БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 2021-жыл экологияны коргоо жылы деп жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.
Жыл сайын суук түшөрү менен Бишкекти ыш каптап, чоң көйгөй жаратат. Iqair.com сайтынын рейтинги боюнча борбор калаа дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын сап башына чыгууда. Абанын булгануусунун деңгээли “кооптуу” деп бааланууда.
БИШКЕК, 18-янв.— Sputnik. Россия пандемиянын мизин кайтара турган препарат тапты. Батышта россиялык илимге наадандык менен мамиле кылуу бар деп жазган Sputnik франциялык Monde diplomatique басылмасына шилтеме кылып.
Макаланын автору Федерико Кусконун пикирине таянсак, Батыш орустардын медицинасынан кабары жок болгондуктан "Спутник V" вакцинасынын чыгышын кайдыгерлик жана сындаган ар кыл пикирлери менен тосуп алды.
"Маданий, саясий, тилдик абдан эле чоң айырмачылыктан улам алар россиялык демилгелерди шектенүү менен кабылдашат", – деп белгиледи журналист.
Ал препаратты иштеп чыгуу Россиядагы олуттуу илимий тарыхый чынжырчанын жыйынтыгы болгондугун айткан. Анткен менен батыштык "жомокчулар" россиялык илимий жетишкендиктерди жылдап танып келишкен, эми вакцинанын жасалышына да таң калып турган кези.
"Фармацевтик лабораториялар өзүнүн дарыларын асмандаган баада таңуулаган АКШдан, Евробиримдиктен айырмаланып, Россия акчанын артынан куубайт", – деп жазган Куско.
Журналисттин пикирине караганда, азыр ар кыл мамлекеттерде жайылтылып жаткан "Спутник V" дарегине болгон шектенүүлөрдү 50 жылдан кийин эч ким эстебейт.
Эскерте кетсек, Курал Чокоевдин чакырган мейманын шылдыңдап-мазактап, уят сөздөрдү айтууга жол берип, кальян чеккен программасы бир топ ызы-чуу жаратты. Аталышы да оозго алгыс берүү Чоковедин YouTube каналына эки жолу чыгып, биринде Кайрат Салмакеев, экинчисинде Кайрат Примбердиев конок болгон. Элдин сыны менен нааразылыгынан кийин Чокоев ал долбоорун жабууга мажбур болгон.
Мындан кийин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Чокоевге 2011-жылы ыйгарган "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин кайтарып алуу боюнча буйрук чыгарган. Ошону менен бирге президенттин аппаратына Кайрат Примбердиевди "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамынан ажыратууну сунуштап кат жолдогон болчу.
Курал Чокоев "Маданияттын мыкты кызматкери" белгиси ал үчүн эч кандай мааниге ээ эмес экенин, пайдасы да жогун айтып чыккан. Ырчынын айрым кесиптештери да колдоо иретинде наам-сыйлыктардан азыр эч кандай пайда-бата жок экенин, керек болсо анын баарынан баш тартууга даярдыгын айта башташты.
Искусство өкүлдөрү чыгармачылык жолунда алган наам-сыйлыктарынын чынында эле кадыры жокпу? Биз ушул суроонун айланасында ой жүгүрттүк.
"Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси чынында ээсине эч кандай артыкчылык бербейт, айлыгына да кошумча боло албайт, жеңилдиги да жок. Бул белги менен маданияттын өнүгүүсүнө жекече салым кошкон адамдар сыйланат. Мындай сыйлык ар тармакта бар, мисалы, "Билим берүүнү мыкты кызматкери", "Медицинанын мыкты кызматкери" жана башка. Эч кандай артыкчылык бербесе да баркы бир топ эле. Бул сыйлыктын эң жаш ээси болуп аны 10 жашында алган манасчы Үмөт Дөөлөтов эсептелет.
Ачык булактардагы маалыматка караганда, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамы артисттер менен режиссерлордон баштап хор жана хореографиялык топтордун жетекчилерине чейинки чыгармачыл адамдарга ыйгарылат.
15 жылга жетпей эле аталган наамдын ээси болуп калгандар бар. Мисалы, эстрада ырчысы Самара Каримова 26 жашында "эмгек сиңирсе", Эрнст Абдыжапаровдун "Саякбай" фильминде айтылуу манасчынын образын жараткан Марат Жантелиев аталган наамга өмүр бою театрда иштеп 57 жашында, өлөрүнө бир жыл калганда, араң жеткен. Ушундай эле наамга Кайрат Примбердиев да ээлик кылат.
Театр жана кино сценаристи, драматург, котормочу Алтынай Темирова
Алтынай Темирова былтыр 60 жашка толду. Ар кыл конкурстарда алдыңкы орундарга татыган төрт театралдык постановка, Кыргызстандан башка бир катар мамлекеттерде көрсөтүлгөн эки даректүү тасма, дүйнөлүк классикадан үй спектаклдин кыргыз тилине которулушу жана коюлушу — муну баары Темированын эмгеги. Мындан тышкары, ал сценарист, бир нече китептин автору. Эл аралык адабий фестивалдарда далай ирет Кыргызстандын намысын коргоп, чет элдиктерди кыргыз адабиятынын классикасы менен тааныштырып келген. Бирок дагы деле "эмгеги сиңе элек".
