Ишкер Марат Зарыпбек уулу

Акчасы жок жигитмин, бирок 8 млн. долларга комбинат куруудамын... Мараттын маеги

3648
(жаңыланган 22:36 08.01.2021)
Марат Зарыпбек уулу болгону 28 жашта, бирок анын долбоору миңдеген кыргызстандык фермерлердин турмушун өзгөртүп кое алат. Ал Балыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу менен алектенүүдө. Ишкана аймактын экономикасын жакшы нукка бурарына ынандырат.

Кыялын жүзөгө ашырууга Марат Зарыпбек уулу жети жылын жумшаган. Жаш жигит бул мезгилде көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн жашырбайт. Баарынан да акча табыш кыйын болгон.

Эки жыл жер тилкеси менен түйшүктөнүп, айланасын тосуп, аймакты кайтарган. Кайра ишкер катары костюм кийип, инвесторлорго жолугушууга барат. Алар долбоорду макташат, колдоо көрсөтүүнү убада кылышат, анан эле жоголуп кетишет.

Антсе да акыры Марат инвесторлорду тапты, жакында Балыкчыда чоң эт комбинаты ачылат. Ишканада мал гана союлбастан, тонналаган колбаса, чүчвара жана башка чала фабрикаттар жасалат.

— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

— Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылында төрөлгөм. Атам – милиционер, апам медайым болгон. Дал мен төрөлгөн маалда Советтер Союзу ыдырап, каатчылык башталат. Атам майыптыгы боюнча пенсияга чыгат. Бир убактарда көп мекендештердей эле биз ачка да калып жүрдүк. Жакшы жашоону самап биздин үй-бүлө Бишкекке көчүп келет.

Предприниматель Марат Зарыпбек уулу, который занимается строительством огромного мясокомбината в Балыкчи
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Марат Зарыпбек уулу болгону 28 жашта, бирок анын долбоору миңдеген кыргызстандык фермерлердин турмушун өзгөртүп кое алат

— Айылда ач калбайсың, адамдар дайым бири-бирин багат деп калышат го...

— Эмнеге андай дешет? Ооба, айылда шаардагыдай чыгым көп жок. Мисалы, маршруткага акча кетпейт, баары жөө жүрүшөт. Бирок чындап келсе чет жакада жакшы жашоо үчүн көп нерсе зарыл.

Эгер жумушуңуз, акчаңыз болбосо сизге кыйын эле. Тойлор, тажиялар өтүп турат, ал эми булардын баарына акча керек. Балдардын өнүгүүсү жөнүндө айтпай эле коеюн, азык-түлүккө да өтө аз акча калат. Айылда балдар үчүн курстар, өнүктүрүүчү мектептер жок. Мисалы, мен бала бакчага бир да күн барган эмесмин, ал эмне экенин билбей өскөм...

— Борбордо өзүңүздү аргасыз сезген учурлар болгон жокпу? Акчасыз, байланышсыз бир нерсеге жетүүгө болбосу айтылат эмеспи.

— Андай сезимдерге алдырган учурлар болгон. Атамдын жолун улап милиционер болгум келген, ИИМ Академиясына өттүм. Укмуш машиналарды минген, жакшы кийинген студенттер бар эле. Эмнеге мен анте албайм деген ойлор келе берчү. Себеби эмнеде экенине ой толгочумун.

Өзүмдү өзүм өнүктүрүүгө белсендим, бизнес жөнүндө тапкан китептердин баарын окудум. Талбай эмгектенүүгө туура келди, менин таржымалым – адам акчасыз жана байланышсыз да баарына жете аларына мисал. Жогорку кызматтагы аткаминерлердин арасында туугандарым жок, бирок азыр 8 миллион долларга завод куруп жатам.

— Бизнеске кандайча баш багып калдыңыз?

— Аскар Салымбековдун фондуна (белгилүү ишкер жана меценат — ред. тактоосу) чакырып калышты. Ал жаш лидерлер мектебин ачкан, биз анда каржылык сабаттуулук, чечендик өнөрдү үйрөндүк, бизнес түптөө боюнча айтып беришти.

Бир жолу Аскар Мааткабылович: "Сага милициянын кереги не? Ишкерликке бардык шыгың бар" – деп калды. Ага кулак салууну чечтим... Бирок бул мага дароо эт комбинатына акча беришти дегенди туюндурбайт! Оюмду ишке ашыруу үчүн жети жыл иштедим.

