Түркиянын эң күчтүү окуу жайында жогорку билим алып, магистратураны Испанияда улантып, докторантураны Германияда окуп жаткан Айтурган Жээнбекова

Европада ийгилик жараткан 23 жаштагы кыргызстандык Айтургандын баяны

4366
(жаңыланган 00:13 10.01.2021)
Түркиянын эң күчтүү окуу жайында жогорку билим алып, магистратураны Испанияда улантып, докторантураны Германияда окуп жаткан Айтурган Жээнбекованын резюмесинен эле баш айланат. Мекендешибиз 23 гана жашта, бирок чоң жолду басып койду.

Маектешим экөөбүз куракташ экенбиз. Бул жашка келип бейтааныштар менен сүйлөшүүдөн чочулаганым эми араң калып барат, ал эми Айтурган мыкты германиялык лабораториялардын бирине өтүп, гендик транскрипцияларды изилдеп жаткан чагы...

— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

— Ата-энем — дарыгерлер, Медициналык академияны аякташкан. Үйдө тун перзентмин, Ошто төрөлүп-өскөм. Алтынчы класстан кийин түрк лицейге тапшырып, 100 пайыздык арзандатуу менен окугам. Башталгыч мектептен тарта математиканы сүйүп окуйм. Августта, окуу жылы башталардын алдында китеп таратышат эмеспи, колума тийген күнү эле эсеп чыгарууга ашыкчумун. Сентябрга чейин баарын чыгарып үлгүрчүмүн. Менимче, бул биздин үй-бүлөгө таандык сапат, себеби атам да математиканы жакшы көрчү. Чоң апам математикадан сабак берчү.

— Адатта улуу балдар кичүүлөрүн карап, анын айынан алар өспүрүмдүк куракты туйбай, кээде окуудан да аксап калышат. Сизде ошондой болдубу?

— Жок, ата-энем жагынан жолдуумун. Алар мени дайыма колдоп, окууга убакыт арноого шарт түзүп беришкен. Иним экөөбүз удаабыз, ошондуктан үй иштери ортобузда калыстык менен бөлүнгөн.

— Эмнеге генетиканы тандап алдыңыз? Бул сейрек кесип, биздин өлкөдө түзүгүрөөк да окутулбайт...

— Көп нерсеге кызыккандыктан бир адистикти тандоо татаал болгон, бирде юрист, кээде туруп врач болгум келчү... Медицинага көбүрөөк ыктадым, анткени күн сайын адам өмүрүн сактаган ата-энем мага көз алдымда үлгү эле. Так илимдерге болгон кызыгуумдан улам биохимиялык долбоордо өз күчүмдү сынап көрүүнү чечкем. Ошондо илим менин алектенгим келген тармак экенин аңдадым.

Биология сабактарында 11-класста генетикага бир нече саат бөлүнгөн. Ошентип бул багытка тартылып кеттим, предметтин бир бөлүмү гана эмес, мага жаккан бардык, анын ичинде математиканын жыйындысы экенин түшүндүм.

Балким, кыялкечтик катары кабылданар, бирок бала кезимден адамдарга жардамдашып, дүйнөнү өзгөрткүм келчү. Балким, окумуштуулукту тандаганым мага глобалдуу иштөөгө мүмкүнчүлүк берип, чындап эле көп адамдарга пайдам тиер. 

Сотрудница лаборатории в Германии, кыргызстанка Айтурган Жээнбекова
© Фото / из личного архива Айтурган Жээнбековой
Түркиянын эң күчтүү окуу жайында жогорку билим алып, магистратураны Испанияда улантып, докторантураны Германияда окуп жаткан Айтурган Жээнбекова 23 гана жашта, бирок чоң жолду басып койду

— Түштүк Кореяга да аттанып кала жаздапсыз, бирок Түркияны тандапсыз. Эмне үчүн бул өлкө?

— Бир чечимге келердин алдында ар кандай адамдар менен кеңештим. Алардын бири мен тандай турган эки окуу жайда тең билим алыптыр. Ал: "Эмнени көбүрөөк каалайсың: кызыктуу студенттик турмуштубу же чыныгы күчтүү билимдиби?" – деп сурап калды.

