүчү жаныбарлар боюнча башкы адиси жана “Хан-Теңири” улуттук мамлекеттик паркынын илим-изилдөө жумуштарынын жетекчиси

— Ысык-Көл биосфералык аймагында иштегениңизге канча болду?

— 1976-жылы Пржевальск шаарындагы педагогикалык институттун география-биологиялык факультетин аяктаган соң калаадагы Горький жана Некрасов атындагы орто мектептеринде иштей баштадым. 1977-жылы аскердик кызматымды өтөгөн соң кайрадан Пржевальск пединститутунун (азыркы Ысык-Көл мамлекеттик университети) зоология жана экология кафедрасында мугалим болуп эмгектендим. 1999-жылдан баштап Сары-Чат — Ээр-Таш мамлекеттик жаратылыш коругунун илимий бөлүмүнүн жетекчилигине дайындалгам. 2014-жылы Ысык-Көл биосфералык аймагына сүт эмүүчү жаныбарлар боюнча башкы адис жана “Хан-Теңири” улуттук мамлекеттик паркынын илим-изилдөө жумуштарынын жетекчиси болуп иштейм.

— Кыргызстанда эмне болуп ак илбирс азайып кетти эле?

— 1992-жылга чейин Кыргызстанда эки миңге жакын ак илбирс бар болчу. СССР ыдырагандан кийин табиятты коргоо кызматынын начарлашынан пайдаланып, айрым чет өлкөлүк байлар бул жаныбардын терисин кымбат баага сатып ала баштады. Ортодо далдалчылар пайда болуп, ак илбирстин териси үчүн жаңы автоунаа беребиз деп убада кылышты. Жеңил акчага кызыккан мергенчилер, өмүрү аң уулоого чыкпагандар мылтык алып, капкан коюп, ак илбирстин түбүнө жеткени аз калды. Буларга кошумча болуп кээ бир егерлер ак илбирсти кууп өлтүрүшкөн. Мыкаачылар жадагалса бул жаныбардын күчүктөрүнө чейин өлтүрүп, терисин сатыкка койгону жөнүндө далилдүү фактылар көп учураган. 1992-1996-жылдары, башкача айтканда, төрт жылдын ичинде үч жүзгө жакын гана ак илбирс калган. Ошол эле убакта алардын негизги тамагынын бири болгон кулжага чет элдик мергенчилер ууга чыгышса, жергиликтүү калк аркар менен текенин этин сатуу үчүн массалык түрдө мергенчилик кылып, анын да санын кескин кыскартышты. Мурда Сары-Жаз дарыясынын бассейнинде саны бир миңге чейин жеткен үйүрү кезикчү. Сары-Чат — Ээр-Таш мамлекеттик жаратылыш коругунда алты жүзгө жетпегени калган. Ошол учурда "аркар-кулжа, текенин этинен куурдак жасайбыз" деген жарнамаларды көрүүгө болот эле. Ушундай жосунсуз көрүнүштөр улуттук трагедияга айланып кала жаздады.

Ведущий специалист по млекопитающим Иссык-Кульского биосферного заповедника Александр Верещагин
© Фото / из личного архива Александра Верещагина
Верещагин: СССР ыдырагандан кийин табиятты коргоо кызматынын начарлашынан пайдаланып, айрым чет өлкөлүк байлар бул жаныбардын терисин кымбат баага сатып ала баштады. Ортодо далдалчылар пайда болуп, ак илбирстин териси үчүн жаңы автоунаа беребиз деп убада кылышты.

— Кантип санын көбөйттүңөр?

— Эң өкүнүчтүүсү, 2000-жылы Сары-Чат — Ээр-Таш мамлекеттик жаратылыш коругунда бир да ак илбирс калган эмес. Коруктун жамааты адегенде аркар-кулжа, теке, суур жана коёндун санын көбөйтүү керек деген чечимге келдик. Илбирс жайында суур, коен, ал эми кышында туяктуу жаныбарлардын этин жейт. Дал ушул себептен улам чабан жана егерлерди коруктун аймагынан көчүрдүк. Анткени ал жерде малдын багылышы жана келген-кеткен киши аркар-кулжа, теке, суур жана коёндун санын көбөйтүүгө жолтоо болду. Мындан сырткары, корукту туристтер үчүн жаап, киргизбей кайтара баштадык. Коргоо иштерин күчөтүп, браконьерлерге бөгөт койдук. Сары-Чат — Ээр-Таш коругунда аркар, кулжанын саны үч миңге чейин өстү. Ал эми текенин саны эки миңге жетип, суур менен коён да көбөйдү. Андан кийин Ысык-Көл чөлкөмүнүн башка жерлеринде аман калган ак илбирстер тамак жана тынчтык издеп корукка келе баштады. Буга чейин алардын издерин байкап жүргөнбүз. Ошентип анын да санын акырындык менен көбөйттүк.