  • Марат Зарыпбек уулу Балыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу менен алектенүүдө
    Марат Зарыпбек уулу Балыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу менен алектенүүдө
    © Фото / предоставлено Маратом Зарыпбек уулу
  • Ход строительства мясокомбината предпринимателя Марата Зарыпбек уулув в городе Балыкчи
    Балыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу
    © Фото / предоставлено Маратом Зарыпбек уулу
  • Ход строительства мясокомбината предпринимателя Марата Зарыпбек уулув в городе Балыкчи
    Балыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу
    © Фото / предоставлено Маратом Зарыпбек уулу
  • Ход строительства мясокомбината предпринимателя Марата Зарыпбек уулув в городе Балыкчи
    Балыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу
    © Фото / предоставлено Маратом Зарыпбек уулу
1 / 4
© Фото / предоставлено Маратом Зарыпбек уулу
Марат Зарыпбек уулу Балыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу менен алектенүүдө

— Мындай ой сизге кайдан келди?

— Караколдогу мал базардан жергиликтүү фермерлер малын сата албай, арзыбаган акчага карматып жаткандарын көрдүм. Көйгөй аймактарда дээрлик эт сатып алышпайт, ал эми борбор калаада өлкөнүн булуң-бурчунан күнүнө болгону 150-200 баш гана керек.

Малды той жана тажияларга эле алышат, ошондуктан фермерлер кайда батырарын билишпейт. Аймактарды өнүктүрүү зарылдыгын, башка мамлекеттерге товар сатуу үчүн чоң, заманбап эт комбинатын куруу керектигин түшүндүм.

— Ишкананы эмнеге дал Балыкчыда курууну чечтиңиз?

— Баары ушуну сурашат. Долбоордо дал ушул шаарда курууну сактап калуу үчүн көп талашып-тартышууга туура келди. Совет убагында Балыкчы өнөр жай шаары болгонун, ири эт комбинаты иштеп турганын билчү белеңиз? Бул жер капысынан тандалган эмес, Балыкчы үч – Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарын байланыштырып турат. Логистика боюнча бул эң мыкты вариант.

— Эт комбинатын ачууда эң татаал баскыч эмне болду?

— Акчаны, инвесторду табуу. Жер тилкесин 2016-жылы сатып алдык. Ошондон кийин Балыкчыда эки жыл жашап. Жерди кайтарып, пескоблок коюп жана башка иштерди жасадым. Чет элдик инвесторлор келгенинде костюм кийип, галстук тагынып, папка көтөрүп жолугушууга жөнөчүмүн.

Инвесторлор көптү убада кылышат, бирок кийин жоголуп кетишет. Дээрлик бир жыл күнү-түнү аркасынан чуркаткан кытайлык ишкерлер келген, кийин алардын эл аралык аферисттер экени аныкталды.

Предприниматель Марат Зарыпбек уулу, который занимается строительством огромного мясокомбината в Балыкчи
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Кыялын жүзөгө ашырууга Марат Зарыпбек уулу жети жылын жумшаган. Жаш жигит бул мезгилде көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн жашырбайт. Баарынан да акча табыш кыйын болгон

— Эмнеге чет өлкөлүк ишкерлер Кыргызстанга инвестиция салуудан баш тартышат? Ишенишпейби?

— Көпчүлүгү дароо өз үлүшүнүн өлчөмүн айтышкан жемкорлордун айынан бул жакта көйгөйлөрү болгон. Инвесторлор мындай нерселерден качышат. Аларга кол кабыш кылып, жардамдашуу керек, себеби жок дегенде бирөөнө жакса, ал башкаларга айтат, башкалар да тартылат. Ар бир инвесторго жармашыш керек.

— Акыры кайдан каражат таптыңыз? Долбоордун наркы бир далай акча.

— Ооба, 8 миллион доллар, биз бул боюнча ачык айтып келебиз. Теледеги жаңылыктардан Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун иши тууралуу, төмөн пайыз менен насыя берерин, алар менен иштөө пайдалуу экенин угуп калдым. Тапшырык бердик, алар жактырды.

Фонд сегиз жылга төрт пайыздык жылдык чен менен 2,5 миллион доллар бөлдү. Бул үчүн ага ырахмат! Калган сумманы ассоциациялардын бири жана белгилүү ишкер берди. Салынган каражатты 2-3 жылда актайбыз деп турабыз.

— Эт комбинаты кандай өндүрүмдөрдү чыгармакчы?

— Адегенде мал соебуз. Кийинки кадамдар суроо-талапка жараша болот, муздатылган эт өндүрүп, вакуумдук таңгакта ташууга болот. Кардарларга баарын: чийки сүрсүтүлгөн эт, колбаса, чала фабрикаттарды сунуштоого даярбыз. Ал түгүл устукандап да бере алабыз.

