БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Президентти шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо референдумунда мыйзам бузуулар болсо телефон аркылуу өкмөткө кабарлоого болот. Бул тууралуу вице-премьер, шайлоо боюнча штабдын төрагасы Максат Мамытканов билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинетинде Call-борбор иштеп жатат.
Номерлер:
Мамытканов белгилегендей, аймактан чалам дегендер шаардын коду 312ни кошо териши керек. Чалуулар стационардык да, уюлдук да телефондон бекер жүргүзүлөт.
"Добуш берүүчүлөр шайлоо участогунда электр жарыгы же интернет жок болсо, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар гигиеналык-санитардык эрежелерди сактабаса жана башка мыйзам бузуулар байкалса ишеним телефондоруна чалса болот", — деген Мамытканов.
Шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Шаршембиде күндүз республика аймагында күн ачык болору айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда -2…+3, Талас жергесинде -3…+2, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Ысык-Көлдө -1…+4, Нарын өрөөнүндө -5…-10 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +1…+3, Ош шаарында +6…+8 градус болот.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев кайрадан кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы маалымат булак билдирди.
Финпол аткаминерди Бишкек — Ош автоунаа жолунун мамлекеттик дирекциясы тарабынан жасалып келген коррупциялык схемага тиешеси бар деген шек менен 7-январда кармаган.
Бирок аны бүгүн, 26-январда, Бишкек шаардык сотунун чечими менен кайрадан УКМКнын СИЗОсуна киргизишкени белгилүү болду. Бирок себептери аталган жок.