Мен Жакынкы Чыгыш техникалык университетинде (ODTÜ – METU) окууну тандадым. Ачыгын айтсам, ал жакка өтө аларымды да элестете алган эмесмин, анткени кеп Түркиядагы эң мыкты техникалык окуу жай жөнүндө эле. Эгер чет өлкөдө окумуштуулардын тизмесинен түркиялыктардын аты-жөнүн көрүп калсаңыз, 90 пайыз ишенимдүүлүк менен алар аталган университеттин бүтүрүүчүсү дей берсеңиз болот.

Түркия биздин жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алат, ал эми менин колумда "алтын сертификат" бар эле. Ошондуктан бактымды сынап көрдүм. Абитуриенттер каалаган төрт кесипти көрсөтө алат, мен эң башкы сапта молекулярдык биология жана генетика деп белгиледим. Жакынкы Чыгыш техникалык университетинен чакыруу алганымда Түштүк Кореядагы жогорку стипендиялуу окуудан баш тарттым.

— Түркияда да бюджеттик бөлүмдө окудуңузбу?

— Ооба. Айтмакчы, бул өлкөдө мамлекеттик университеттерде окуу анчалык деле кымбат эмес, өлчөмдөрү Кыргызстандагыдай эле. Мисалы, биздин окуу жайда 20 миң сомдун тегерегинде болчу.

— Түркияда окуу канчалык татаал болду?

— Татаалдыгы алгачкы күндөн тарта башталды, эч нерсе түшүнбөйм! Мектептеги база жетишсиз болуп турду, анткени математикага көбүрөөк көңүл бурупмун. Ал эми окуганым молекулярдык клеткалык биология… Биринчи экзаменди тапшыра албай калып, бир күн ыйладым. Университеттен кетип калуу да ойго келбей койбоду. Бирок ошентсе да өзүмө бир мүмкүнчүлүк берип, дагы тырышууга күч топтоп, эгер курсташтарым бир саат окуса, мен эки саат даярданайын деп чечтим. Экинчи экзаменди мыкты тапшырдым. Ошентип баарын таштай басып кетүү жөнүндө ойлонбой калдым.

— Айрым теңтуштарыңыз күнү-түнү жыргап жүрүшөт, сиздин эс алууга бош мүнөтүңүз да жоктугуна ыза болбойсузбу?

— Мен жеткен үй күчүкмүн. Пандемия башталганда баары үйгө камалгандан кыйналып турганда деле мага жакшы эле болчу. Иним экөөбүз бала кезибизден жоош, үйдөн көп чыкпайбыз. Үй-бүлөбүз бүт эле ошондой. 

Сотрудница лаборатории в Германии, кыргызстанка Айтурган Жээнбекова
© Фото / из личного архива Айтурган Жээнбековой
Айтурган Жээнбекова: алтынчы класстан кийин түрк лицейге тапшырып, 100 пайыздык арзандатуу менен окугам. Башталгыч мектептен тарта математиканы сүйүп окучумун

— Түркияда окууну аяктаганда Германия, Франция, Испаниянын бир нече окуу жайына өткөн экенсиз. Кантип буга жетише алдыңыз?

— Практика жана жакшы баалар жетиштүү болсо, окууга өтүү кыйын эмес. Түркияда окуп жүргөнүмдө эки лабораторияда иштеп, Францияда эсептөөчү биология тармагында жайкы такшалмадан өтүүгө үлгүргөм. Натыйжада мага сунуштоо катын жазып берүүгө даяр үч профессор бар эле. Документ топтоп, ар кайсы окуу жайларга тапшырдым. Көпчүлүгү эсептөөчү биологияга байланыштуу болчу, себеби "кургак" лабораторияда иштегим келчү.

— "Кургак" дегениңиз эмне?

