БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Бүгүн социалдык тармактарда Американын баш калаасы Вашингтондогу нааразычылыкка чыкты деген кыргызстандыктын сүрөтү тарап кетти.
Кадрдан Капитолий имаратында турган бир нече адамды, алардын каптал жагында азиат тектүү кишинин Кыргызстандагы компаниялардын бири чыгарган улуттук стилдеги спорттук костюмду кийип турганын көрүүгө болот.
Бул сүрөт социалдык тармакка желдей тарап, айрымдары ишенүү менен бөлүшсө, кээ бирлери тамаша менен карап жатышат.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кадрды Google аркылуу текшерди. Шилтеме аркылуу Youtube-каналга киргенибизде жогорудагы сүрөттүн түп нускасы чыкты.
Видеонун орто ченинде (28-секундасында) сүрөт толугу менен көрсөтүлүп, анда "кыргыз" жок экени таасын байкалат. Мындайча айтканда, сүрөт фейк болуп чыкты.
Бул сүрөттүн жалган экенин башка колдонуучулар да билип алганын белгилей кетели. Посттордун бириндеги комментарийге кадрдын түп нускасы жүктөлгөн.Шаршемби күнү Дональд Трампты колдоо үчүн Вашингтонго чогулган тарапташтары шайлоонун жыйынтыгын бекитүү үчүн чогулган сенаттын жыйынын үзгүлтүккө учуратып, Капитолийди басып киришкен. Тартип сакчылары көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу граната колдонууга аргасыз болгон. Борбор калаага өзгөчө кырдаал режими жарыяланган болчу.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев соттун чечими менен үй камагына чыкты. Маалыматты Ош облустук сотунун маалымат катчысы Назгүл Исманова тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, шаардык сот 16-январда Саркарбаевдин бөгөт чарасын үй камагына өзгөрткөн. Чечимдин негизинде ага соттун уруксатысыз Ош шаарынан башка аймакка чыгууга тыюу салынды, ошондой эле кечки 22:00дөн таңкы 6:00гө чейин үйүндө болушу шарт.
Ушул эле шаардык сот 21-декабрда Саркарбаевдин баш коргоо чарасын тандап, эки айга тергөө абагына киргизген.
УКМКнын маалыматына караганда, ал "Дженго" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов менен жакын мамиледе болгон.
Бул окуяга байланыштуу ал Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси кызматынан бошотулган.
Саркарбаев жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен катышканы маалым.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 90 кишиден коронавирус табылды. Ошол эле маалда 145 бейтап ооруну жеңген. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө 83 268ге жетти.
Айыккандар:
Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус үч адамдын өмүрүн алган. Анын экөө Бишкектен, бири Ошто болчу.
Азыркы учурда 742 адам стационарларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 220сынын абалы оор болсо, 37 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Өткөн суткада бир да медиктен коронавирус аныкталган эмес.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бүгүн саат 08:38де Кыргызстандын аймагында күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жер титирөө Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек, Ак-Чий, Баетов, Байгончок айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.