Ишкерлер эмнеден ката кетирет? Бишкектик бухгалтер агынан жарылганда

© Sputnik / Табылды КадырбековБухгалтер, ишкер Айжан Абдылдаева
Бухгалтер, ишкер Айжан Абдылдаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бухгалтер Айжан Абдылдаева иштеген соода компаниясынын директору кампада товарлар жоголо бергенине көз жумуп коет. Жетпей калган каражатты кампа башчысынын өз чөнтөгүнөн төлөтүп, баары жайында деген тейде жүрө берген...
Эгер коронавирус пандемиясы чыкпаганда, Айжан айым ушул тапта Казакстанда жашап, ири IT-компаниянын Алматыдагы кеңсесин жетектемек. Ошентсе да ал жагдайга капа эмес. Ошону менен бирге эле жумуштан чыгып, каржылык кызматтарды жүргүзгөн жеке ишканасын түптөгөн. Каржы дүйнөсү абдан кызыктуу экенине көзү жетип отурат.
— Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.
— Бишкекте төрөлгөм, бирок кийин үй-бүлөм Кайыңдыга көчүп барган. Анткени апамды ал жактагы жергиликтүү эт комбинатынын бухгалтерлигине которушкан эле. Атам милиционер болуп иштеген.
Жеке иштер, жыгач уста Илан Атабаев - Sputnik Кыргызстан
Айлыгы көп кесиптен баш тартып... Бишкектик ишкердин усталык чыйыры
Элиталык батирде турчубуз, кезегинде эт комбинаты көп кабаттуу үйлөрдү жакшы курган. Ал жакка Кыргызстандын ар кыл аймактарынан мыкты адистер агылган. Ал тургай 1990-жылдары бүтүндөй өлкө азык-түлүк жагынан кыйналып турган маалда Кайыңдыда жагдай жаман эмес болчу. Анын үстүнө биздин дачабыз бар эле, жашылча-жемиш өстүрчүбүз.
Бишкекке 5-класска келгенде кайтып, калаа турмушуна бачым эле көнүп кеттим. Бир гана балдардын эч иш жасабай жүрө бергенин түшүнө алчу эмесмин. Биздин үйдө андайга убакыт жок болчу, дайым бир нерсе менен алектенер элек. Анан да бишкектиктер кийимди көп сатып алышат, мен андайга көнгөн эмесмин. Свитерим бар дейли, аны улам жууп кайра кие берем... Бул жагынан дегеле убайым тартчу эмесмин.
— Эмнеге бухгалтер болууну чечтиңиз?
— Башында атамдын жолун улап милиционер болгум келген. Бирок бир окуя оюмду өзгөртүүгө таасир эткен. 11-класста окуп жүргөнүмдө Бишкек жогорку милиция мектебинен (азыркы Милиция академиясы — ред.) кыздарга жолугуп калдым. Ачыгын айтсам, алар мага анчалык жаккан жок. Эркек балдардай сүйлөп (одоно тамашаларды айтып), кол күрөштүрүштү. Бул кесип үчүн өтө эле сезимтал жанмын деп бухгалтерликке ыктагам.
© Sputnik / Табылды КадырбековБизнесвумен Айжан Абдылдаева
Бизнесвумен Айжан Абдылдаева - Sputnik Кыргызстан
Бизнесвумен Айжан Абдылдаева
— Сиз беш жыл университетте окупсуз. Ал эми менин жарым жылдык бухгалтердик курсту бүтүрүп эле камырабастан иштеп жүргөн тааныштарым бар. Бул адистикти өздөштүрүү үчүн сөзсүз ушунча жыл коротуу керекпи?
— Чыным айтсам, беш жыл окуунун кажети жок деп эсептейм. Бул кесип практика болбосо, тез унутулат. Университетте муну окугандан көрө бир нече айга созулган курстан өткөн оң.
— Билишимче, бухгалтерлик абдан пайдалуу иш. Үйрөнүүгө көп убакыт кетпейт, мындай адис жумушсуз калбайт, маянасы да түзүк.
— Ооба, вакансия көп, себеби бардык компанияларга бухгалтер керек. Рынок ачык, жаш адистерге да иш табылат. Маяна да төмөн эмес, жаңы ишке кирген бухгалтер 15 миң сом же андан жогору айлык алат.
— Кыргызстанда бухгалтерлердин эң жогорку маянасы кандай?
— Кандай бааланарын билбейм, бирок эл аралык компанияларда каржылык аналитиктердин маянасы 5 миң долларды түзөт.
— Бухгалтерлер ката кетирсе кесепети саперлордукундай эле да. Эң олуттуу катачылыгыңыз кандай болду эле?
— Ал убакта иштегениме беш жыл эле болгон, соода компаниясында жөнөкөй бухгалтер болчумун. Кампада инвентаризациялоодо бир нерселер жетишсиз экени аныкталды.
