БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстандын бардык жарандарына коронавируска каршы вакцина алуунун зарылдыгы жок. Мындай пикирин РФ Мамлекеттик думасынын депутаты, Илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
"Россия алгач ооруп калуу коркунучундагы жарандарга вакцина саюуда. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги биздин тажрыйбаны иликтеп көрүп, пайдалуусун өзүнө алат деп ойлойм. Бирок бардык жарандарга эмдөөдөн өтүү зарылдыгы жок деп эсептейм", — деди Онищенко."Спутник V" — дүйнөдө биринчилерден болуп COVID-19га каршы Россиянын Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунан иштелип чыккан вакцина. Препарат адамдын аденовирус векторунун мыкты изилденген платформасынын негизинде түзүлгөн. Кыргыз өкмөтү бул вакцинаны алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Эмне жөнүндө китеп окуй турганыңды жан дүйнөң менен сезип, билип турушуң керек. Бул абдан маанилүү. Мындай пикирин Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, китеп окуган адамдын акылы тунук, даражасы бийик, ой-чабыты кенен болот.
"Акыркы 30 жылды алсак, китептен такыр алыстагандар бар. Жаштар эле эмес улуу муундагы адамдар деле эмне окуурун билбейт. Мисалы, дүкөнгө кирип кандай темадагы чыгарма издеп жатканын билишпейт. Азыркы жашоо көбүнесе акчага байланып калды", — деди Садыкулова.
Ошондой эле жетекчи китеп окуу маданиятын калыптандыруу керектигин кошумчалады.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин өкмөт менен Мамлекеттик кеңештин профилдик комиссиясына мигранттарды курулуш тармагына жумушка алуу боюнча талаптарды жөнөкөйлөтүү талабын койду. Мамлекеттик кеңеш менен РФ президентинин алдындагы стратегиялык өнүгүү жана улуттук долбоорлор кеңешине берилген тапшырмалар жыйындысы Кремлдин сайтына жайгаштырылды.
Документте айтылганына караганда, кеп КМШга кирген айрым өлкөлөрдүн жарандары тууралуу болууда.
Мигранттар курулуш тармагына бардык санитардык талаптарды сактоо менен алынышы керек. Өкмөт бул боюнча өз сунуштарын 1-мартка чейин бермекчи.
"КМШнын айрым өлкөлөрүнүн жарандарын жумушка алууда COVID-19 инфекциясынын тарап кетишин алдын алуу үчүн бардык чаралар аткарылышы керек. Ошол эле учурда жумушка алуу жолдору жеңилдетилсин", — деп айтылат тапшырмада.
Жыйында Россиянын вице-премьери Марат Хуснуллин учурда курулуш тармагында жумушчу күч жетпей жаткандыктан, айрым долбоорлорду убагында бүтпөй калуу коркунучу бар экенин айтты. Ал эми Татарстандын президенти Рустам Минниханов Владимир Путинге ар кайсы объектилерге атайылап мигранттарды алып келүүнү сунуштады.