Предприниматель Марат Зарыпбек уулу, который занимается строительством огромного мясокомбината в Балыкчи
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Зарыпбек уулу: жумушуңуз, акчаңыз болбосо сизге кыйын эле. Тойлор, тажиялар өтүп турат, ал эми булардын баарына акча керек

— Жергиликтүү тургундар ири ишканалардын курулушуна көп каршы чыгып келишет...

— Жок, жергиликтүү жашоочулар абдан жакшы кабыл алышты! Эт комбинаты экологияга таасир этпей турганын, өндүрүштөн кандайдыр жыт чыкпасын түшүндүрүү үчүн биз атайын презентация даярдаганбыз. Биздин жабдуулар Италиядан, абдан сапаттуу. Биз союлган малдын канын да, ичеги-карынындагы массаны да кайра иштетебиз.

— Кан кантип кайра иштетилет?

— Ал 95 пайызга кургатылып, үбөлөндү (порошок) түрүндө сатылат. Ит, мышык, балыктарга жем же жөн гана жер семирткич катары да пайдаланууга болот.

— Эт өндүрүшү — оңой-олтоң иш эмес, жакшы технологдор талап кылынат. Аларды кайдан табасыздар?

— Жакында италиялык адистер келет, алар бизге жергиликтүү жашоочулардан команда топтоого жардам берет. Маяна болжол менен 15-30 миң сомду түзөт. Кудай жалгап Балыкчыда совет убагында эт комбинатында иштеген адамдар калыптыр. Алардын баары бизде иштөөгө кызыкдар.

Биз 50 чакты кишини жумушка алууну пландадык, бирок иш башында гана ушундай. Мындан сырткары, миңдеген фермерлер бизге өнөктөш болот. Окутуп гана тим калбай, аларга көмөктөшөбүз. Мисалы, бир кишинин короо-жайы бар, бирок малы жетишерлик дейли, биз ага колдоо көрсөтө алабыз. Оголе чоң пландарды койдук.

— Бир маселе бар, Кыргызстанда өндүрүлгөн эттен антибиотик таап жатышат. Билишимче, малга гормон жана стероиддерди көп беришет. Бул менен кантип күрөшмөкчүсүз?

— Эң туура коюлган суроо. Биз бир нече айдан бери аймактарды кыдырып, кайсы дарыны малга кантип берүү боюнча фермерлерди окутуп келебиз. Андан тышкары биздин өз лабораториябыз бар. Анда канды текшерүү менен малга мурда антибиотик жана башка препараттар берилип-берилбегенин 15 секундда аныктап коет.

Предприниматель Марат Зарыпбек уулу, который занимается строительством огромного мясокомбината в Балыкчи
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Зарыпбек уулу: укмуш машиналарды минген, жакшы кийинген студенттер бар эле. Эмнеге мен анте албайм деген ойлор келе берчү

— Дүйнө жүзүндө пандемиянын айынан өндүрүштөр жыйыштырылууда, ал эми сиздер ачылып жатасыздар...

— Ооба, биз да жабыр тарттык, себеби жабдууларды Италиядан буюртма кылганбыз. Ал эми бул чек араларын биринчилерден болуп жапкан өлкөлөрдүн катарында болбодубу. Бизге да ишти токтотуп турууга туура келди. Чоң көйгөйлөргө тушуктук. Бирок эч нерсеге карабай үч айдан кийин, тагыраагы, мартта ачылууну пландадык.

— Статистикага үңүлсөк, Кыргызстан башка мамлекеттерге эт да эмес, колбаса менен тушенка да эмес, мал сатат. Эмнеге?

— Бизде тушенка, башка консервалар да, колбаса да чыгарылат, бирок аз көлөмдө. Анткени инвестиция жетишсиз. Эгер инвестиция болгондо биздеги даамдуу этти дүйнөгө даңазалай алар элек. Кудай буюрса, биз буга жетебиз!

Казынага миллиондорду төгөбүз, фермерлерге көмөктөшөбүз. Бул эт комбинаты мамлекетке да, бизге да, аймактын карапайым тургундарына да пайдалуу.

