Подготовка избирательных участков в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстандыктар президентти кантип шайлап жатат. Онлайн-репортаж

Жазылуу
Бүгүн эл өлкөнү башкара турган президентти эле эмес, мамлекеттин башкаруу формасын кошо тандайт. Саат 8.00дө добуш берүү башталды.
Арыбаңыздар, ардактуу окурмандар!
Кыргызстанда президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасы тандала турган референдум башталды. Шайлоо участкалары саат 8.00дөн тарта элди кабыл алууда.
Sputnik маалымат агенттиги борбор калаада жана аймактарда шайлоо кандай өтүп жатканын баяндап тексттик трансляция жүргүзмөкчү.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:54 10.01.2021

Кыргызстандын аймагындагы шайлоо участоктору жабылды. 

19:53 10.01.2021

Кыргызстанда башкаруу формасын тандоого 1 178 656 кыргызстандык катышып, референдумду таануу үчүн минималдык чектен ашты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Саат 18:00гө карата берилген маалымат боюнча, 33,08 пайызы өз тандоосун жасаган. Мыйзам боюнча референдумду өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын 30 пайызы (1 миллион 69 миң жаран) катышышы керек.

 

 

17:25 10.01.2021

Cаат 17:10го карата добуш берүү өнөктүгүнүн жүрүшүндө 32 даттануу түштү. Бул туурасында БШКнын мүчөсү жана арыз, даттанууларга ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында добуш сатып алуу боюнча Сузак районунда бир факты катталды. "2057 шайлоо участкасында белгисиз адамдар акча таратып жатат" деген кайрылуу болгон.
Ал эми Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Курама айыл өкмөтүнүн башчысы милдетин аткаруучу шайлоого катышкандардын санын көбөйтүү үчүн адам ташууну талап кылып жатканы туурасында арыз түшкөн. Бул административдик ресурс катары катталган.

ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бир дагы факты каттала электигин айтты. Ал эми маалыматтарды каттоо журналына 14 билдирүү түшкөн.

17:13 10.01.2021

Саат 16:00гө карата алынган маалымат боюнча 947 614 шайлоочу добуш берди. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч жалпы шайлоочуларын 26,59 пайызын түзөт. Дагы деле Ош шаары жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын тургундары активдүү болуп, шайлоого катышкандардын саны 30 пайыздан ашты. Калган аймактарда катышуу активдүүлүгү 20 пайыздын тегерегинде.

Ал эми башкаруу формасын тандаган референдумга 946 104 адам катышып, 26,55 пайызды түздү.

 

16:57 10.01.2021
16:46 10.01.2021

Бишкекте добуш берүүгө келгендердин ичинен 20 киши медициналык жардам алды. Бул тууралуу мэриянынын маалымат кызматы кабарлады.
Борбор калаада жалпысынан 228 шайлоо участогу бар. Анын 59у Октябрь, 49у Биринчи май, 58и Свердлов, ал эми 62си Ленин районунда жайгашкан. Жалпы шайлоочулардын саны 416 123тү түзөт.
Бардык добуш берүү жайларында 729 медицина кызматкери коюлуп, керектүү дары-дармектер жана аралыктан туруп ченеген термометр менен камсыздалган. Медиктер эки смена менен иштеп жатышат. Экинчи нөөмөтчүлүк саат 14:00дө башталды.

16:12 10.01.2021

Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын 10 пайызы добуш берүүгө катышты. Бул туурасында тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди.
Анын айтымында, чет өлкөдө жүргөн 49 497 жаран шайлоо укугуна ээ. Саат 15:00гө карата алынган маалымат боюнча 5 124 адам катышты.
Ошондой эле Россиянын Түштүк Сахалин жана Владивосток шаарларында добуш берүү аяктаганын билдирди. Айрым шаарларда кечке жуук башталат. 

16:05 10.01.2021

Референдумда добуш бергендер боюнча саат 16:00гө карата маалымат. Түш оой башка формасы боюнча өтүп жаткан элдик добуш берүүгө келгендердин саны — 661 152 адам болду. Тагыраагы, элдин 18,55 пайызы келди. Бул туурасында БШК кабарлады.