— Биздин тармакта лабораториялардын эки: "кургак" жана "нымдуу (суу)" түрү бар. Биринчисинде сен компьютерде отурасың да ири биомаалыматтарды талдоо үчүн код жазасың, экинчисинде химикаттар менен иштейсиң. Айтмакчы, Түркияда ушул көйгөйлүү эле, тийиштүү заттар кээде жетпей калып, көпкө күтүүгө туура келчү. "Кургак" лабораторияга ооп кеткениме жана биоинформатика менен алектенип калганыма ушул да себеп болгон. Ал жакта мен код жазып, эки биологиялык дата-базалардын ортосунда көпүрө жаратчумун. Бул башка изилдөөчүлөрдүн ишин жеңилдетчү. Ушул долбоорду бүтүрүүгө үлгүрбөй калгам, бирок кайра улантам деген үмүттөмүн.

— Ошентип магистратураны Испанияда, дал Барселона илим жана технологиялар институтун аяктапсыз. Ушул боюнча да токтолсоңуз.

— Геномдук жөнгө салуу борборуна өтүп, долбоорго баш-отум менен кириштим. Ишим жарым-жартылай "нымдуу (суу)", жарымы "кургак" лабораторияда эле. Демек, сен адегенде эксперименттерди жүргүзөсүң, кийин алынган маалыматтарды өзүң анализдеп чыгасың.

Европада химикат тартыш болбосо керек, программа да бир жылдык, жыл айланбай магистрдик даража алып чыгууга болот деген ой менен тапшыргам. Институт окуу жана жашоо чыгымдарын жаба турган стипендия да берет. Ал түгүл лаборатория мага Кыргызстандан Испанияга эч тоскоолсуз жетип алышым үчүн билет да сатып берди.

— Анан испаниялык аэропортко кондуңуз... Кандай сезимдерге чулгандыңыз ошондо?

— Барселонага бараткан жолдо жоголуп кетсемчи, үй таба албай калсамчы же дагы бир нерсе болсочу деп чочуладым. Бир жактан кеткенде капалана берем. Бирок күнгө тотуккан пальмаларды көргөндө баягы санаалар тарап кетти.

Учактын трапында эле испандардын ачык жана боорукердигин байкадым. Алар менин чоң чемоданымды колумдан алып түшүүгө жардамдашышты. "Бул шаар мени кабыл алды, мен эмитен эле жакшы көрүп калдым", — деген ой келген.

Барселонада аба ырайы жакшы, ал эми биздин илимий борбор деңизден анча ыраак эмес. Жергиликтүү тургундар жылмайып, сый келишет, анан да эс алганды жактырышат. Мисалы, банктар саат экиге чейин эле иштейт. 

Сотрудница лаборатории в Германии, кыргызстанка Айтурган Жээнбекова
© Фото / из личного архива Айтурган Жээнбековой
Айтурган Жээнбекова: практика жана жакшы баалар жетиштүү болсо, окууга өтүү кыйын эмес. Түркияда окуп жүргөнүмдө эки лабораторияда иштеп, Францияда эсептөөчү биология тармагында жайкы такшалмадан өтүүгө үлгүргөм

— Сиздин жерлигиңизди укканда тааныш европалыктар кандай кабыл алышты?

— Биздин борбордо Кыргызстандан келген биринчи киши экенмин, ошондуктан бул эмне деген өлкө, эмнеси менен белгилүү жана кайда жайгашарын түшүндүрүп турууга туура келген.

— Испаниядагы магистратурадан кийин кайда аттандыңыз?

— Төрт европалык илимий институтка өттүм. Экөө Германияда, тагыраагы, Берлин жана Геттингенде, калган экөө Швеция жана Барселонада эле (мен окуган геномдук жөнгө салуу борборунда). Алардын бирин тандаш оңой болбоду, бирок акыл калчап туруп Патрик Крамер жетектеген Германиядагы лабораторияны тандадым.

Бул абдан мыкты окумуштуу, жакында эле АКШ Илимдер академиясынын сыйлыгын алды. Крамер транскрипция менен иштейт, бул – дал мен уланткым келген процесс. Башкача айтканда, мындай мүмкүнчүлүк өмүрдө бир келет, аны коё берүүгө болбойт эле.

— Германияда жыргал күндөр артта калгандай туюлган жокпу сизге? Кантсе да күн тийген Барселона жана асманы түнөргөн Геттинген — эки башка аалам го...

