Добуш берип жаткан адам

Сузакта добуш сатып алуу, Чүйдө админресурс колдонуу фактысы катталды

271
(жаңыланган 18:51 10.01.2021)
Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда, кимиси шайлоочулардын 50 пайыздан жогорку добушун алса жеңүүчү деп аныкталат.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Добуш берүү күнү саат 17:10го карата 32 даттануу түштү. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү жана арыз, даттанууларга ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, добуш сатып алуу боюнча Сузак районунда бир факты катталды. "2057 шайлоо участкасында белгисиз адамдар акча таратып жатат" деген кайрылуу болгон.

Ал эми Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Курама айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу шайлоого катышкандардын санын көбөйтүү үчүн адам ташууну талап кылып жатканы туурасында арыз түшкөн. Натыйжада БШКнын жумушчу тобу фактыны административдик ресурс катары каттоого алган.

Ал эми ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов маалыматтарды каттоо журналына 14 билдирүү түшкөнүн, бирок азырынча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бир дагы факты каттала электигин айтты.

Президенттик шайлоо жана референдум

Бүгүн өлкө боюнча 2 474, ал эми чет өлкөдө 48 шайлоо участкасы ачылган. Жалпы жонунан 3 563 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ.

Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда, кимиси шайлоочулардын 50 пайыздан жогорку добушун алса жеңүүчү деп аныкталат.

Ал эми башкаруу формасын аныктоо референдуму өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын 30 пайызы (1 миллион 69 миң жаран) катышышы керек.

Кыргызстандыктарга экиден бюллетень берилет: биринчисинде президенттикке талапкерлердин ысымы жазылган (ак түстө), экинчисинде башкаруу формасын аныктоо боюнча (көк түстө).

Шайлоо участкалары саат 8:00дө ачылып, 20:00дө жабылат.

Кыргызстандын аймагында шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik даярдаган тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.

271
Белгилер:
билдирүү, каттоо, мыйзам бузуулар, Тынчтык Шайназаров, шайлоо
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (188)
Тема боюнча
Талапкерлердин шайлоо фондуна 112 млн. сом түштү. Кимиси көп чогулткан
Бишкектеги шайлоо: жарым күндө 20 киши медициналык жардам алды
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова. Архив

Исакова: Бишкекте 18-январдан тарта 1, 5, 9, 11-класстар салттуу окуйт

3
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова борбор калаада мэрияга караштуу 97 орто билим берүү мектеби бар экендигин айтты.
Исакова: Бишкекте 18-январдан тарта 1, 5, 9, 11-класстар салттуу окуйт

18-январдан тарта Бишкектеги орто мектептер салттуу режимде окуй башташат. Бул тууралуу Чынара Исакова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, балдарын мектепке жеткирип барган ата-энелер да эпидемиологиялык абалды эске алып, тиешелүү эрежелерди карманышы шарт.

"18-январдан тарта Бишкек мэриясына караган мектептер айрым класстардын окуучулары үчүн эшигин ачат. Алар 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары. Жалпысынан 56 миңден ашуун окуучу барып окуйт. Бардык эпидемиологиялык шарттар эске алынды, мектептер даяр", — деди Исакова.

Адис бирдиктүү мектеп формасы талап кылынбастыгын, бирок дресс-кодду сактоо зарылдыгын кошумчалады.

3
Белгилер:
коронавирус, мектеп, Бишкек, Чынара Исакова
Тема боюнча
Абдылдаева: 2100 мектеп реалдуу режимде окуусун баштады
Студенттер лекция учурунда. Архив

РФ ЖОЖдору бюджетке кабыл ала баштады. Кыргызстандыктар эмнени билиши керек

4
(жаңыланган 11:37 16.01.2021)
Жогорку окуу жайларга документтерди мектеп бүтүрүүчүлөрү да, орто окуу жайды аяктагандар да тапшырса болот. Талапкерлерди кабыл алуу Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгү аркылуу гана жүрөт.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Россияда 2021-2022-окуу жылына бюджеттик окуу жайларга документтерди кабыл алуу жарыяланды. Бул тууралуу маалымат Россотрудничествонун расмий сайтына чыкты.

Документтерди кабыл алуу Россия өкмөтү кыргызстандыктар үчүн бекиткен квотага ылайык жүрөт. РФтин ЖОЖдорунан билим алууну каалагандарды тандоо түздөн-түз Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгү аркылуу өтүп, башка эч кандай жол, ортомчулук болбойт.

Окуу жайларга документтерди мектеп бүтүрүүчүлөрү да, орто окуу жайды аяктагандар да тапшыра алышат. Эгерде талапкер документин тапшырган учурда башка жакта билим алып жаткан болсо, анда баалары менен кошо академиялык справкасын алып келүүсү керек.

Документтерди кабыл алуу 2021-жылдын 20-январынан 20-февралына чейинки аралыкта бир гана EDUCATION IN RUSSIA сайтында жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн убакыттан кеч берилген документтер каралбайт.

Каттоого алуу өтө кыска убакытта жүргүзүлөт. Ошондуктан документтерди алдын ала даярдоо зарыл. Аларды толтуруу боюнча консультация 2021-жылдын 26-январынан тарта аптасына эки жолу (шейшемби, бейшемби күндөрү) саат 17:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт.

Бардык документтерди электрондук түрдө (файлдар pdf форматында болушу зарыл, бир документ — бир файл, файлдын көлөмү 3 Мбайттан ашпашы талап кылынат) EDUCATION IN RUSSIA сайтына жүктөө керек. Ар бир файлдын аталышы (аты-жөнү жана документтин аталышы) болушу зарыл.

Сурап-билүү үчүн +996 (312) 300-512 телефону же abiturient@kgz.rs.gov.ru электрондук почтасы аркылуу кайрылууга болот.

4
Белгилер:
документ, Кыргызстан, бюджет, билим берүү, ЖОЖ, Россия
Тема боюнча
Россиянын алдыңкы ЖОЖдоруна кантип өтүү керек? Пайдалуу портал
Россияда билим алууга квота бөлүү: система реформаланат, орун көп болот