Атаандаштарын артта калтырган Садыр Жапаров тууралуу 14 факты

Жазылуу
Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп, алдын ала жыйынтык боюнча Садыр Жапаров алдыга озуп чыкты. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги Жапаров тууралуу кызыктуу маалыматтарды чогултту.
Эскерте кетсек, айрым маалыматтар ачык булактардан алынды.
Түптө туулган. Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. Быйыл ал 53 жашка толот. Жапаров орто мектепти 1986-жылы аяктап, Фрунзе шаарындагы Мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтуна тапшырган. Бир жылдан кийин Советтик Армиянын катарына чакырылып, кызмат өтөп келген. Андан соң кайра окуусун уланткан. Кийин ЖК депутаты болгондо юридикалык билим алган. Садыр Жапаровдун бою 176 сантиметр, салмагы 89 килограмм.
Жыйналыштагы айымдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Канайымдыкка талапкерлер. Ажо болом дегендердин артында кандай аял турат
11 бир тууган. Садыр Жапаров көп балалуу үй-бүлөдөн. Атасы Нуркожо Мустали уулу 1936-жылы Кытайда туулуп, 2017-жылы дүйнө салган. Апасы Кадича Жапарова 1942-жылы туулган. Көп жыл сакманда иштеп, 2019-жылы 7-мартта каза болгон. Жубайлар 11 баланы тарбиялап өстүрүшкөн. Алар: Акат, Сабыр, Райкүл, Садыр, Дөөлөтбек, Эркинбек, Салтанат, Орозбек, Аскарбек, Райкан, Гүлбайра.
Жапаровдун Эркинбек аттуу иниси 2006-жылы жол кырсыгынан каза болуп, анын бир уулун Садыр Жапаров багып алганы ЖМКларда жазылып жүрөт. Президенттин Сабыр аттуу агасы иниси абакта жаткан учурда бир катар митингдерди уюштуруп, УКМКга жеткирилген. 2020-жылы ал "Мекенчил" партиясы менен тизмеде экинчи болуп парламенттик шайлоого аттанган. Жапаровдун дагы бир иниси Орозбек Жапаров Түптөгү Сан-Таш айылынын башчысы.
Дыйкан чарбадан ири ишканаларга чейин башкарган. 2005-жылга чейин Садыр Жапаров бир катар ишканаларды жетектеген. Алгач "Солтонкул" дыйкан чарбасынын жетекчиси, андан кийин "Кергей" нефть компаниясынын директору, 1996-жылы Ысык-Көл облустук ИИМдин атайын ротадагы инспектору болуп иштеген. 1997-жылдан 2001-жылга чейин мунай зат ташыган "Гузель" компаниясынын башкы директору, андан 2005-жылга чейин Балыкчы шаарындагы "Нурнефтегаз" мунай компаниясынын башкы директору кызматтарын аркалаган.
Саясатка карай жол. 2005-жылы Садыр Жапаров парламенттик шайлоого аттанып, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Парламентте ал "Келечек" фракциясынын жетекчиси болчу. Курманбек Бакиевдин тушунда Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөсү, Мунапыс берүү боюнча комиссиянын жетекчисинин орун басары, Коррупцияны алдын алуу улуттук агенттигинин комиссары болуп эмгектенген.
© Фото / пресс-служба ЖК2005-жылы Садыр Жапаров парламенттик шайлоого аттанып, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Парламентте ал "Келечек" фракциясынын жетекчиси болчу.
Депутат Жогорку Кенеша Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
2005-жылы Садыр Жапаров парламенттик шайлоого аттанып, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Парламентте ал "Келечек" фракциясынын жетекчиси болчу.
Эки ирет ЖК депутаты болгон. 2005-жылы ЖКга депутат болуп барган Садыр Жапаров экинчи революциядан кийин дагы, 2010-жылы, эл өкүлү болуп шайланган. Бул ирет ал "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык партиясынын тизмесинде эле. Парламентте Жапаров соттук-укуктук маселелер боюнча комитеттин жетекчиси болгон. Бирок депутаттык креслодо көпкө кармалган эмес.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы — райондор боюнча маалымат - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров кайсы аймактарда көп добуш алды. Электрондук урнанын эсеби картада
Ак үйдүн дарбазасынан секирүүгө аракет кылып. 2012-жылы Жапаров депутат болуп жүргөн учурда кесиптеши, "Ата-Журт" партиясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев жана депутат Талант Мамытов менен "Кумтөр" маселеси боюнча каршылык акциясына чыгышат. Митингде Ташиев баштаган топ Ак үйдүн дарбазасынан секирип түшүүгө аракет кылган. Алардын иши Жогорку сотко өтүп, Ташиев, Жапаров, Мамытов мамлекеттик түзүлүштү кулатуу ниети менен өкмөт үйүн басып алууга аракеттенген деген айып менен 1,5 жылга кесилишкен. Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң Жапаров чет өлкөгө чыгып кеткен. 2013-жылы ал депутаттык мандатын тапшырган.
Кумтөр маселеси, Саруудагы митинг. 2013-жылы Ысык-Көлдүн Саруу айылында "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу үчүн митинг өтөт. Нааразычылык акциясынын катышуучулары ошол кезде Ысык-Көл облусунун губернатору болуп турган Эмил Каптагаевди баш кылып, бир катар адамды барымтага алышканы маалымдалган. УКМК аны Садыр Жапаров уюштурган деп айыптап, бул иш боюнча Жапаров 2013-жылы октябрда 10 жылга кесилген. Кийин ал чет мамлекетке чыгып кеткен.