14:57 10.01.2021

1. № 9001 УШК - Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү, 64 (Добрынинская метросу) дареги боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин аймагында. Большая Ордынка 62/1 дарегиндеги "Большая Ордынкадагы" кафенин имаратында.
Фамилиялары А тамгасынан Б тамгасына чейин башталган жарандар бул жакка барышы керек.
2. № 9005 УШК - КРдин Россиядагы элчилигинин аймагында Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү, 64 (Добрынинская метро станциясы). Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн имаратында. Погорельский тилкесинен кирүү керек.
Фамилиялары В тамгасынан К тамгасына чейин башталган жарандар бул жакка барышы керек.
3. № 9015 УШК - КРдин Россиядагы элчилигинин аймагында, Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү, 64 (Добрынинская метро станциясы). Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн имаратында. Погорельский тилкесинен кирүү керек.
Фамилиялары Л тамгасынан М тамгасына чейин башталган жарандар бул жакка барышы керек.
4. № 9016 УШК- Житная көчөсү 6/8 дарегиндеги № 627 мектептин аймагында (Добрынинская метросу).
Фамилиялары Н тамгасынан С тамгасына чейин башталган жарандар бул жакка барышы керек.
5. № 9017 УШК- Житная көчөсү 6/8 дарегиндеги № 627 мектептин аймагында (Добрынинская метросу).
Фамилиялары Т тамгасынан Я тамгасына чейин башталган жарандар бул жакка барышы керек.

Бул туурасында КРдин Россиядагы элчилигинен маалымадашты. 

Учурда Кыргызстандыктар аталган даректер боюнча келип, добуш берип жатышат. 

 

Голосование на выборах президента и референдума в Москве - Sputnik Кыргызстан
13:31 10.01.2021

Өкмөт башаламандык болуп кетсе чара көрүүгө даяр экенин премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.

Мындай суроону журналисттер берген.

"Мен башаламандык болбойт деп ишенем, себеби мыйзам бузуулар көп эмес. Кечээ күнү 61 билдирүү болду. Ар бири боюнча тийиштүү иликтөөлөр жүргүзүлүп, Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. ИИМ бардыгын текшерип жатат. Өкмөт өз кезегинде болжолдуу чагымчылдыктарга даяр", — деген Новиков.


Ал президенттикке талапкерлердин бардыгын шайлоонун жыйынтыгын таанууга чакырды.

 

 

13:29 10.01.2021

Бишкекте   бүгүнкү шайлоо жана референдумдун фонунда Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы митинг өтүп жатат

Акциянын катышуучулары Михаил Фрунзенин эстелигинин жанына чогулуп, "Ала-Тоо" аянтына келди. Алар "Кеч эмес, добуш бер" деп жазылган ураанды көтөрүп алышкан.

13:24 10.01.2021

Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан  Артем Новиков №1102 шайлоо тилкесинен добуш берди

12:45 10.01.2021

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдраимов Бишкек шаарынын №1120 участогунан добуш берди.

Полпред правительства в Ошской области Жарасул Абдураимов - Sputnik Кыргызстан
12:44 10.01.2021

Бүгүн шайлоо участкалары ачылгандан бери 11 даттануу түштү. Бул туурасында БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров саат 12:00гө карата берген маалыматында билдирди.
Ал даттануулардын баары техникалык мүнөздө экенин айтып, административдик ресурсту колдонуу туурасында арыз түшпөгүнүн белгиледи.

12:36 10.01.2021

Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин кызматкерлери билдиргендей, Минск шаарында шайлоочулардын саны аз. Добуш берүүгө 95 киши катталган. Алардын басымдуу бөлүгү студенттер жана IT кызматкерлери.

Ход голосования на выборах президента и референдума в Минске - Sputnik Кыргызстан
12:11 10.01.2021

Шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев №79 бала бакчада жайгашкан № 1101 шайлоо участкасында добушун берди. 

Белгилей кетсек, борбор калаада 228 шайлоо участкасы бар. Бардык жерде нөөмөт уюштурулуп, келген элдин дене табы текшерилүүдө. Мындан тышкары, бет кап таратылып жатканы айтылды.

12:10 10.01.2021

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 10-январда, президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда ордо калаадагы №95 орто мектебиндеги №1063 шайлоо участкасында добуш берди.

Токтомушев добуш берип чыккандан кийин бул шайлоонун тынч өтүүсүнө тилектештигин билдирип, мамлекетибизге, эл-журтка амандык, биримдик жана ынтымак каалады.

