БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдүн айрым жерлеринде жарыктын өчүп калышына Өзбекстандын энергосистемасындагы авария себеп болду. Бул тууралуу “Улуттук энергетикалык тармак” ААКнын маалымат кызматынын жетекчиси Эльзада Саргашкаева билдирди.
Буга чейин бишкектиктер үйүндөгү жарыгы өчүп калганын соцтармактарга жазышкан. Чүйдүн айрым жерлеринде дагы жарык берүү үзгүлтүккө учураган.
Саргашкаеванын айтымында, 8-январь күнү саат 19:03тө Өзбекстандын энергосистемасында күчү 400 МВт болгон энергоблокто авария болгон. Бирок аварияга каршы автоматика ишке киргендиктен көйгөй жоюлган. Натыйжада 19:16да республика боюнча жарык берүү калыбына келген.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Роспотребнадзор мекемесинин Эпидемиология институту COVID-19ду 60-90 мүнөттүн ичинде аныктап берчү тест-система иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган институттун директору Василий Акимкиндин сөзүнө таянып РИА Новости жазды.
"Биз вирусту аныктоо убактысын үч-төрт эсеге кыскарта алдык. Мунун негизинде тест-система иштеп чыктык. Эффективдүүлүгү жагынан кадимки ПЦР-тесттерден калышпайт. Жакынкы күндөрү аны COVID-19дун Улуу Британияда табылган жаңы штаммын аныктап көрүү үчүн жөнөтөбүз", — деди Акимкин.
Окумуштуулар жугуу жагынан күчтүүрөөк деп айтылып жаткан жаңы штаммдарды тез аныктоону максат кылууда.
Ошондой эле адистер жаңы тест-система вирустун мутация болгонун же болбогонун дагы так көрсөтүп берерин кошумчалашты.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Эл өкүлү коррупцияга шектелип колго түшүрүлгөн. Ал 15-январь күнү Ош шаарынан кармалып, Бишкекке алып келинген. Кадрдан колуна кишен салынган депутатты атайын кызматтын куралчан аскерлери учактан түшүрүп, андан соң УКМКнын имаратына алып кирип кеткенин көрүүгө болот.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат Төрөкулов эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.
Белгилей кетсек, Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңеште "Бир Бол" фракциясынан депутат. Октябрдагы башаламандык учурунда Ош шаардык мэриясын басып алып, өзүн-өзү мэр деп жарыялап эки күн отурган.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Белгилүү режиссёр, КР эл артисти Артыкбай Сүйүндүков XXVI Калькутта эл аралык кинофестивалында (Индия) "Мыкты режиссёр" наамына ээ болду. Бул тууралуу "Кыргызфильм" маалымдады.
Фестивалдын алкагында өткөн сынакка Кыргызстандын атынан Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы катышкан. Жыйынтыгында кыргызстандык режиссёр мыкты деп табылды.
Толук метраждуу "Шамбала" тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Буга чейин россиялык "Киношок" фестивалында эки сыйлыкка татыган.