Медициналык кызматкер коронавируска тест менен

Кыргызстандагы коронавирус: эки киши каза таап, 135 адамдан оору табылды

83
(жаңыланган 09:50 10.01.2021)
Пандемиядан бери 82 миңден ашык киши жугуштуу ооруга кабылып, тең жарымы айыкты. Ал эми 1 369 адам коронавирустун курмандыгы болду.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 135 кишиден коронавирус аныкталды, ал эми 151 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 68;
  • Ош — 0;
  • Чүй облусу — 22;
  • Ош облусу — 8;
  • Талас облусу — 4;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 21;
  • Жалал-Абад облусу — 6;
  • Баткен облусу — 5.

Пандемиядан бери 82 273 киши жугуштуу ооруга кабылды.

Соңку суткада COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек — 56;
  • Ош шаары — 7;
  • Чүй облусу — 39;
  • Ош облусу — 2;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 9;
  • Ысык-Көл облусу — 22;
  • Жалал-Абад облусу — 7;
  • Баткен облусу — 7.

Ушуну менен сакайгандардын саны 77 902ге жетти.

Ошондой эле стационарда 849 бейтап дарыланууда. Анын ичинде 9 адамдын абалы канааттандырарлык, 542 киши орточо, 251 бейтап оор, 47 адам өтө оор абалда жатат.

Тилекке каршы, түндө Бишкек жана Баткен облусунда эки бейтап көз жумган. Жалпысынан коронавирус 1 369 кишинин өмүрүн алды.

83
Белгилер:
жуктуруу, айыгуу, өлүм, бейтап, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1509)
Тема боюнча
COVID, сасык тумоо болуп жаткандар кантип добуш берет? Министрдин жообу
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив

129 киши жуктуруп, Бишкекте бир адам көз жумду. COVID статистикасы

9
(жаңыланган 10:20 16.01.2021)
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 82 986га жетти. Анын ичинен 78 866сы айыкса, тилекке каршы, 1 382 адам акка моюн сунду.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 129 адамдан табылып, 151 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 54;
  • Чүй облусу – 34;
  • Ош облусу – 9;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 20;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Баткен облусу – 3.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 69;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 43;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 18;
  • Жалал-Абад облусу – 9;
  • Баткен облусу – 2.

Өткөн суткада Бишкек шаарынын бир тургуну коронавирустун курмандыгы болду.

Азыркы тапта ооруканаларда 799 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 229 бейтаптын абалы оор болсо, 44үнүн абалы өтө оор деп бааланууда. 

Кечээ өлкө боюнча медиктерден коронавирус табылган жок. Ошол эле учурда төрт медицина кызматкери сакайып кетти.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 82 986га жетти. Анын ичинен 78 866сы айыкса, тилекке каршы, 1 382 адам акка моюн сунду.

9
Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1509)
Тема боюнча
Вирусолог Нурматов: британиялык жаңы штаммдын абалды курчутуп жибериши күмөн
Кыргызстанда дагы бир менчик лабораторияга ПЦР-тест жүргүзүүгө уруксат берилди

Арстандар үйдү "ээлеп алганда". Түштүк Африкадан тартылган видео

20
Түштүк Африканын Худспрут шаарында жашаган жубайлар Дэвид жана Маришка Де Бир туугандарынын бош турган үйүнө көз салып коюу үчүн келип, арстандардын үйүрүнө туш болгон.

Daily Mail аял-күйөөсүн күтүүсүз коноктор "тосуп алгандыгын" жазды.

Алар бош үйүндөгү "конокторду" видеого тартып алышкан. Кадрдан айнек терезенин алдында жайбаракат күн чубактап жаткан алты арстанды көрүүгө болот.

Жырткычтар эшикти акырын ачып кирип келе жаткан кишини алгач байкаган эмес. Качан гана кыймылды сезип калганда үркүп кетип, жапырт тура калышкан. Жубайлардын айтымында, айланчыктаган арстандар алгач дароо эле кетип калган эмес.

Маалыматта үй улуттук Крюгер паркынын жанына жайгашып, Дэвиддин атасына тиешелүү экендиги жазылган. Адатта ал тегеректен ээн-эркин жүргөн жырткычтарды көп кездештирүүгө болот.

Там сатыкка коюлуп, бир нече мезгилден бери бош турган. Адам жыты келбегендиктен, жырткычтар ал жерди байырлай баштаган.

20
Белгилер:
арстан, Түштүк Африка Республикасы
Тема боюнча
Жыра тартып... Крокодилдердин олжосун илип кеткен бегемоттордун видеосу
Кыргызстандык бокс чебери Азат Үсөналиев беттеш учурунда. Архив

Кыргызстандын мыкты боксчулары Украинада окуу-машыгуу өткөрөт

0
Спорттук иш-чараны Украинанын бокс федерациясы уюштуруп, дүйнөлүк аренада көзгө көрүнгөн мыкты мушкерлерди гана чакырган.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандык бокс чеберлери Азат Үсөналиев (52 килограмм) менен Эркин Адылбек уулу (81 килограмм) Украинада өтүүчү биргелешкен окуу-машыгууга чакырылды. Бул тууралуу бокс боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын машыктыруучулар кеңешинин мүчөсү Шайлообек Атазов Sputnik Кыргызстанга билдирди.

Алар 2021-жылдын 17-январынан баштап Киев шаарында дүйнөлүк мыкты боксчулар менен чогуу машыгуу өткөрөт.

"Машыгууга Куба, Россия, Украина жана Европа өлкөлөрүнүн мушкерлери катышат. Спорттук иш-чараны Украинанын бокс федерациясы уюштуруп, дүйнөлүк аренада көзгө көрүнгөн мыкты мушкерлерди гана чакырган. Ага КРден эки мушкерибиз чакырылды. Машыгуу бир айга созулат. Башкы максат Токио Олимпиадасына даярдануу болмокчу", — деп билдирди ал.

Атазов мындай спорттук иш-чара кыргызстандык мушкерлерге пайдалуу болуп, тажрыйба топтоого зор мүмкүнчүлүк жаратарын белгиледи.

0
Белгилер:
машыгуу, Украина, Эркин Адылбек уулу, Азат Үсөналиев, бокс
Тема боюнча
Махмудов, Шаршенбеков, Азисбеков баштаган балбандар Чолпон-Атада машыгууда