БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Саат 12:00гө карата алынган маалымат боюнча 329 049 кыргызстандык добуш берүүгө катышты. Бул туурасында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Бул жалпы шайлоочулардын 9,23 пайызын түзөт. Азырынча Ысык-Көл облусунун (33 740 шайлоочу) жана Ош шаарынын (21 324 шайлоочу) тургундары активдүүлүгүн көрсөтүүдө.
Ошондой эле чет өлкөдө жүргөн 2 492 мекендеш добуш берген.
Ал эми башкаруу формасын тандоого добуш берүү үчүн 330 609 жаран (9,28 пайыз) катышкан.
Бүгүн өлкө боюнча 2 474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылган. Жалпы жонунан 3 563 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ.
Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда, кимиси шайлоочулардын 50 пайыздан жогорку добушун алса жеңүүчү деп аныкталат.Ал эми башкаруу формасын аныктоо референдумун өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын 30 пайызы (1 миллион 69 миң жаран) катышышы керек.
Кыргызстандыктарга экиден бюллетень берилет: президенттикке талапкерлердин ысымы жазылган (ак түстө), экинчисинде башкаруу формасын аныктоо боюнча (көк түстө).
Шайлоо участкалары саат 8:00дө ачылып, 20:00дө жабылат.
Кыргызстандын аймагында шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik даярдаган тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Беш-алты айдан бери маянасын толук ала албай келген жолчулар бүгүн Транспорт жана жолдор министрлигинин алдына митингге чыгышты.
Өлкөнүн ар аймагынан келген 60ка чукул жол кызматкери чогулуп, эмгек акыларын өз убагында беришин талап кылып жатат. Алар сентябрдан бери айлык толук төлөнбөй 2000-3000 сомдон гана берилип жатканына нааразы. Маселени аймактагы жетекчилер чече албагандыктан министрликке келүүгө аргасыз болгонун айтышты. Алардын бири Нарындын Ат-Башы районунда жол тазалап иштеген Жаңыбай Кенжебаев.
"Акыры айлабыз кеткенде үнүбүздү чоңдорго жеткирели деп Бишкекке келдик. Жеке мен декабрдан бери айлык ала элекмин. Эмгек өргүүгө чыксак, аны да төлөп беришкен жок. Биз аба ырайы кандай болгонуна карабай жолдо иштеп, бирок акыбызды ала албай чуркап жүрөбүз. Ал эми кышкысын жылуу, жайында көлөкөдө отурган мекеме кызматкерлери убагынан кечиктирбей алууда", — деди Кенжебаев.
Чогулган жолчулардын алдына Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Сооданбаев чыкты. Ал январдын айлыгы толук төлөнөрүн, ал эми февралда мурдагы карыздары кошулуп берилерин убадалады.
Бишкекте Frima кургак сүтүн мыйзамсыз жол менен өндүрүп келген жашыруун цех табылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кабарлады.
Мекемеден билдиришкендей, бул факт Жазык кодексинин 218-беренеси ("Товарларды индивидуалдаштыруу каражаттарын (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) мыйзамсыз пайдалануу") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"25-январь күнү ордо калаадагы базарлардын биринин аймагынан аталган азыкты санитардык эрежел сактабалбаган шартта жасаган цех табылды. Учурда өлкө боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат", – деп айтылат маалыматта.
Финпол азык-түлүктөрдү мыйзамсыз өндүрүү жана сатуу менен алектенгендер тууралуу кабары барларга кайрылып, 1955 номерине билдирип коюуну суранат.
Мындай азыктар өлкө экономикасына гана эмес, жарандардын ден соолугуна да коркунуч келтирери белгиленген.