БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдында ыш менен күрөшүү үчүн экологиялык кеңеш түзүлгөндүгүн калаа башчылыгынын маалымат кызматы билдирди.
Экокеңешти турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жетектейт. Кечээ мэрия жетекчилеринин, экологдордун, активисттердин жана өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артём Новиковдун катышуусу менен биринчи отурум болуп өткөн.
Жыйында ЖЭБди жана жеке секторлорду газ менен жылытуу жагы талкууланып, эксперттер Бишкекти жашылдандыруу долбоорун тааныштыруу менен бир катар сунуштарды беришкен.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Италиялык "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду расмий беттештерде киргизген голдорунун саны боюнча футбол тарыхында биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
35 жаштагы спортчу кечээ Италиянын Суперкубогу үчүн "Наполи" менен оюнда гол киргизди. Беттеш 2:0 эсеби менен туриндиктердин пайдасына аяктаган.
Бул Роналдунун профессионалдык карьерасындагы клуб жана улуттук командасы үчүн киргизген 760-голу болду. Муну менен ал Австрия жана чехословакиялык футболчу Йозеф Бицандан ашып өттү. 1950-жылдары ойногон чабуулчу атаандаштарынын дарбазасына 759 ирет топ киргизген.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кытайда кайгуул полиция кызматкери бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра дароо эле жумушка чыкты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы кабарлады.
Салтанат Кытайдын Хэбей провинциясында өткөн. Анда жумушунан бошобогон полиция кызматкери түшкү тамактануу учурунда убакыт таап, келинчеги менен бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра эле кызматына жөнөгөнү айтылат.
Түгөйлөр 15-январда баш кошкон.