Голосование на выборах президента и референдума в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11:51 10.01.2021

Саат 10:00гө карата алынган маалымат боюнча, 99 772 адам келип президенттик шайлоодо добуш берди. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, добуш бергендердин саны жалпы шайлоочулардын 2,8 пайызын түзөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын тургундары активдүүлүгүн көрсөтүүдө.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын тандоо үчүн өткөн референдумга азырынча 98 894 жаран катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын 2,78 пайызын түзөт.

 

11:18 10.01.2021

Ысык-Көл облусунда шайлоо участкасына адамдарды массалык түрдө ташып жатканы туурасында арыз түштү. Мындай маалыматты БШК мүчөсү, арыз, даттанууларга ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, саат 10:00гө карата алынган маалымат боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө даттануулар бар. Бишкектеги үч добуш берүү участкасында урналар иштебей жатат.

"Ысык-Көл облусунда адам ташуу боюнча маалымат түшкөн. Өз убагында тийиштүү адистер чыгып кетти. Бул боюнча териштирип саат 12:00дө толук маалымат беребиз", — деди Шайназаров.

Ошондой эле үгүт маалында шайлоо мыйзамын бузуу боюнча 61 даттануу түшүп, анын ичинен көбү тастыкталбагынын билдирди. Ал эми мыйзам бузуу аныкталгандарына чара көрүлдү, айрымдарына кылмыш иши козголгон.

11:16 10.01.2021
Голосование на выборах президента и референдума в Кара-Суу - Sputnik Кыргызстан
11:00 10.01.2021

Sputnik агенттиги шайлоо кандайча жүрөрү, кандай документтер жарай турганы, кимдер добуш бере алары баяндалган инфографика даярдады

Шайлоо жана референдум - Sputnik Кыргызстан
Президенттик шайлоодо жана референдумда добуш берүү боюнча инструкция
10:47 10.01.2021
10:12 10.01.2021

Саат 10.00гө карата облус боюнча 8 164 шайлоочу добуш бергени маалым болду. Аймакта 248 шайлоо участкасы бар, 307 786 адам катталган. Караколдогу шайлоонун сүрөттөрү

Голосование на выборах президента и референдума в Караколе - Sputnik Кыргызстан
10:05 10.01.2021

Кыргызстанда интернет байланышы жок 11 шайлоо участкасы бар экенин БШК билдирди. Алар негизинен тоолуу жана алыскы аймак болуп эсептелген Ак-Суу районундагы Эңилчек жана Баткендеги Зардалы заставалары. Мындан тышкары, Сузак, Кара-Кулжа жана Ноокат райондорунда да интернет жетпеген айылдар бар. 

Шайлоо аяктаган соң бул жактагы электрондук урналар жакын жерде жайгашкан участкаларга жиберилип, ошол жактан БШКнын серверине жөнөтүлөт.

09:50 10.01.2021

Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу Жоомарт Бөкөнбаев жалпы билим берүү мектебиндеги №3011 шайлоо участкасында өз добушун берди.

Голосование на досрочных выборах президента и референдуме в Балыкчи - Sputnik Кыргызстан
09:45 10.01.2021

Талас облусунун аймагында 157 886 шайлоочу катталган. Ушу тапта бардык участкалар иштеп жатат. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Айбек Бузурманкулов кичи мекени Көк-Токой айылындагы №6080 шайлоо участкасында ата-энеси менен бирге добуш берген.

Аймакта 400дөн ашуун милиция кызматкери коомдук тиртипке көз салууда. Ар бир шайлоо тилкесинде экиден медицина кызматкери иштеп жатат.

Голосование на досрочных выборах президента и референдуме в Таласе - Sputnik Кыргызстан
09:42 10.01.2021

Мөөнөтүнөн мурун, башкача айтканда, 9-январь күнү Кыргызстанда 18 575 адам добуш берген. Бул тууралуу вице-премьер, шайлоо боюнча штабдын төрагасы Максат Мамытканов билдирди.

Анын айтымында, убагынан эрте добуш берүүнү өтүнүп БШКга 21 440 адам арыз менен кайрылган. Булар биринчи кезекте стационардык дарылануулагы шайлоочулар.

10-январь саат 08.00гө карата 18 575 киши, тагыраагы, арыз бергендердин 86,6 пайызы добуш берди. Ал эми шартка байланыштуу добуш бере албай калгандар бүгүн өз укугунан пайдалана алат.

 

09:38 10.01.2021

Президенттин милдетин аткаруучу, ЖК төрагасы Талант Мамытов №1053 шайлоо учаскткасында добуш берди.

