БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Мөөнөтүнөн мурун, башкача айтканда, 9-январь күнү Кыргызстанда 18 575 адам добуш берген. Бул тууралуу вице-премьер, шайлоо боюнча штабдын төрагасы Максат Мамытканов билдирди.
Анын айтымында, убагынан эрте добуш берүүнү өтүнүп БШКга 21 440 адам арыз менен кайрылган. Булар биринчи кезекте стационардык дарылануудагы шайлоочулар.10-январь саат 08.00гө карата 18 575 киши, тагыраагы, арыз бергендердин 86,6 пайызы добуш берди. Ал эми шартка байланыштуу добуш бере албай калгандар бүгүн өз укугунан пайдалана алат.
Ушу тапта Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө шайлоо кандай өтүп жатканы тууралуу маалыматтар менен Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы балдар үчүн кинофильмдин сценарийине сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлады.
Ага ылайык, арыздар "Кыргызфильм" киностудиясынын электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.
Сценарийдин тиркемесине төмөнкүлөр кирет:
"Сценарийлер америкалык форматта гана кабыл алынат. Ал эми тиркемелери менен өзү кыргыз тилинде жазылышы шарт. Жеңүүчүлөрдүн эмгеги киностудиянын расмий сайтына жарыяланат", — деп айтылат маалыматта.
Мыкты эмгектин ээсине 100 000 сом гонорар төлөнүп бериле турганы кошумчаланды.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Иштеген жарандардын арасынан карай турган болсок, Кыргызстанда кесиптик билими бар эркектерге караганда аялдар басымдуулук кылат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Тагыраагы, иши бар аялдардын арасында 27 пайызы жогорку билимдүү болсо, эркектер арасында бул көрсөткүч 18 гана пайызды түзөт.
Кыз-келиндердин билимге умтулганын мындан билсек болот, 2019-2020-окуу жылында ЖОЖдордун студенттеринин 52 пайызын кыздар түзгөн. Ал эми орто кесиптик окуу жайларда окугандардын 56 пайызы кыздар. Ошондой эле аспирантурада окуп жаткан жарандардын ичинен 59 пайызы, докторантурада 67 пайызы аял кишилер.Учурда кыргызстандык кыз-келиндер көбүнесе билим берүү, кеңири керектелүүчү товарлардын технологиясы, саламаттык сактоо, маданият, искусство, сервис сыяктуу адистиктерде окушат.