  • Ак илбирстин эркеги бир нече жүз чакырымга чейин ары-бери көчүп жүрө берет. Куут учурунда ал ургаачысын издеп күнүнө 50-60 чакырым басып өтөт.
    Ак илбирстин эркеги бир нече жүз чакырымга чейин ары-бери көчүп жүрө берет. Куут учурунда ал ургаачысын издеп күнүнө 50-60 чакырым басып өтөт.
    © Фото / из архива Государственного природного парка "Хан-Теңири"
  • Сары-Чат — Ээр-Таш коругунда аркар, кулжанын саны үч миңге чейин өстү
    Сары-Чат — Ээр-Таш коругунда аркар, кулжанын саны үч миңге чейин өстү
    © Фото / из архива Государственного природного парка "Хан-Теңири"
1 / 2
© Фото / из архива Государственного природного парка "Хан-Теңири"
Ак илбирстин эркеги бир нече жүз чакырымга чейин ары-бери көчүп жүрө берет. Куут учурунда ал ургаачысын издеп күнүнө 50-60 чакырым басып өтөт.

2004-жылы ак илбирсти сактоо боюнча долбоордун (SLT) жетекчиси Том Мак Картнинин көмөгү менен коруктун ичине фотокапкандарды койдук. Кийинки жылы ага алгачкы ирет ак илбирстин сүрөтү түшкөнүн көрдүк. 2009-жылы Япониянын Шиншю университетинин илимпозу Изумияма Шигеюкинин жардамы менен аркарларга спутник каргылары тагылып, аларга байкоо жүргүзө баштадык. 2014-жылы генетикалык анализдин негизинде Сары-Чат — Ээр-Таш коругуна тиешелүү аймакта 23 ак илбирс бар экени далилденди. Бүгүнкү күндө Сары-Жаз дарыясынын бассейнинде булардын саны элүүгө жакындап калды. Жакынкы келечекте ак илбирс акырындык менен башка аймактарга жайылат. Анын санын Ысык-Көл чөлкөмүндө көбөйтүү үчүн 14 же 15 ак илбирстен турган топ болушу керек деп илимий изилдөөнүн негизинде жыйынтык чыккан. Ар бир илбирстин үй-бүлөсүнө жайында суур, кышында 300-400дөй аркар-кулжа болсо тамак-ашына жетет. Мындан сырткары, булар жыл бою коён кармап жейт. Эң башкысы, мамлекеттик улуттук табигый парктар менен коруктарды кайтаруу күчөтүлдү. Ошол эле маалда жапайы жаныбарлар менен куштарга мергенчилик кылуу үчүн чоң айып төлөй турган мыйзамдар иштелип чыкканы браконьерлерге бөгөт болуп, санын азайтууга жардам берди.

— Ак илбирс канча чакырым жерге жортуулга чыга алат?

— Ак илбирстин эркеги бир нече жүз чакырымга чейин ары-бери көчүп жүрө берет. Мисалы, куут учурунда ал ургаачысын издеп күнүнө 50-60 чакырым басып өтөт. Егерлер Кыргызстан боюнча кыш мезгилинде жортуп жүргөн ак илбирстин изин көбөйтүп эсептеп, 15-20га жеткирип жүрүшөт (күлүп). Бул жаныбардын башы абдан көбөйдү деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Эң кызыгы, биздин ак илбирсти сактоо боюнча долбоордун (SLT) жетекчиси Том Мак Картнинин маалыматына таянсак, ак илбирс Пакистандан тоо менен чөлдү аралап, Монголияга барган. Баш-аягы 1,5 миң чакырым жолду басып өткөн. Ага атайын спутник кынжысы (ошейник) тагылган. Бир топ убакытка чейин спутниктин диапозону аркылуу таба албай убара болуп, аны кеңейткенде гана табылган.

Ведущий специалист по млекопитающим Иссык-Кульского биосферного заповедника Александр Верещагин
© Фото / из личного архива Александра Верещагина
Верещагин: "аркар-кулжа, текенин этинен куурдак жасайбыз" деген жарнамаларды көрүүгө болот эле. Ушундай жосунсуз көрүнүштөр улуттук трагедияга айланып кала жаздады.

— Ак илбирстин коңшу мамлекеттерден ооп келген учурлары барбы?

