БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Чүйдүн Панфилов районунда милициянын көчмө пунктулары иштеп баштады. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Ички иштер министрлиги эки ички иштер бөлүмүнө атайын жабдылган кичи автобустарды өткөрүп берген.
"8-январдан тарта алар кылмышты алдын алуу боюнча иштерди жүргүзө баштады. Алардын аткара турган башкы милдети жарандардын арыз-даттанууларын өз убагында кароо болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Көчмө милиция пунктунун ар биринде үчтөн көп кызматкер нөөмөттө болушат. Мобилдик кабылдама калкка укуктук жардам дагы көрсөтөт.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кытайда кайгуул полиция кызматкери бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра дароо эле жумушка чыкты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы кабарлады.
Салтанат Кытайдын Хэбей провинциясында өткөн. Анда жумушунан бошобогон полиция кызматкери түшкү тамактануу учурунда убакыт таап, келинчеги менен бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра эле кызматына жөнөгөнү айтылат.
Түгөйлөр 15-январда баш кошкон.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Азыр мамлекеттик ипотека алуу үчүн документтерди тапшырууга болгону жарым сааттык убакыт талап кылынат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрайымы Элмира Абжапарова билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтүп жаткан брифингге катышууда.
Абжапарованын айтымында, былтыркы жылдан тарта арыздарды кабыл алуу үчүн электрондук портал ишке киргизилген.
"Мурда документтерди тапшырууга орто эсеп менен үч айдай убакыт кетчү. Кагаздарды чогултууга эле бир топ убакыт, каражат талап кылынчу. Азыр ар бир адам өзүнүн уюлдук телефону аркылуу жарым сааттын ичинде ишин бүтүрүп алат. Портал "Түндүк" системасына кошулган. Андыктан мурда жаран кезекте туруп, кагаз түрүндө алган документтерди азыр өзүбүз даярдап алабыз", — деди Абжапарова.
Ошондой эле ал учурда бул багыт бир топ өнүккөн Азербайжан менен тажрыйба алмашуу болуп жатканын кошумчалады.