09:20 10.01.2021

Президенттик шайлоонун жүрүшүнө 44 мамлекеттен келген 330 байкоочу көз салып жатат. Ал эми добуш берүүнү 10 өлкөдөн 92 чет элдик журналист чагылдырмакчы.

09:02 10.01.2021

Кыргызстанда шайлоочулардын басымдуу бөлүгү Ош облусунда. БШКнын маалыматы боюнча бүгүн бул жакта 722 933 кишинин добуш берүүсү күтүлүп жатат. Андан кийинки орунда 666 695 шайлоочу менен Жалал-Абад облусу турат.

  • Ош облусу — 722 933;
  • Жалал-Абад облусу — 666 695;
  • Чүй облусу — 591 818;
  • Бишкек шаары — 416 123;
  • Ысык-Көл облусу — 307 786;
  • Баткен облусу — 297 264;
  • Нарын облусу — 202 475;
  • Ош шаары — 151 115 шайлоочу.

Ал эми чет мамлекеттерде 49 479 кыргызстандык добуш бериши керек.

 

08:58 10.01.2021

Кыргызстандагы шайлоочулардын 52,21 пайызы — аялдар, 47,679 пайызы — эркектер.

08:52 10.01.2021

Аймакта 217 шайлоо участкасынын баары ачылып, шайлоо өнөктүгү башталганын өкүлчүлүктөн билдиришти. Өкмөттүн облустагы өкүлү Жаныбек Жалалов №8177 шайлоо участкасында добуш берген. 

Облуста 297 миң 264 шайлоочу бар.

Маалыматта эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо участкалары коргонуучу жана дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалганы айтылды. 

Жалпысынан коомдук коопсуздукту камсыз кылууга облус боюнча 880 милиция кызматкери тартылган. Ошондой эле 545 адамдан турган элдик кошуундар түзүлгөнү белгилүү болду.

Голосование на досрочных выборах президента и референдуме в Баткене - Sputnik Кыргызстан
08:45 10.01.2021

БШКнын маалыматы боюнча азыркы шайлоого карата 3 563 574 жаран катталган. Анын 49 479у чет өлкөдө. 

  • 2015-жылдан бери шайлоочулардын саны 277 миң адамга же 29,05 пайызга өскөн;
  • 2017-жылдан бери 537 миң 804 адамга же 18 пайызга;
  • 2020-жылдын 4-октябрынан бери 40 020 кишиге же 1,14 пайызга көбөйгөн.
08:42 10.01.2021

Южно-Сахалинск шаарынан кийин Россиянын дагы төрт шаарындагы шайлоо участкалары ачылып иштеп жатканын БШК кабарлады. Сааты Бишкек убактысы менен көрсөтүлдү:

04.00 — Владивосток;

05.00 — Якутск;

06.00 — Иркутск;

07.00 — Новосибирск.

08:32 10.01.2021

Бүгүн милиция менен Тез жардам кызматы күчөтүлгөн тартипте иштейт. 

Өлкө боюнча коомдук тартипке 11 миң милиционер көз салса, санитардык нормаларды көзөмөлдөө үчүн ар бир шайлоо участкасында экиден медик иш алып барары айтылган.

08:19 10.01.2021

Кыргызстанда жалпы жонунан 2 474, ал эми чет өлкөдө 48 шайлоо участкасы ачылды. 3 563 574 шайлоочу катталган.

Кыргызстандыктарга экиден бюллетень берилет: биринчисинде президенттикке талапкерлердин ысымы жазылган (ак түстө), экинчиси башкаруу формасын аныктоо боюнча (көк түстө).

08:17 10.01.2021

Эскерте кетсек, президент болом деп алгач 18 киши катталып, кийин Рашид Тагаев талапкерлигин алып салган. Бюллетенде анын аты-жөнү чийилип көрсөтүлдү. Белгилей кетчү жагдай, анда "Баарына каршы" деген пункт дагы бар.

08:12 10.01.2021

Эң биринчи болуп Россиянын Южно-Сахалинск шаарындагы №9013 шайлоо участогу ачылды. КР элчилигинде жайгашкан участок Бишкек убактысы менен саат 3.00дө добуш берүүчүлөрдү кабыл ала баштаганын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Шайлоочулардын тизмесинде 851 жаран катталган. 

Элчилик кандайдыр бир көйгөйлүү маселе жаралса консул Бакыт Асаналиевге 89778529098 телефону аркылуу кайрылууга болорун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0