3648
Белгилер:
ишкер, инвестор, комбинат, эт, Балыкчы
Тема боюнча
Үрөй учурат! Берлиндин эң кооптуу районундагы жашоону көргөн кыргыз кыздын маеги
Баары эле жылмайышат… 23 жашында миллион сом тапкан кыргыз жигиттин баяны
Ош эл аралык аэропорту. Архив

Красноярск Ош Красноярск чартердик каттамы ачылды

58
(жаңыланган 15:59 25.01.2021)
Буга чейин Жарандык авиация агенттиги Россияга болгон авиабилеттердин баасын арзандатуу жана рейстерди көбөйтүү аракеттери көрүлүп жатканын билдирген.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Красноярск – Ош – Красноярск чартердик аба каттамы ишке кирди. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

23-январь күнү Красноярск шаарынан учуп келген "Икар" авиакомпаниясы алгачкы учагы "Ош" эл аралык аэропортуна келип конгон.

"Алгачкы каттамда Ош калаасына 125 жүргүнчү учуп келип, Красноярск шаарына 189 жүргүнчү учуп кетти", — деп жазылат маалыматта.

Жаңы ачылган чартердик каттам жумасына бир жолу — ишемби күнү учары кошумчаланды.

Буга чейин Кыргызстан Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев Россияга болгон авиабилеттердин баасын арзандатуу жана рейстерди көбөйтүү аракеттери көрүлүп жатканын билдирген.

58
Белгилер:
учак, Красноярск, Ош, аба каттам
Тема боюнча
Кыргызстан Россияга авиабилетти арзандатып, рейстерди көбөйтүүгө аракет жасайт
Кыргызстандан Россияга кантип учуп кетүү керек? Элчиликтин түшүндүрмөсү

Дүйнөдө биринчи жолу бейтаптын колун ийини менен кошо салып беришти. Видео

146
(жаңыланган 15:35 25.01.2021)
Исландиялык киши 20 жыл мурда электр тогуна урунуп эки колунан тең ажырап калган. Бейтап 2013-жылы эле операция жасатмак, бирок донорду издөөгө убакыт кеткен.

Франциянын Лион шаарында дүйнөдө биринчи жолу бейтаптын колун ийини менен кошо салып беришти. Бул тууралу The Guardian басылмасы жазды.

Трансплантация 13-январда Эдуард Эррио атындагы клиникада жүргүзүлдү. Операцияга даярдык көрүүгө 50 ак халатчан тартылса, аны жасоого медиктердин төрт бригадасы катышып, колдорду "жамоо" 15 саатка созулган.

48 жаштагы исландиялык Феликс Гретарсон 20 жылы мурда электр тогуна урунуп, эки колунан тең ажырап калган. Андан бери ондогон операция жасаткан. Бейтап Лионго 2013-жылы операция жасатууга уруксат алгандан кийин көчүп келген. Бирок донорду издөөгө бир нече жыл кеткен. 

Операциядан кийин оң колу сол колуна караганда батыраак калыбына келерин айтышкан. Себеби сол жак ийиндин бардыгын калыбына келтирүүгө туура келген.

Азырынча Феликс Гретарсон колдору менен өз алдынча кыймылдай албайт.

Тогуз күндөн кийин исландиялык киши клиникадан биринчи видео кайрылуусун жасап, дарыгерлердин бул керемет ишине эбегейсиз ыраазылыгын айткан.

Ролик оорукананын YouTube-канале каналына жүктөлгөн.

146
Белгилер:
кол, бейтап, трансплантация, операция, Франция
Тема боюнча
Баш тынбай ооруйт. Онколог мээдеги рактын алгачкы белгилерин атады
Кыздын силуэти. Архив

Кочкордо киши колдуу болгон келиндин сөөгү табылды. Шектүү изделүүдө

0
(жаңыланган 17:11 25.01.2021)
Келиндин өлүмүнө шектелип Кочкордогу жергиликтүү тургундун малын багып жүргөн чабан изделүүдө. Маркум Сокулук районунун 23 жаштагы тургуну болгон.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кочкор районундагы сарайлардын биринен киши колдуу болгон 23 жаштагы келиндин сөөгү табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматы кабарлады.

Аялдын каза болгону тууралуу 23-январь күнү 30 жаштагы К.Б. аттуу жергиликтүү тургун кабарлаган. Ал ошол күнү Тынай-Булак кыштоосунда малын багып жаткан 26 жаштагы чабандан кабар алганы барып, кашардагы үйдөн келиндин сөөгүн көргөнүн айткан.

"Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу келиндин киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгүн аныктаган. Маркум Чүй облусунун Сокулук районунун 1998-жылы туулган тургуну К.К. экени такталган. Учурда К.Бнын малын багып жаткан малчынын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", — деп жазылат милициянын маалыматында.

Факты Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

0
Белгилер:
келин, Кочкор, шектүү, кылмыш, өлүм
Тема боюнча
Арактын айынан... Токмок шаарында үч адам киши колдуу болду