Кыргыз драма театрында бир нече жыл адабий бөлүмдү жетектедим. Наам ыйгарууга документтерди даярдап, комиссияга жөнөтүү менин милдетим болчу. театрда иштеген жүз кишинин ичинен татыктуусун тандап, документтерип чогултуп министрликке жөнөтчүмүн. Бирок эмнегедир сыйлык таптакыр күтүүсүз адамдарга берилип калчу, татыктуулар чанда гана алып калар эле. Комиссияны караш керек, ал жакта абийирдүү адамдардын отурушу кажет. Бул тармак эбактан бери реформага муктаж.
Ырчы, актриса, КРдин эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева
— Мен "Эмгек сиңирген артист" наамын алган 2009-жылы айлыкка 5000 сом кошулчу, эки-үч жыл ушундай айлык алып жүрдүм. Азыр мамлекеттик мекемеде иштесең белгиленген 2500 сом аласың. Стажың, тажрыйбаң, эч нерсең каралбайт. Эмгек сиңиргендердин баары ушундай акча алат. Мындан сырткары, жылына эки ирет Президент менен өкмөттүн иш башкармалыгынын ооруканасынан акысыз текшерүүдөн өтүп, дарыланууга укугубуз бар.
Мен үчүн алган ар бир грамотам, дипломум баалуу. Бул элдин сүйүүсү, менин чыгармачылыгыма болгон сый. Демек, мени таанып-билишет, жакшы көрүп угушат. Мен үчүн эң маанилүүсү ушул.
Кино жана театр актеру Назым Меңдебаиров
Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын башкы режиссеру жана көркөм жетекчиси Назым Меңдебаиров кино жана театр искусствосу үчүн көп эмгек кылган адамдарга мамлекеттин көңүл бурбай жатканына нааразы болду. Анын айтымында, сыйлыктарга көбүнесе шоумендер татып келет.
Азыр ар бир театрда наамга талапкерлердин чаң баскан документтери толтура. Мен курактуу Аскат Сулайманов, Альбина Имашева, Нурлан Салидинов кино менен театр искусствосуна кандай салым кошушту, бирок ушу кезге чейин эч нерсе алыша элек! Театрыбызда 60ка келип калган Айсалкын Осмонова эжебиз бар, керек болсо "эмгек сиңиргенди" ала элек. "Эл артистин" ала турган актрисаларыбыз бар. Мен деле 2000-жылдан бери "Эмгек сиңерген артист" наамына көрсөтүлүп келе жатам, 20 жыл өттү, жок. Буга чейин мамлекет тарабынан кичине жакшыраак көңүл бурулчу. Биз дайым эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болуп келгенбиз. Азыр болсо шоумен, ырчылардын заманы. Көбү шайлоо өнөктүгүндө иштейт, ушундан улам да наам алгандар көбөйдү.
Театр жана кино актеру Азиз Мурадиллаев
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев наам ыйгаруу процессин кайрадан карап чыгуу керектигин белгиледи.
— Бул наамдар бизге Советтер Союзунан мурасталып калган. Ал убакта сейрек ыйгарылып, чындап татыктуулар алчу. Наамдын күчү зор эле, кадыры күчтүү боло турган. Азыр, тилекке каршы, баркы кетти, "эмгеги сиңгендер" ого эле көп, мунун себеби да толтура. Наам ыйгаруунун ыраатын карап чыгуу зарыл.
Мурадиллаев аталган наамды режиссер Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасынданы Алымбек датканын ролу үчүн алган. Азыркы тапта мамлекеттик мекемеде иштебегендиктен, 2500 сом кошумча акы албайт.
"Кыргыз Республикасынын эл артисти" наамы бир нече жыл мурун (5 жылдан кем эмес) "эмгек сиңирген" наамын алган искусство менен маданияттын кесипкөй, эл тарабынан эмгеги бааланган адамдарына ыйгарылат.
Белгилүү актер, Эл артисти Чоро Думанаевдин айтымында, бул ардактуу наам айлыкка бир топ акча каражатынын кошулушун шарттайт (ачык булактардагы маалымат боюнча 5000 сом). Мындан тышкары, жубайы жана 18 жашка чейинки балдары Президент менен өкмөттүн иш башкармалыгынын ооруканасынан акысыз текшерүүдөн өтүп, дарылана алат.
— Балдар дарыланып деле кыйраткан жок, байбичем экөөбүздөн арткан жок, — дейт ооруканага жатууга камынып жаткан Думанаев.
Тилекке каршы, акыркы эки жылда кыргыз эли режиссер Бакыт Карагулов, актерлор Ашырбек Чокубаев, Турсун Уралиев, композитор Калыйбек Тагаев, айтылуу акын Элмирбек Иманалиев сыяктуу бир катар залкарларынан айрылып калды.
Ал арада Кайрат Примбердиевдин наамы сакталып калганы кабарланды.