Судья Азизбек Досмамбетов - Sputnik Кыргызстан
Теше тиктеп турушат! Адамды өмүр бою эркинен ажыраткан сот кандай сезимде болот
Жетекчи ар жолкусунда "мейли эми, жетпей калганын кампа башчысы өзү төлөсүн" деп кое берди. Баарын кампа башчысына шылташат, ал болсо "мен күнөөлүү эмесмин, эч нерсе алган жокмун" деп актанат. Бирок төлөп бергенден башка аргасы жок эле. Ишканада чыгашаны анын айлыгынын эсебинен жабууга аракет кылышты. Чынчыл кызматкер экенин көрүп турам, чындап эле ал уурдаган эмес. Жетекчиликке үстүртөн билдиргем. Мени тек гана отчет тапшырчу, бир нерселерди эсептеген эле киши катары көрүп, ал эми башкаруу боюнча чечимдерди өздөрү кабыл алышчу. Көп кийлигише бербейинчи деп мен да тим койгом, бирок жетекчи көйгөйгө көңүл буруп, эмне болуп жатканын териштирсе болмок.
— Себеп эмне экен? Товарлар кайда кетиптир?
— Балким кимдир-бирөө кампадан уурдаган же соода агенттери ашыкчасын өздөрү алып тургандыр. Алар бөлүп төлөөгө товар көп алып, акчасын кайтарышкан эмес. Аябагандай көп товар алып, эч төлөй элек бир аял эсимде. Карызы укмуш көбөйүп кеткен. Ишкана анын карызын кечкен, бирок чоң чыгым тарткан.
— Аягы эмне болуп бүттү?
— Көйгөй үйүлгөндөн үйүлө берди, бир убакта кырдаал көзөмөлдөн чыкты. Компания банкрот болду. Директор көпкө өзүнө келе албай кыйналды. Андай жагдай мага да катуу таасир этип, отчет тапшыра турган "жөнөкөй" эмес, талдап, бизнеске анын ээсинин көзү менен карай турган бухгалтер болом деп чечкем.
— Ири компанияда бухгалтер болуп иштеген таанышым бар. Жетекчилери бир шектүү документке кол коюуну талап кылышат. Эгер кол койсо, акчаны жетекчиси алмак, ал эми ал камалып калышы ыктымал эле.
— Бизде мурда бардык каржылык жоопкерчиликти бухгалтер тартчу. Кара ниет жетекчилер көйгөйлөрдү финансисттерге оодарышкан. Бирок, кудай жалгап, бул туура эмес экенин түшүнүп, салыштырмалуу жакында эле мыйзам өзгөрдү. Эми биринчи кезекте жетекчи жооп берет.
Сиздин таанышыңыз иштен кетип туура кылыптыр. Эгер мыйзамсыз ишке кол коюуга мажбурлашса, бул – уятсыздыктын жеткен чеги. Мен андай кырдаалга тушуккан эмесмин, анткени "кара иштерге" аралашпайм.
© Sputnik / Табылды КадырбековБизнесвумен Айжан Абдылдаева
Бизнесвумен Айжан Абдылдаева - Sputnik Кыргызстан
Бизнесвумен Айжан Абдылдаева
— Билишимче, бөлөк өлкөдө чоң кызматты ээлептирсиз.
— Беш жыл мурун мени бухгалтерликке жергиликтүү IT-компанияга чакырышты. Ишкана программалык камсыздоону иштеп чыгып, жабдууларды сатат. Анын Казакстанда өнөктөштөрү бар эле. Алар мындай компаниянын ал жакта жоктугуна наалып калышчу. Айтымдарында, көбүнесе же ири корпорациялар, же квалификациясы төмөн ишканалар экен. Казакстанда филиал ачууну сунуштадым, жетекчилик макул болду. Кийин финансылык директор болдум, башкача айтканда, бардык каржылык агымдарды тескеп, ири кардарлар менен иштегем. Ал жакта бюджет абдан чоң эле.
Бут кийим оңдоочу жайдын ээси Хабибулло Азизулло - Sputnik Кыргызстан
Өтүкчү Азизулло: ыргытчудай болуп калган чокойду жаңыртып коебуз
Эки шаарда тең иштеп, Бишкек менен Алматынын ортосунда жүрдүм. Бир жыл мурун мени казак филиалына директор кылып дайындашты. Биротоло ал жакка көчүп кетүүнү туура көрдүм, анткени дайым ары-бери каттап иштөө кыйын болчу.
Адегенде Алматыга 2020-жылдын январында кетейин деп пландагам, бирок бир нече долбоордон улам Бишкекте кармалууга туура келди. Андан кийин эмне болгону белгилүү эмеспи, пандемия башталды, чек аралар четинен жабыла берди...
Эгер Алматыга бет алсам, көпкө жүрүп калгыдай элем. Ал эми Бишкекте балдарым бар. Же эски ишимди улантууга, же ал жумуштан кетип жеке ишимди ачууга тийиш элем. Тандоо оңой болгон жок. Өз жолум менен кетүүнү чечтим.
— Консалтингдик компания ачыпсыз. Эмнеге?
