Өткөн суткада 165 киши COVID жуктуруп, 2 бейтап каза тапты. Соңку статистика

© REUTERS / CALLAGHAN O'HAREМедициналык кызматкер COVID-19дан каза болгон бейтаптын денесин жабып жатат
Медициналык кызматкер COVID-19дан каза болгон бейтаптын денесин жабып жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 887 бейтап стационарда, 1 266 киши амбулатордук негизде дарыланып жатат. Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 81 991ге жетти.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 165 кишиден COVID-19 табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жуктургандар:
  • Бишкек — 77;
  • Ысык-Көл облусу — 24;
  • Чүй — 21;
  • Жалал-Абад — 17;
  • Ош — 16;
  • Нарын — 5;
  • Талас — 3;
  • Баткен — 2.
Пандемия башталгандан бери республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 81 991ге жетти. Учурда 887 бейтап стационарда, 1 266 киши амбулатордук негизде дарыланып жатат.
Айыгып кеткендер:
  • Бишкек — 46;
  • Чүй облусу — 45;
  • Ысык-Көл — 26;
  • Ош — 12;
  • Жалал-Абад — 12;
  • Талас — 9;
  • Баткен — 6;
  • Нарын — 1.
Расмий маалыматтар боюнча, марттан бери 77 547 адам илдет жуктуруп сакайган.
Өткөн суткада Баткен менен Бишкекте эки бейтап көз жумду. Ушуну менен COVID-19дан каза болгондордун саны 1 365ке жетти.
Жаңылыктар түрмөгү
0