Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Таластагы Чоң-Капка өткөрүү пунктуна барган учурда

Новиков: чек ара бекеттеринде унаа номерин камерага жазган система ишке кирет

173
(жаңыланган 16:00 08.01.2021)
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу "Чоң-Капка" чек ара пунктун көрүп чыгып бир катар кызматтардын ишине нааразычылыгын билдирген.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бир жуманын ичинде чек арадагы өткөрүү пунктуларында ар бир автоунаанын номерин камерага жазып кала турган "Жыйынды пост" системасы иштеп баштайт. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Таластагы "Чоң-Капка" өткөрүү пунктуна барганда айтты.

  • Бир жуманын ичинде чек арадагы өткөрүү пунктуларында ар бир автоунаанын номерин камерага жазып кала турган Жыйынды пост системасы иштеп баштайт
    Бир жуманын ичинде чек арадагы өткөрүү пунктуларында ар бир автоунаанын номерин камерага жазып кала турган "Жыйынды пост" системасы иштеп баштайт
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Таластагы Чоң-Капка өткөрүү пунктуна барганда айтты
    Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Таластагы "Чоң-Капка" өткөрүү пунктуна барганда айтты
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче Түндүк мамлекеттик ишканасына тийиштүү органдар менен бир жуманын аралыгында видеобайкоолорду ишке киргизүү тапшырмасы берилген
    Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче "Түндүк" мамлекеттик ишканасына тийиштүү органдар менен бир жуманын аралыгында видеобайкоолорду ишке киргизүү тапшырмасы берилген
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 3
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Бир жуманын ичинде чек арадагы өткөрүү пунктуларында ар бир автоунаанын номерин камерага жазып кала турган "Жыйынды пост" системасы иштеп баштайт

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче "Түндүк" мамлекеттик ишканасына тийиштүү органдар менен бир жуманын аралыгында видеобайкоолорду ишке киргизүү тапшырмасы берилген.

"Бул жүк ташыган автоунааларды мамлекеттик чек арадан өткөрүүдөгү коррупциялык тобокелчиликтерге бөгөт коёт. Өлкө аймагына кирген ар бир товарды каттоого алмайын контрабанда менен эффективдүү күрөшө албайбыз", — деп айткан Новиков.

Ал эми "Чоң-Капка" чек ара пунктун көрүп чыгып бир катар кызматтардын ишине нааразычылыгын билдирген.

"Чек ара кызматынын маалыматы башка, Салык кызматыныкы такыр башка чыкса таң калбайм. Өткөрмө жол кенен экен, жүк ташыган транспорт салыкчыга жолобой эле өтүп кетүүдө. Азыр эле биздин машинадан ашып өткөн бензовоз, салыктык текшерүүдөн качып кетти. Ал жерге өтүүгө тыюу салган белги коюп же өтө албай тургандай кылып коюу ушунчалык кыйынбы? Эгер машиналар посттун сыртынан өтүп жатышса, ага маани бербей отурсаңар биздин жасаган иштерден пайда чыкпайт", — деди Новиков.

Соңунда өкмөт башчынын милдетин аткаруучу посттун чекесинен өтө турган жолдорду жаап, кеңейтилген өткөрмө жолду ичкертип жана фиксация системасын тез арада орнотуу тапшырмасын берген.

173
Белгилер:
унаа, жүк, "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайы, Артем Новиков, чек ара, салык
Тема боюнча
Салык отчётторун милдеттүү түрдө электрондук форматка өткөрүү мөөнөтү жылды
Новиковго жооп бере албай буйдалган салыкчы. Видео
Италиялык Ювентус клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду. Архивдик сүрөт

Роналду тарыхта расмий оюндарда эң көп гол киргизген футболчу болду

24
(жаңыланган 11:16 21.01.2021)
35 жаштагы спортчу кечээ Италиянын Суперкубогу үчүн "Наполи" менен оюнда гол киргизди. Беттеш 2:0 эсеби менен туриндиктердин пайдасына аяктаган.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Италиялык "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду расмий беттештерде киргизген голдорунун саны боюнча футбол тарыхында биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

35 жаштагы спортчу кечээ Италиянын Суперкубогу үчүн "Наполи" менен оюнда гол киргизди. Беттеш 2:0 эсеби менен туриндиктердин пайдасына аяктаган.

Бул Роналдунун профессионалдык карьерасындагы клуб жана улуттук командасы үчүн киргизген 760-голу болду. Муну менен ал Австрия жана чехословакиялык футболчу Йозеф Бицандан ашып өттү. 1950-жылдары ойногон чабуулчу атаандаштарынын дарбазасына 759 ирет топ киргизген.

24
Белгилер:
лидер, гол, Криштиану Роналду, футбол
Тема боюнча
Роналду XXI кылымдын мыкты футболчусу аталды. Спортчу эмне деди
Жаңы үйлөнгөндөр. Архив

Бир мүнөттө үйлөнө калып жумушка чыккан полиция кызматкери. Кытайдагы окуя

37
(жаңыланган 11:06 21.01.2021)
Ишинен бошобогон полиция кызматкери сүйүктүүсүнө баш кошууга түшкү тамактануу учурунда убакыт таап келген.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кытайда кайгуул полиция кызматкери бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра дароо эле жумушка чыкты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы кабарлады.

Салтанат Кытайдын Хэбей провинциясында өткөн. Анда жумушунан бошобогон полиция кызматкери түшкү тамактануу учурунда убакыт таап, келинчеги менен бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра эле кызматына жөнөгөнү айтылат.

Түгөйлөр 15-январда баш кошкон.

37
Белгилер:
полиция, той, үлпөт, үй-бүлө, Кытай
Тема боюнча
Үлпөт тоюнан 15 мүнөт өтпөй көз жумган келин. Даниядагы окуя