БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Өз атын сыйлап, сапат үчүн көп сумма жумшаган компаниялардын кулакчындары музыка угууда коопсуз каражат болуп эсептелинет. Бул тууралуу iMARS байланыш тобунун вице-президенти Владимир Нерюев билдиргенин РИА Новости жазды.
"Анча белгилүү эмес кытай аналогдорунан биринчи класстагы үн уктуруу аппаратын күтүп кереги жок. Мындай багытта өндүрүлгөн каражаттар көп образдуу, таза үндү бере албайт. Демек, барган сайын андан кыртылдаган, шуудураган, шыңгыраган үндөр кошо чыга бериши мүмкүн", — деди эксперт.
Ал белгилегендей добуштун сапаты кулакка терс таасирин тийгизбейт. Бирок музыканы катуу чыгарып угуу ден соолукка зыян. Ошондой эле ар кандай заманбап кулакчындар да угуу органына коркунуч жаратышы ыктымал.
"Кулак каналынын тереңине чейин кулакчын салып уксак, ал орточо көлөмдө болсо дагы кулакка бир топ басым жасайт", — деди Нерюев.
Буга караганда үндү жайлатып берүүчү кулакчындарды тандасаңыз - алар туура колдонулганда коопсуз жана оптималдуу үн менен камсыз кылышат.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден Кыргызстан кошулган бир катар өлкөлөрдүн жарандарына Кошмо Штаттарга кирүүгө тыюу салууларды жокко чыгарганы жатат. Бул тууралуу анын командасына шилтеме берип РИА Новости маалымдады.
Чектөөлөрдү мурда Дональд Трамптын администрациясы киргизген.
"Байден ал чечимди жокко чыгарып, негизинен мусулмандардан турган жана Африка өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга кирүүгө уруксат берет. Ошондой эле Мамлекеттик департаментке аталган өлкөлөрдүн жарандарына виза берүү маселесин жаңылоону тапшырат”, — деп айтылат билдирүүдө.Ошондой эле Байден иммигранттарды АКШдан чыгарылбай, убактылуу жашоого мүмкүндүк берген DACA программасын бекемдөөнү карап жатканы кошумчаланды. Аталган программа ушул тапта депортациядан 700 миң кишини сактап турганы кошумчаланды.
Учурда Мьянма, Иран, Кыргызстан, Ливия, Судан сыяктуу 13 мамлекеттин жарандарына АКШга кирүүгө чектөөлөр коюлган.
Жо Байдендин инаугурациясы 20-январь күнү Вашингтон шаарында өтөт.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстанда ушул жылдын июнь айына чейин коронавируска каршы вакцина жасалбайт. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өзүнүн Twitter баракчасына жазды.
"Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, COVAX программасынын негизинде 15 миң кишиге ченелген 30 миң доза Pfizer вакцинасы сунушталды. Бирок министрлик аны -70 градуста сактоо үчүн 2 миллион долларга муздаткыч сатып алууну максатсыз деп эсептеди. Дагы 7 вакцина боюнча сунуштар болот. 2021-жылдын июнь айына чейин вакцинация болбойт”, — деп жазды ал.
Буга чейин Кыргызстанга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн алгачкы талапкер катары АКШнын Pfizer вакцинасы сунушталганы айтылган болчу. Бирок аны -70 градуста сактоо үчүн муздаткыч талап кылынары белгилүү болгон.
Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен утуп кетти. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.
Ал беттеш аяктаган соң агасы Хабиб дагы алгачкы жеңишин дал ушундай ыкма менен багындырганын эске салды.
"Мен бактылуумун. Тогуз жыл мурда бул рингге Хабиб кирип, дал мендей болуп утуп чыккан. Анын ыкмасын кайталаганыма кубанычтамын”, — деди ал.
Таймашка секундант катары катышкан Хабиб Нурмагомедов өзү инисиндей болуп экинчи эмес, үчүнчү гана раундда жеңгенин кошумчалады.