Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко. Архив

Келишимдүү, сексуалдуу Антонина Шевченко. Соцтармакты суктанткан спортчунун сүрөтү

406
(жаңыланган 14:42 10.01.2021)
АКШнын Лас-Вегас шаарында тартылган сүрөттү кыргызстандык спортчу баракчасына 9-январь күнү жарыялаган. Бир күн өтпөй анын бул постуна 16 миң колдонуучу "лайк" баскан.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко Instagram баракчасына купальник кийген сүрөтүн жүктөп, күйөрмандарын суктантты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Antonina La Pantera Shevchenko (@antoninapantera)

АКШнын Лас-Вегас шаарында тартылган сүрөттү кыргызстандык спортчу баракчасына 9-январь күнү жарыялаган. Бир күн өтпөй анын бул постуна 16 миң колдонуучу "лайк" баскан.

Сүрөткө спортчу жабык купальник, үстүнө кара костюм кийип түшкөн. Шевченко фотосессияны бассейндин жанынан жасаган.

Ал арада Антонина Шевченконун стилистинин баракчасында ушул эле фотосессиянын башка сүрөттөрү жарыяланган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Alena Kutanova (@ekutanova)

Интернет колдонуучулар анын бул сүрөтүнө суктанып, айрымдары Антонинанын сексуалдуулугун белгилесе, башкалары аны UFC спорттук уюмунун эң сулуу кыздарынын бири деп аташкан.

406
Белгилер:
социалдык тармак, Сүрөт, Антонина Шевченко
Тема боюнча
Биринен өтүп бири сулуу... Белгилүү балбан кыздардын майрамдык сүрөттөрү
Лондондо коронавируска кабылган бейтапты ооруканага жеткирүү. Архивдик сүрөт

Коронавирустун жаңы түрүндө өлүм көп катталары айтылды. ДССУ эмне дейт

5
(жаңыланган 11:42 23.01.2021)
Коронавирустун жаңы штаммы азыр 60тан ашык мамлекетте катталды. Ал SARS-CoV-2 вирусуна салыштырмалуу адамдан адамга өтө тез жугары маалым болгон.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирустун "британдык" штаммы кадимки SARS-CoV-2ге салыштырмалуу адам өлүмүнө көп алып келерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Брифингде айтылган маалымат боюнча, коронавирус жуктурган 1000 кишинин ичинен 10у каза тапса, вирустун мутацияланган түрүндө 13-14 бейтап акка моюн сунган. Азыр Улуу Британия сутка ичинде COVID-19дан көз жумгандардын дүйнөлүк статистикасында биринчи орунда турат.

Ошол эле учурда Жонсон өлкөдө колдонулуп жаткан Pfizer жана AstraZeneca вакциналары жаңы штаммга оң таасирин тийгизерине ишендирген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Жонсондун айткандары боюнча үн катып, коронавирустун "британдык" штаммында өлүмдүн көп болушу саламаттык сактоо системасына күч келгенине байланыштуу экенин айткан.

"Вирус бат тарагандыктан эл көп ооруй турганы белгилүү. Анан ооруканалар да жык толот. Дарыгерлер бирине жетишсе, экинчисине жетишпейт. Натыйжада саламаттык сактоо системасына күч келип, өлүмдү азайта албай калышат", — деген ДССУ өкүлү Ван Керкхове.

Коронавирустун жаңы түрү — VUI-202012/01 тууралуу 14-декабрда Британиянын саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок айтып чыккан. Ал SARS-CoV-2 вирусуна салыштырмалуу адамдан адамга өтө тез жугары айтылган. Коронавирустун бул штаммы азыр 60тан ашык мамлекетте катталды.

5
Белгилер:
өлүм, вакцина, штамм, коронавирус, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Улуу Британия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Соңку бир суткада 93 адам коронавирус жугузуп, экөө каза болду
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө үч этап менен жүрөт
Коронавирустун пайдасы: Баткенде башка жугуштуу оорулар азайды
Ооруканада COVID-19 кабылган бейтапка жардам көрсөтүү. Архивдик сүрөт

Соңку бир суткада 93 адам коронавирус жугузуп, экөө каза болду

25
(жаңыланган 11:07 23.01.2021)
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 689 бейтап дарыланууда. Алардын 437си орто оордукта, 220сы оор абалда, 28и өтө оор абалда жатат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде 93 адам коронавирус жугузуп алса, 108 бейтап ооруну жеңип чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Илдеттен эки адам каза болуп, алар Чүй жана Ысык-Көл облусунун тургундары болгону айтылды. Ушуну менен өпкөнү сезгенткен оорудан 1 398 кыргызстандык каза болду.

Бир сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек – 27;
  • Ош – 2;
  • Чүй облусу – 29;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 21;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу – 2.

Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкөдө COVID-19 жугузуп алган адамдардын жалпы саны 83 796га жетти.

Айыгып чыккандар:

  • Бишкек – 38;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 35;
  • Ош облусу – 3;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 23;
  • Жалал-Абад облусу – 1;
  • Баткен облусу – 3.

Ушуну менен коронавирустан сакайгандардын саны 79 772 кишини түздү.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 689 бейтап дарыланууда. Алардын төртөө канааттандырарлык абалда, 437си орто оордукта, 220сы оор абалда, 28и өтө оор абалда жатат.

Мындан сырткары, 1006 бейтап үй шартында дарыланууда.

25
Белгилер:
айыгуу, жуктуруу, оору, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө үч этап менен жүрөт
Коронавирустун пайдасы: Баткенде башка жугуштуу оорулар азайды