— Ооба, азыркыга чейин күндүн көзүн көрө элекмин! Чындап эле чоң контраст, бирок ачыгын айтканда мага Геттинген көбүрөөк жагат. Испания жакшы болгону менен ызы-чуу, эл көп жер, ал эми бул жакта тынч, бир калыпта, абасы таза.

— Лабораторияда азыр эмне менен алексиз?

— Гендик транскрипция боюнча ишти улантып жатам. Клеткаларда көп сандагы ар кандай процесстер жүрөт, мен алардын бири боюнча иштейм. Бул процесстердеги кандай гана өзгөрүү болбосун, генетикалык жана онкологиялык ооруларга алып келет. Ушул тапта рак клеткаларындагы гендердин мутациясын изилдейм.

— Кандай ачылыш жасагыңыз келет?

— Гендик транскрипцияны изилдөөнү улантып, анын аркасында турган процесстерди таанууга салым кошууну самайм. Мындай иш акыры биз рак кеселин жана башка ооруларды жеңүү үчүн керек. Окумуштуулардын милдети — изилдөө гана эмес, адамзатка көмөктөшүү. Менин глобалдык максатым ушул. 

Президент КР Алмазбек Атамбаев вручил золотые сертификаты и памятные подарки выпускникам школ, набравшим высшие баллы по результатам ОРТ.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Айтурган Жээнбекова: мекенге кайткым келет. Албетте, бул алыскы келечекте, себеби докторантураны үч жылдан кийин аяктайм. Андан кийин эки-үч жыл чет өлкөдө иштеп, өзүмдүн илимий лабораториямды ачууга ниеттенем. Андан кийин гана Кыргызстанга кайтып, өлкөдө илимди өнүктүргүм келет

— 23 гана жаштасыз. Илимий топто эң кичүүсү сизби?

— Ооба, лабораториябызда 50 чакты киши иштейт, баары менден улуу. Мени менен тең чамалаш кесиптешим 28де.

— Адамдарга иши менен жеке жашоосунун бирин тандоого туура келчүдөй сезиле берчү. Сиз эки жагын тең алып кетипсиз. Сыры эмнеде?

— Кеп жеке турмуш менен карьеранын балансында. Буга мен Испанияда үйрөндүм. Илимий жетекчим саат алтыдан кийин жумушта калууга жана дем алыш күндөрү ишке келүүгө тыюу салчу. Барселонада мен эс алууну жана лабораторияда убакыт өткөрүүдөн ырахат алууну үйрөндүм.

— Жигитиңиз Кыргызстандан экен. Кантип таанышып калдыңыздар?

— Tвиттерде сүйлөшүп баштаганбыз. Ал да Германияда окуйт, келерки жылы докторантурага тапшырам деп турат. Айтмакчы, эгер мен 11-класста дүйнөлүк олимпиадага барганымда экөөбүз мурда эле таанышып калмак экенбиз. Ал ошого катышкан экен.

— Кыргызстандыктар экс-президент менен туугандык жайыңыз бар-жогуна кызыгып калышабы?

— Аябай көп болот! "Алтын" сертификат алганымда да журналисттер интервью алууга телефон чалып, алдын ала Сооронбай Жээнбековго туугандыгым бар-жогун такташкан. Ал убакта ал президент эмес, бирок жогорку кызматты ээлеп турган.

— Бул маегиңизди окуп, шыктана турган жаш мекендеш кыздарга кандай кеңеш берер элеңиз?

— Биздин кыздарга суктанам, ар тараптан кысым көрсөтүлгөнүнө карабай болуп көрбөгөндөй бийиктиктерди багынтышат. Аларга глобалдуу кыялданып, тек гана максатын көздөй бет алууну каалар элем.

— Европада жашап калууну пландайсызбы же Кыргызстанга кайтасызбы?

— Эгер ачыгын айтсам, мекенге кайткым келет. Албетте, бул алыскы келечекте, себеби докторантураны үч жылдан кийин аяктайм. Андан кийин эки-үч жыл чет өлкөдө иштеп, өзүмдүн илимий лабораториямды ачууга ниеттенем. Андан кийин гана Кыргызстанга кайтып, өлкөдө илимди өнүктүргүм келет. Анткени биз антпесек ким кылат?

