БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Россиядагы "Мешок" интернет-аукционуна 50 тыйындык купюра коюлду. Ал 1993-жылы чыгарылган үлгүдө экени порталда жазылган.
Сатуучу белгилегендей, бул алмаштыруучу сериядагы купюра, ал жараксыз банкнотторду алмаштыруу үчүн колдонулат. Булардын катар номерлери ар башка болот. Учурда ал 01/ZT сериясына ээ.
Мындай банкноталардын жүгүртүлүшү азыраак болгондуктан коллекционерлер арасында жогору бааланат.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россияда иштеп жүргөн жарандары ушул жылдын 15-мартына чейин документтерге байланыштуу иштерин бүтүрүп алышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Россия президенти "COVID-19 инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чараларды узартуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документтеги талаптарга ылайык, төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:
Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары жогорудагы талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүү үчүн Россия Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардамын жөнөттү. Бул тууралуу РФтин КРдеги элчилигинен кабарлашты.
Ага ылайык, Роспотребнадзор COVID-19ду лабораториялык диагностика кылуучу 20 000 реагентин алып, ошол эле күнү жүк Кыргызстанга жиберилген.
Аталган гумжардам Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментине бериле турганы айтылды.
Кыргызстан Россияга көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын үч калысы Дүйнөлүк футбол федерациясынын (ФИФА) 2021-жылдагы тизмесине киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн футболдук союзунан кабарлашты.
Ата мекендик футбол адистери Медербек Тайчиев, Зайниддин Алимов жана Нурзат Аскат уулу алгачкы ирет аталган тизмеге алынган. Дүйнөлүк уюмда Кыргызстандан жалпысынан 17 калыс бар. Алардан алтоосу футбол калысы, сегизи жардамчы (каптал калысы) жана үч калыс футзалдан.
Белгилей кетсек, Дайырбек Абдылдаев, Нурзат Аскат уулу, Денис Шалаев, Медербек Тайчиев, Зайниддин Алимов жана Вероника Бернацкая ФИФА тизмесиндеги реферилер. Аталган тизме авторитеттүү болуп саналат.
Сергей Грищенко, Исмаил Талипжанов, Замир Чыныбеков, Элдияр Салыбаев, Рамина Цой, Артем Скопинцев, Хусан Джалалдинов, Канат Мырсабеков реферинин жардамчысы болуп саналат.
Ал эми Нурдин Букуев, Чыңгыз Мустафаев жана Элдияр Келдибеков ФИФАнын футзал калыстарынын катарында.