— Бир топ жыл ар кандай ишкерлер менен иштешкем, алардын башкы көйгөйү каржы экенин жакшы түшүнөм. Көпчүлүгү акчаны туура пайдалана алышпайт, эмнегедир баары маркетинг жана бизнестин башка тармактары алда канча маанилүү деп ойлошот.
Ишкерлердин 90 пайызында тажрыйба жетишсиз, бухгалтердик эсепти курстарда, болбосо беш жыл университетте тегин жерден окутушпайт. Адамдарга дал ушул багытта көмөктөшүү үчүн консультант болууну чечтим.
— Азыркы тапта пандемия, каатчылык, адамдарда ар бир тыйындын эсеби бар. Мындай кыйын кырдаалда кардарлар чыгып жатабы?
— Биз менен биргеликте алар тескерисинче үнөмдөшөт. Өзүңүз ойлоп көрүңүз, дасыккан бухгалтердин кызматы айына кеминде эле 40 миң сом турат. Аз айлыкка алар иштешпейт. Биз кызматыбыз үчүн 28 миң сом алабыз, ошондуктан үнөмдөө ниетинде бизди тандашат.
© Sputnik / Табылды КадырбековБизнесвумен Айжан Абдылдаева
Бизнесвумен Айжан Абдылдаева - Sputnik Кыргызстан
Бизнесвумен Айжан Абдылдаева
— Бардык ишкерлердин орток көйгөйү эмнеде?
— Көпчүлүк учурда "иштегенсип эле жатам, ал эми бизнести өнүктүрүүгө негедир каражатым жок" деп даттанып калышат. Чындыгында бул кызык, компания рынокко киргенине бир топ болгон, кирешеси бар, бирок өнүгүүгө шарт жок. Кеп эмнеде экенин териштире баштайбыз. Көбүнесе ишкер кирешесин аптада бир алат, бир бөлүгүн кызматкерлерге маяна берүүгө жумшайт. Дагы бир суммасын карызга таратат, өзүнө да алат. Натыйжада эч нерсе калбайт.
Бишкекте жашаган Эстониялык Ребекка Хан - Sputnik Кыргызстан
Эстониядан Кыргызстанга көчүп келгениме өкүнбөйм. Чет өлкөлүк кыздын маеги
Ишкерлер — акылдуу адамдар, бирок кээде алардын көз караштары бүдөмүктөнө түшөт. Бир жолу мени дүкөнгө иштөөгө чакырып калышты. Директордун ишине негиздөөчүлөрдүн ичи чыкпайт. Себеби товарга көп каражат салышкан, бирок күн өткөн сайын чыгым тартышат. Дүкөндүн иши эмнеге алдыга жылбай жаткан себебин эч ким түшүнө албайт. Ал жакка барганымда көзүмө дароо башаламандык урунду. Витрина да аз экен, бардык ассортименттин 15 пайызы гана баткан, калганы кампада сакталуу.
Иретке келтирип, өндүрүмдүн баарын жайгаштыруу үчүн чоңураак витриналарды сатып алууну дароо сунуштадым, алар каражат жоктугун айтып алакан жайышат. Бирок мен оюмдан кайтпадым, акыры текчелер сатып алынды. Себеби кардар келгенде товар көз алдында болгону маанилүү.
Акырындап жыл аягында жакшы жыйынтыкка жетиштик, негиздөөчүлөр да ыраазы болуп калышты. Менин ишим ушул — этибарга алынбай калган көрүнүштөрдү ишкерге көрсөтүп берүү.
— Кыргызстандын Салык кодекси абдан татаал десек болобу?
— Сизге мындай жооп берейин. Бухгалтерлер үчүн эл аралык экзамендер бар. Мисалы, атайын сынакты сен Кыргызстанда тапшырып, сертификатка ээ болуп, КМШнын каалаган өлкөсүндө иштесең болот. Мында бир учурду белгилөө зарыл: Россия же Казакстанга караганда бизде бул тестти тапшыруу алда канча жеңил. Себеби биздин Салык кодексибиз — чакан китепче, ал эми аталган мамлекеттерде алар том-томдогон китептер.
— Кол алдыңызда канча киши иштейт?
— Экөө, бирок аларды андай деп атабас элем. "Жумушчу — жетекчи" деген эскирди, эми баары өнөктөштүк форматында жүрүүгө тийиш. Мисалга, кызматкерлер таңдан кечке дейре кеңседе отурбоого тийиш. Жакшы адистер эркин иш тартибин каалашат, анан калса азыр пандемия, адамдардын үйдөн иштөөгө мүмкүнчүлүгү болушу шарт.
— Казакстанда иштебей калганыңызга өкүнбөйсүзбү?
— Жок, бул өлкө боюнча пландарым дале бар. Ал жакта иштөө абдан ыңгайлуу. Казакстан бизге жакын, менталитетибиз бирдей. Бирок калкы көбүрөөк, бул биз үчүн абдан кызыктуу болот. Тагдырга нааразы эмесмин. Дүйнөгө дүрбөлөң салып кереги не? Агымга каршы эмес, агым менен аккан оң.
Жаңылыктар түрмөгү
0