БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Дүйнөдөгү ири шаарлардагы аба сапатын аныктап, коомчулукка маалымат берип турган World Air Quality уюмунун маалыматына караганда, Бишкектеги ыш тарап абанын сапаты коопсуз чекке түштү.
Sputnik агенттигинин кабарчысынын Бишкекти асмандан тартып алган сүрөтүндө дагы айлана-тегеректи ыш каптабай, аба таптаза болуп турганын көрүүгө болот.
World Air Quality уюмунун саат 16:00гө карата маалыматына ылайык, Бишкек абанын сапаты (абанын индекси 93 болуп турат – бул көрсөткүч адам ден соолугуна зыянсыз) боюнча дүйнө шаарларынын ичинен 27-сапка түштү.
Мындан бир нече күн мурун эле Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын ичинен биринчи орунга чыккан болчу. Анда абанын сапатынын индекси 500гө чамалап, кийин 700дөн ашкан.
Активисттер бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, шаарга экологиялык өзгөчө кырдаал жарыялоону сунуштаган. Ал эми мэрия экокеңеш түзгөн.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева мугалимдер онлайн-сабакты өтпөй жатса кабарлап коюуну өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу өтүндү.
Эске салсак, 18-январдан тарта борбор калаада 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып окуй баштады. Ошол эле учурда бул класстын айрым окуучулары шартына жараша үйдөн да билим алса болору белгиленген. Аларга мугалим өзүнчө сабак өтөт, мындан сырткары, телеканалдарда телесабактар көрсөтүлөт.
"Социалдык тармактарда айрым мугалимдер онлайн-окутууну үзгүлтүккө учуратып, сабак өтпөй жатат деген маалыматтар пайда болду. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Биз жакынкы убакытта балдардын бардыгы окууну кадимкидей тартипте улантарына ишенебиз", — деп жазган Чыныбаева.
Вице-мэр окуу процессине байланыштуу педагогдор тарабынан мыйзам бузуулар болсо 0709 24 02 84 WhatsApp номерине кабарлап коюуну өтүндү.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы балдар үчүн кинофильмдин сценарийине сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлады.
Ага ылайык, арыздар "Кыргызфильм" киностудиясынын электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.
Сценарийдин тиркемесине төмөнкүлөр кирет:
"Сценарийлер америкалык форматта гана кабыл алынат. Ал эми тиркемелери менен өзү кыргыз тилинде жазылышы шарт. Жеңүүчүлөрдүн эмгеги киностудиянын расмий сайтына жарыяланат", — деп айтылат маалыматта.
Мыкты эмгектин ээсине 100 000 сом гонорар төлөнүп бериле турганы кошумчаланды.