БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. "Достук" мейманканасына спорттук түзүлүштөгү балдарды алып келип жайгаштырууда деген маалымат түшүп, милиция текшерип жатат. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов билдирди.
Аталган факты Бишкек ШИИБдин маалыматтык журналына катталган.
"Учурда милиция кызматкерлери аталган мейманканага барып, ал жердеги адамдарды жана иштеген кызматкерлерди суракка алып жатат. Кандай максатта келгени жана айтылган кептерге тиешелүүлүгү каралууда. Спортчулардын бар-жогу да такталып жатат", — деди Макилов.
Шайлоо участкалары саат 20:00дө жабылды.
Кыргызстанда шайлоодон кийин абал кандай болуп жатканын Sputnik даярдаган тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирустун "британдык" штаммы кадимки SARS-CoV-2ге салыштырмалуу адам өлүмүнө көп алып келерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Брифингде айтылган маалымат боюнча, коронавирус жуктурган 1000 кишинин ичинен 10у каза тапса, вирустун мутацияланган түрүндө 13-14 бейтап акка моюн сунган. Азыр Улуу Британия сутка ичинде COVID-19дан көз жумгандардын дүйнөлүк статистикасында биринчи орунда турат.
Ошол эле учурда Жонсон өлкөдө колдонулуп жаткан Pfizer жана AstraZeneca вакциналары жаңы штаммга оң таасирин тийгизерине ишендирген.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Жонсондун айткандары боюнча үн катып, коронавирустун "британдык" штаммында өлүмдүн көп болушу саламаттык сактоо системасына күч келгенине байланыштуу экенин айткан.
"Вирус бат тарагандыктан эл көп ооруй турганы белгилүү. Анан ооруканалар да жык толот. Дарыгерлер бирине жетишсе, экинчисине жетишпейт. Натыйжада саламаттык сактоо системасына күч келип, өлүмдү азайта албай калышат", — деген ДССУ өкүлү Ван Керкхове.
Коронавирустун жаңы түрү — VUI-202012/01 тууралуу 14-декабрда Британиянын саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок айтып чыккан. Ал SARS-CoV-2 вирусуна салыштырмалуу адамдан адамга өтө тез жугары айтылган. Коронавирустун бул штаммы азыр 60тан ашык мамлекетте катталды.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде 93 адам коронавирус жугузуп алса, 108 бейтап ооруну жеңип чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Илдеттен эки адам каза болуп, алар Чүй жана Ысык-Көл облусунун тургундары болгону айтылды. Ушуну менен өпкөнү сезгенткен оорудан 1 398 кыргызстандык каза болду.
Бир сутка ичинде катталган жаңы учурлар:
Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкөдө COVID-19 жугузуп алган адамдардын жалпы саны 83 796га жетти.
Айыгып чыккандар:
Ушуну менен коронавирустан сакайгандардын саны 79 772 кишини түздү.
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 689 бейтап дарыланууда. Алардын төртөө канааттандырарлык абалда, 437си орто оордукта, 220сы оор абалда, 28и өтө оор абалда жатат.
Мындан сырткары, 1006 бейтап үй шартында дарыланууда.