Абактагы адам. Архив

Жапаров абакта күнөөсүз отургандарга дагы ырайым берилиши керектигин айтты

95
(жаңыланган 00:17 11.01.2021)
Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткан учурда абакта жаткан 230 адамга ырайым кылып, эркиндикке чыгарган.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен алдыда келе жаткан Садыр Жапаров майда кылмыш кылып же күнөөсүз абакта жаткандар бошотулушу керектигин айтты.

Ал Бишкек шаарында маалымат жыйынын өткөрдү. Жапаровго журналисттер буга чейин ырайым алган 230 адам тууралуу маалыматтар ачыкталбаганы боюнча суроо беришти.

"Жашырчу эч нерсе жок, каалоочулар маалымат алсаңар болот. Негизи мен 230 киши аз деп эсептейм. Анткени мен отурган абакта бир миңдей адам жаза өтөп жатса, алардын жарымы күнөөсүз же майда кылмыштар үчүн отурган фактылар бар эле. Баарын тыкыр иликтеп көрүп, мунапыс же ырайым берүү жолу менен дагы чыгарышыбыз керек", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал "майда кылмыш кылгандар элдин эсебинен тамактанып отура бербей, балдарын багып, ишке кирип салык төлөшү керектигин" кошумчалады.

Жапаров ырайым алгандардын арасында саясатчылар жок, жалаң карапайым адамдар экенин белгиледи.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткан учурда абакта жаткан 230 адамга ырайым кылып, эркиндикке чыгарган. Кийин ал адамдардын тизмесин жарыялоо талабы коюлган.

Президенттик шайлоодон кийинки кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан тааныша аласыздар.

95
Белгилер:
ырайым берүү, абак, мунапыс, Садыр Жапаров
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (189)
Тема боюнча
Жапаров: убадама турбасам, атамдын, энемдин жана баламдын арбагы кечирбес
Биримдикте иш алып баралы! Садыр Жапаров шайлоодогу атаандаштарына кайрылды
Садыр Жапаров алдыдагы жылдар өтө татаал болорун эскертти
Москванын көчөлөрүнүн биринде беткапчан бара жаткан адамдар. Архивдик сүрөт

РФте жүргөн мигранттар 15-мартка чейин документтерин иретке келтириши керек

25
(жаңыланган 18:29 20.01.2021)
Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары коюлган талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россияда иштеп жүргөн жарандары ушул жылдын 15-мартына чейин документтерге байланыштуу иштерин бүтүрүп алышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Россия президенти "COVID-19 инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чараларды узартуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документтеги талаптарга ылайык, төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:

  • ID-card же жалпы жарандык паспортту жарактуу мөөнөтү бүткөн соң өз убагында алмаштыруу;
  • Россиянын аймагында жүрүү үчүн документтерин (убактылуу жашоого уруксат, мөөнөтү бүткөндүгү тууралуу белгиси менен миграциялык карта, каттоосу) Россиянын мыйзамдарына ылайык калыбына келтирүү;
  • зарыл болгон учурда жумуш берүүчүлөр менен эмгек келишимдерин жана контрактыларын узартуу;
  • административдик укуктарды бузгандыгы үчүн салынган айыптарын жоюу;
  • Россиянын аймагынан өз эрки менен чыгып кетүү (эгер мурда өлкөдөн чыгаруу боюнча чечим кабыл алынган болсо).

Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары жогорудагы талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.

25
Белгилер:
документ, мыйзам, талап, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга кезектеги гумжардамын жөнөттү
Путин мигранттарды курулушка жумушка алуу тартибин жеңилдетүүнү тапшырды
Россиянын курулуш компаниялары мигранттарга муктаж болууда
Кыргызстан менен Россиянын желектери. Архивдик сүрөт

Россия Кыргызстанга кезектеги гумжардамын жөнөттү

25
(жаңыланган 18:06 20.01.2021)
Аталган гумжардам Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментине бериле турганы айтылды.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүү үчүн Россия Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардамын жөнөттү. Бул тууралуу РФтин КРдеги элчилигинен кабарлашты.

Ага ылайык, Роспотребнадзор COVID-19ду лабораториялык диагностика кылуучу 20 000 реагентин алып, ошол эле күнү жүк Кыргызстанга жиберилген.

Аталган гумжардам Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментине бериле турганы айтылды.

Кыргызстан Россияга көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

25
Белгилер:
коронавирус, реагент, гуманитардык жардам, Россия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга 200 миң ПЦР-тест система берди
Главный судья Нестор Питана в финальном матче чемпионата мира по футболу между сборными Франции и Хорватии.

Кыргызстандан үч калыс ФИФАнын абройлуу тизмесине алынды

0
(жаңыланган 18:41 20.01.2021)
Дүйнөлүк уюмда Кыргызстандан жалпысынан 17 калыс бар. Алардын алтоосу футбол калысы, сегизи жардамчы (каптал калысы) жана үч калыс футзалдан.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын үч калысы Дүйнөлүк футбол федерациясынын (ФИФА) 2021-жылдагы тизмесине киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн футболдук союзунан кабарлашты.

Ата мекендик футбол адистери Медербек Тайчиев, Зайниддин Алимов жана Нурзат Аскат уулу алгачкы ирет аталган тизмеге алынган. Дүйнөлүк уюмда Кыргызстандан жалпысынан 17 калыс бар. Алардан алтоосу футбол калысы, сегизи жардамчы (каптал калысы) жана үч калыс футзалдан.

Белгилей кетсек, Дайырбек Абдылдаев, Нурзат Аскат уулу, Денис Шалаев, Медербек Тайчиев, Зайниддин Алимов жана Вероника Бернацкая ФИФА тизмесиндеги реферилер. Аталган тизме авторитеттүү болуп саналат.

Сергей Грищенко, Исмаил Талипжанов, Замир Чыныбеков, Элдияр Салыбаев, Рамина Цой, Артем Скопинцев, Хусан Джалалдинов, Канат Мырсабеков реферинин жардамчысы болуп саналат.

Ал эми Нурдин Букуев, Чыңгыз Мустафаев жана Элдияр Келдибеков ФИФАнын футзал калыстарынын катарында.

0
Белгилер:
тизме, ФИФА, калыс, футзал, футбол
Тема боюнча
Азия кубогунда алгачкы голду киргизген футболчу "Алай" клубуна алынды
Кыргызстандык Токабаев АФКнын чемпиондор лигасынын финалына комиссар болду. Сүрөт