БИШКЕК, 11–янв. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстан боюнча коронавирус 107 адамга жукса, 101 киши илдеттен айыкты. Оору эки адамдын өмүрүн алып кетти. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.
Каза тапкан эки адам Бишкек менен Ысык-Көл облусунун тургундары болгон.
Бир сутка ичинде COVID–19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Кыргызстанда коронавирус катталгандан бери жалпысынан 82 380 адамга жуккандыгы айтылды.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Республикалык штаб COVID–19дан айыгып кеткендердин жалпы саны 78 003 деп билдирди.
Стационарда учурда 839 бейтап дарыланууда.
Алардын ичинен:
Амбулатордук дарыланууда 1 241 бейтап бар.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнүнө карата элге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда, президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Кайрылууда советтик аскерлер тарабынан Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнү белгиленип жатканы айтылды.
"Ленинградды курчоого алуу — Улуу Ата Мекендик согуштун эң кайгылуу окуяларынын бири. Ленинград — дүйнөлүк тарыхта 900 күндүк курчоого туруштук берген жападан жалгыз шаар, ошол күндөрү миллиондогон балдар, аялдар, улгайган адамдар жана аскерлер каза болгон", — деп жазылат Мамытовдун кайрылуусунда.
Ленинградды курчоодон бошотуудагы салгылашууларда башка боордош элдер менен бирдикте 4,5 миңден ашуун мекендештерибиз баатырларча курман болушкан.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курчоого алынган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңге жакын адам эвакуацияланган. Алардын 3,5 миңи балдар болгон.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка жашы жете электердин 80 пайызы тааныштары жана туугандары тарабынан кабылат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ошондой эле балдарга карата сексуалдык ыдыктар үйүндө же конокто жасалары айтылат.
Мындан сырткары, ата-энелерге балдардын уюлдук телефонуна "Мен милициянын аймактык инспекторумун" жана "112 Кыргызстан" тиркемелерин көчүрүп берүүнү сунуштады.
"Зомбулук болгон учурда эмне кылуу керек? Кылмыштын издерин сактоо үчүн кийимдерди жууп же ыргытып салбоо зарыл. Милицияга жана медициналык мекемеге кайрылуу керек. Биринчи 72 саатта дарыгер ВИЧтин, жыныстык жугуштуу оорулардын жугушунун алдын алууга, күтүлбөгөн жерден бойго бүтүрбөөгө жардам берет. Ошондой эле зомбулукка кабылган жашы жете электерге психологиялык жардам берүү маанилүү", — деп айтылат билдирмеде.
Балдарга карата сексуалдык же башка мүнөздөгү зордук-зомбулуктар жасалса 102, 112 кызматтарына жана 111 ишеним телефондоруна байланышууга болот.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары вице-спикерди шайлап жатат.
Төраганын орун басары кызматына оппозициялык фракциялардын квотасы менен көрсөтүлөт. "Ата Мекен" фракциясы Нурбек Сыдыгалиевди, "Өнүгүү – Прогресс" фракциясы Уланбек Исмаиловдун талапкерлигин сунуштады.
Мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров белгисиз себептерден улам өткөн жылдын 23-декабрында кызматын тапшырып кеткен.