— Ооба. Кытай менен Казакстандан ак илбирстер ооп келет. Дүйнө жүзүндө бул жаныбардын саны беш миңге чейин болсо, анын үч жарым миңдейи Кытайда. 2009-жылы Пекинде өткөн форумда ак илбирсти сактоо боюнча петицияга 12 өлкө кол койгон. Хан-Теңири тоо системасы Казакстан, Кытай, Тажикстан, Афганистан, Россия, Пакистан, Индия, Бутан жана Непалдын ак илбирстерин байланыштырат.

— Акыркы убакытта ак илбирстер малга кол салууда...

— Кыргызстанда аркар-кулжа менен текелер азайып кетти да. Анын үстүнө тоодо, сыртта төрт түлүк мал абдан көп багылып жатканы табиятка терс таасирин тийгизүүдө. Мурда кыргыздар жайыттарды ар бир малдын түрүнө жараша бөлүштүрчү. Ошентип жаратылышта тең салмактуулук сакталган. Азыркы күндө төрт түлүк малдын баары Ысык-Көл аймагынын жайытына жайылууда. Мал чарбачылыктын айынан жер кыртышы бузулуп жатат. Мисалы, түздүктө бузулган жер кыртышы 15 жылда калыбына келсе, жайытта 30-40 жылдын ичинде араң оңолот. Топоз төрт түлүк малдын ичинен бийик тоого чыгып оттоп, аркар-кулжа менен текелерди сүрүп чыгарууда. Муну менен ак илбирс тамак-аштан айрылып калып жатат. Малдын санын мамлекет такыр көзөмөлдөбөй калды. Жайыттарда 500-600го чейин жеткен топоздун үйүрлөрүн көрүүгө болот. Эгерде жайыттардагы экологияны сактап калбасак, анда Кыргызстандын такыр чөлгө айлануу коркунучу бар. Дүйнө жүзүндөгү климаттын өзгөрүшүнөн Кыргызстандын мөңгүлөрү азайып жатканын көрүп жатабыз.

Ведущий специалист по млекопитающим Иссык-Кульского биосферного заповедника Александр Верещагин
© Фото / из личного архива Александра Верещагина
Верещагин: 2014-жылы генетикалык анализдин негизинде Сары-Чат — Ээр-Таш коругуна тиешелүү аймакта 23 ак илбирс бар экени далилденди. Бүгүнкү күндө Сары-Жаз дарыясынын бассейнинде булардын саны элүүгө жакындап калды.

— Көзөмөлдөнбөгөн туризм да жаратылышка терс таасирин тийгизип жатса керек?

— Албетте, табиятты талкалап жатпайбы. Азыркы күндө Кыргызстанда жапайы туризм өркүндөп жаткан учур. Чет өлкөлөрдө жаратылыш парктары менен коруктарда туристтер үчүн атайын экологиялык жолдор иштелип чыккан. Эгерде алар бул маршрутту бузса, чоң айып төлөйт. Ошондуктан чет мамлекеттик туристтердин көпчүлүгү тартипке үйрөнгөн. Ал эми биздин туристтик фирмалар анткен жок. Биз дүйнөлүк коомчулуктун алдында Ысык-Көл менен Хан-Теңирди сактап беребиз деген ыйык милдетти алганбыз. Себеби адамзаттын тарыхында Көл кылаасы менен Кан-Тоо өзүнчө кайталангыс орунду ээлейт. Ал эми Ысык-Көлдүн сырты аркылуу Улуу Жибек Жолу өтчү. Аска-ташта тартылган байыркы петроглифтерди, плиталарда буддизм жана исламга арналып жазылган эстеликтерди талкалап алып кеткени көбөйүүдө. 10-15 жыл мурда Сары-Жаз дарыясынын бассейнинде балбалдар көп болчу. Бардыгын ташып кетишти. Тарых үчүн калган археологиялык эстеликтерди сактап калуу керек. Мындан сырткары, өтө басым жасап белгилей кетчү жагдай, өз табиятыбызды булгаган жалаң өзүбүздүн атуулдарыбыз. Ошондуктан адегенде кыргызстандыктар жараталышка аяр мамиле жасоону үйрөнүшү абзел.

568
Белгилер:
Ысык-Көл облусу, парк, табият, жаратылыш, корук, Ак илбирс
Тема боюнча
Ак илбирстин таштын арасына коргологон балдары. Таласта тартылган видео
Ысык-Көлдө ак илбирсти дрон менен видеого тартып алышты
Страсбург шаарындагы Европа соттун имараты. Архив

Контрчабуул. Россия Европа сотуна доо арыз менен кайрылды