Кыргызстанда президенттик шайлоо жана башкаруу формасы боюнча референдум башталды

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүПодготовка избирательных участков в Бишкеке
Подготовка избирательных участков в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жалпы жонунан 2 474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылды. 3 563 574 шайлоочу катталган.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстанда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктаган референдум башталып, бардык шайлоо участкалары ачылды.
Мамлекет башчылык кызматка 17 адам талапкерлигин койду. Алардын бюллетендеги катар номери боюнча тизмеси:
1. Жапаров Садыр Нургожоевич;
2. Исаев Канатбек Кедейканович;
3. Арстанбек Мыктыбек;
4. Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
5. Ташов Имамидин Асамидинович;
6. Тагаев Рашид Бакирович (шайлоого катышуудан баш тартты, бюллетенде чийилген);
7. Сегизбаев Абдил Кеңешевич;
8. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;
9. Касенов Аймен Абдыталипович;
10. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;
11. Байгуттиев Жеңишбек Сейтбекович;
12. Абакиров Эльдар Курманбекович;
13. Асанов Курсан Сатарович;
14. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;
15. Жээнбеков Равшан Бабырбекович;
16. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;
17. Төлбаев Бабыржан Латиханович;
18. Иманалиев Каныбек Капашович.
"Баарына каршы" деген дагы пункт бар.
Кыргызстанда жалпы жонунан 2 474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылды. 3 563 574 шайлоочу катталган.
Кыргызстандыктарга экиден бюллетень берилет: президенттикке талапкерлердин ысымы жазылган (ак түстө), экинчисинде башкаруу формасын аныктоо боюнча (көк түстө).
Кыргызстандагы шайлоо участоктору кечки саат 20:00дө жабылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0