4366
Белгилер:
ийгилик, Европа
Тема боюнча
Баары эле жылмайышат… 23 жашында миллион сом тапкан кыргыз жигиттин баяны
Россияда курулушта иштеген мигранттар. Архивдик сүрөт

Путин мигранттарды курулушка жумушка алуу тартибин жеңилдетүүнү тапшырды

4
(жаңыланган 11:08 19.01.2021)
Чет элдик жарандар ишке бардык санитардык талаптарды сактоо менен, бирок кыйынчылыгы жок алынышы керек. Россия өкмөтү бул боюнча өз сунуштарын 1-мартка чейин берет.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин өкмөт менен Мамлекеттик кеңештин профилдик комиссиясына мигранттарды курулуш тармагына жумушка алуу боюнча талаптарды жөнөкөйлөтүү талабын койду. Мамлекеттик кеңеш менен РФ президентинин алдындагы стратегиялык өнүгүү жана улуттук долбоорлор кеңешине берилген тапшырмалар жыйындысы Кремлдин сайтына жайгаштырылды.

Документте айтылганына караганда, кеп КМШга кирген айрым өлкөлөрдүн жарандары тууралуу болууда.

Мигранттар курулуш тармагына бардык санитардык талаптарды сактоо менен алынышы керек. Өкмөт бул боюнча өз сунуштарын 1-мартка чейин бермекчи.

"КМШнын айрым өлкөлөрүнүн жарандарын жумушка алууда COVID-19 инфекциясынын тарап кетишин алдын алуу үчүн бардык чаралар аткарылышы керек. Ошол эле учурда жумушка алуу жолдору жеңилдетилсин", — деп айтылат тапшырмада.

Жыйында Россиянын вице-премьери Марат Хуснуллин учурда курулуш тармагында жумушчу күч жетпей жаткандыктан, айрым долбоорлорду убагында бүтпөй калуу коркунучу бар экенин айтты. Ал эми Татарстандын президенти Рустам Минниханов Владимир Путинге ар кайсы объектилерге атайылап мигранттарды алып келүүнү сунуштады.

4
Белгилер:
курулуш, миграция, КМШ, Россия
Тема боюнча
ЕАЭБ пенсиясын кимдер кандай шартта алышат? 7 суроого жооп
Маразыков: айыл калкы менен бийлик ортосуна эмгек мигранттары көпүрө болот
Спутник V менен эмдөө. Архивдик сүрөт

Казакстанда "Спутник V" менен эмдөөнү эртерээк баштамай болушту

10
(жаңыланган 11:04 19.01.2021)
1-февралдан тарта коңшу өлкөдө элдин вакцина алышы керек деген катмарына препарат сайыла баштаары белгилүү болду.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Казакстан жарандарын "Спутник V" менен эмдөөнү эртерээк, тагыраагы, февралда баштай турган болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан саламаттык сактоо министри Алексей Цойго таянып жазды.

Мурдараак Медициналык жана фармацевтик көзөмөл боюнча комитет жетекчисинин орун басарынын милдетин аткарып жаткан Нурлыбек Асылбеков коронавируска каршы эмдөө февралдын аягында башталарын айткан эле.

Ошентип 1-февралдан тарта элдин вакцина алышы керек деген катмарына препарат сайыла баштаары белгилүү болду.

Министрдин айтымында, биринчи жарым жылдыкта 2 миллион жаран, экинчи жарым жылдыкта 3-4 миллион казакстандыктын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү пландалууда.

Биринчи этапта жугуштуу илдеттер боюнча ооруканада, Тез жардамда иштегендер, санитардык эпидемиологиялык жана медициналык ар кыл кызматтагылар, педагогдор, студенттер, өнөкөт оорусу барлар вакцина алмакчы.

10
Белгилер:
эмдөө, вакцинация, коронавирус, Спутник V, Казакстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коронавируска каршы эмделгенден кийин эмнелерди кылбаш керек. Кеңештер
КР калкынын канчасында коронавируска каршы антитело бар? Изилдөөнүн жыйынтыгы
Штаб: коронавирустун жайылуу темпи боюнча Кыргызстан жашыл зона