Кыргызстанга кайтары менен камалган. 2017-жылдын 25-марты. Төрт жылдан кийин саясатчы КРге келерин жар салып, аны уккан тарапташтары бул күнү кыргыз-казак чек арасына жана Бишкектеги Максим Горький атындагы паркка чогулушкан. Бирок УКМК кызматкерлери аны Казакстандын чек арасынан өтөрү менен кармаган. Ага нааразы болгон тарапташтары УКМКнын алдына барып ызы-чуу чыгарышкан.
Абакта жатканда "президент" болом деп. Садыр Жапаров 2017-жылы өтө турчу президенттик шайлоого абакта жатканына карабай катыша турганын айтып, документтерин БШКга тапшырган. Алгач БШК анын арызын кабыл алган. Ошол учурда Садыр Жапаров "Буюрса, президенттик шайлоого сөзсүз катышам. Жеңишке жетем деген чоң үмүтүм бар. Баары Жараткандын колунда" деген.
Бирок ал Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан кишини барымтага алган деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген. Борбордук шайлоо комиссиясы Жапаровдун 2013-жылы соттолгонун эске алып, ал кылмыш иши кыскарбагандыктан шайлоодон четтеткен.
Камакта жатып кан тамырын кескилеп... Эки айга №1 тергөө абагына камакка алынган экс-депутат Садыр Жапаровдун колунун кан тамырлары кесилгендиги тууралуу маалымат тарайт. Мындан улам абактагы саясатчы ооруканага түшкөн. Кийинчерээк бул боюнча экс-депутат үн катып, мындай кадамга өзү барганын билдирген. Ал "шок абалында болчумун. Бычакты алып өзүмдү сайгылап салдым" деп видеобилдирүү тараткан.
© © SputnikЖапаров абакта жаткан учурда үч жакын адамынан - атасы, энеси жана уулунан ажыраган
Похороны матери осужденного Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан
Жапаров абакта жаткан учурда үч жакын адамынан - атасы, энеси жана уулунан ажыраган
Абакта жатып үч жакын адамынан айрылган. Садыр Жапаров камакка алынгандан кийин атасынын абалы кескин начарлап кеткени айтылган. 2017-жылдын сентябрында атасы Мустали уулу Нуркожо көз жумат. Бирок зыйнатына саясатчы бара алган эмес. 2019-жылдын март айында экс-депутаттын апасы Кадича Жапарова каза болот. Саясатчы энесине топурак салууга коё берилген. Көп өтпөй, 2019-жылдын августунда Садыр Жапаровдун уулу Дастан Садыр уулу каза болгону кабарланат. Саясатчынын 27 жаштагы уулу мотоцикл менен келе жатып авария болгон. Улуу баласын акыркы сапарга узатууга Жапаров убактылуу коё берилген.
Үй-бүлөсү, балдары. Садыр Жапаровдун жубайынын аты Айгүл Асанбаева. 48 жашта. Ал Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Санташ айылында туулуп, мектепти аяктары менен Каракол шаарындагы медициналык училищеде билим алган. Кийин Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетин аяктаган. Жубайлардын айрым булактарда беш, айрымдарында төрт баласы бар экени айтылат. Бирок Айгүл айым маектеринин биринде беш баласы бар экенин, алардын бири жол кырсыгынан келинчеги менен каза тапкан кайнисинин уулу Ринат экенин айткан. Калган балдары Дастан, Рустам, Ринат, Нурдөөлөт жана кызы Жанайым. Дастан 2018-жылы жол кырсыгынан көз жумса, Рустам аттуу баласы 2019-жылы Жети-Өгүз районунун Саруу айылынан кайындуу болгон. Кайнатасы Таалайбек Жунушбаев көп жылдан бери "Кумтөрдө" иштейт. Ал эми Нурдөөлөт жана Жанайым ЖМКларда жазылгандай, Борбор Азиядагы Америка университетинде билим алышат.
© Sputnik / Табылды КадырбековСадыр Жапаровдун тагдыры 2020-жылдын октябрь айында түп-тамыры менен өзгөргөн
Беспорядки в Бишкеке после окончания парламентских выборов  - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаровдун тагдыры 2020-жылдын октябрь айында түп-тамыры менен өзгөргөн
Жапаровдун тагдырын өзгөрткөн октябрь. 2020-жылдын 4-октябрында КРде парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон эл 5-октябрда борбордук аянтка митингге чыгып, 6-октябрга караган түнү агылган эл Ак үйдү басып алган. Андан кийин чогулгандар абакта жаткан аткаминерлерди бошоткон. Анын ичинде Садыр Жапаров да бар эле.
© Sputnik / Табылды КадырбековБир эле учурда ал өкмөт башчы болуп жана президенттин милдетин да аткарган
Внеочередное заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Бир эле учурда ал өкмөт башчы болуп жана президенттин милдетин да аткарган
Премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу. 5-6-октябрдагы толкундоодон көп өтпөй Садыр Жапаров 14-октябрда ЖК тарабынан премьер-министрликке дайындалган. Андан кийин ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өз каалоосу менен кызматын өткөрүп берип, өлкө башчынын милдетин Садыр Жапаров аткарып калган. Кийин президенттик шайлоо дайындалып, Жапаров кызматын убактылуу тапшырып шайлоого талапкер катары аттанган.
Жаңылыктар түрмөгү
0