БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкектин чарба буюмдарын саткан дүкөндөрүндө аба тазалоочу каражаттар талоонго түштү. Бул боюнча Sputnik Кыргызстандын кабарчысы башкы соода тармактарына чалып сурап көргөндөн кийин маалым болду.
Соода жайдын ээлери дүкөндөрдө аба тазалагычтарга суроо-талап шаардагы абанын кескин булганганына байланыштуу өскөнүн белгилешүүдө.
Сатуучулар буюмдардын таңсык болушуна материалдык-техникалык көйгөйлөр да таасир эткенин айтышат. Анткени пандемияга байланыштуу чек аралар жабылып, товарлардын келиши үзгүлтүккө учураган.
"Азыр товар алып келүүдө көйгөйлөр бар. Товарлар үзүл-кесил келип жатат", — деди дүкөндөрдүн биринин кеңешчиси.
Алардын дүкөнүндө эле аба тазалагыч алуу үчүн кезекке тургандар 50гө жеткени кошумчаланды.
Дагы бир чарбалык ири соода жайынын өкүлү бир гана бренддеги аба тазалагыч калганын билдирди.
"Аталган буюмдар бизде бар болчу, бирок жаңы жыл алдында түгөндү", — деди ал.
Тартыштыктан улам жарандар аба тазалагычты колго жасай башташкан.
"Антмайнер)). Тамаша, "аба тазалагыч". Деп жатам. Датчик кимде бар, канчалык тазалагыч экенин текшериш керек болуп жатат?" — деп суроо салган Акылбек Балтабаев аттуу Facebook колдонуучу.
Белгилей кетсек, Бишкекте аба тазалоочу шаймандардын баасы эки миң сомдон башталып, сапатына жана тазалоо жөндөмүнө жараша 79 миң сомго чейин жетет.Суук түшөрү менен Бишкекте ыш каптаган көйгөй күч алды. Медицина кызматкерлери булганган аба ден соолукка зыяндуу экенин, адамдарда өпкө жана башка оорулар пайда болуп, иммунитет төмөндөп кетерин эскертишет.
Анын үстүнө дарыгерлер бейтап өзү да мунун себебин түшүнбөй калышы мүмкүн экенин, анткени көйгөйлөр убакыттын өтүшү менен пайда болорун белгилешет.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев соттун чечими менен үй камагына чыкты. Маалыматты Ош облустук сотунун маалымат катчысы Назгүл Исманова тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, шаардык сот 16-январда Саркарбаевдин бөгөт чарасын үй камагына өзгөрткөн. Чечимдин негизинде ага соттун уруксатысыз Ош шаарынан башка аймакка чыгууга тыюу салынды, ошондой эле кечки 22:00дөн таңкы 6:00гө чейин үйүндө болушу шарт.
Ушул эле шаардык сот 21-декабрда Саркарбаевдин баш коргоо чарасын тандап, эки айга тергөө абагына киргизген.
УКМКнын маалыматына караганда, ал "Дженго" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов менен жакын мамиледе болгон.
Бул окуяга байланыштуу ал Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси кызматынан бошотулган.
Саркарбаев жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен катышканы маалым.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 90 кишиден коронавирус табылды. Ошол эле маалда 145 бейтап ооруну жеңген. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө 83 268ге жетти.
Айыккандар:
Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус үч адамдын өмүрүн алган. Анын экөө Бишкектен, бири Ошто болчу.
Азыркы учурда 742 адам стационарларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 220сынын абалы оор болсо, 37 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Өткөн суткада бир да медиктен коронавирус аныкталган эмес.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өрттөн эки киши каза болгондугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, адам өмүрүн алган кырсыктардын бири Бишкек шаарында, экинчиси Чүй облусунда катталган.
"Түнкү саат 03:45 чамасында Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында турак үйдүн чатыры жана ичи күйгөн. Анын кесепетинен 48 жаштагы адам каза болгон. Ал эми таңда, саат 05:19га чукул, Бишкектеги Васильевский тар көчөсүндө жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагону толугу менен жана Volvo үлгүсүндөгү автоунаанын прицеби күйгөн. Өрт бир адамдын өмүрүн алып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ соңку сутканын ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бригада тартылгандыгын кошумча билдирди.