Кыргызстанда коронавирус жугузган 253 бейтап оор, 57си өтө оор абалда жатат

© AFP / SILVIO AVILACOVID-19 менен ооруган адамды жандандыруу бөлүмүндө дарылаган медициналык кызматкерлер. Архив
COVID-19 менен ооруган адамды жандандыруу бөлүмүндө дарылаган медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Штабдын маалыматына ылайык, өткөн суткада коронавирустун кесепетинен эки адам каза таап, 165 кишинин оору жугузганы аныкталды.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Жума күнгө карата алынган статистика боюнча, COVID-19 жугузуп алган 887 кыргызстандык ооруканада жатат. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.
Бейтаптардын абалы төмөндөгүдөй:
  • Канааттандырарлык абалда — 7;
  • Орточо оор — 570;
  • Оор — 253;
  • Өтө оор — 57.
Ал эми үй шартында медиктердин көзөмөлүндө 1 266 адам дарыланууда. Өткөн суткада коронавирустун кесепетинен эки адам каза таап, 165 кишинин оору жугузганы аныкталды.
Жаңылыктар түрмөгү
0