10-январда өткөн добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы менен жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун өмүрлүк жары, биринчи леди Айгүл Асанбаева тууралуу кеп кылабыз.
Sputnik Кыргызстан маалыматтарды Асанбаева буга чейин жергиликтүү ЖМКларга берген маектеринен жана ачык булактардан алды.
Айгүл Асанбаева 48 жашта. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сан-Таш айылында туулган.
Мектепти аяктаары менен Каракол шаарындагы медициналык училищеде билим алган. Кийин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика факультетин аяктаган.
Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Асанбаева коңшу айылдардан болгондуктан, достор менен жаратылышка эс алып чыккан күндөрдүн биринде таанышкан. Асанбаеванын эскерүүсүндө, ал кезде өзү 18, Жапаров 23 жашта эле. Экөө үч жылдай кыз-жигит болуп жүрүп баш кошкон.
Жубайлардын айрым булактарда беш, айрымдарында төрт баласы бар экени айтылат. Бирок Айгүл айым маектеринин биринде беш баласы бар экенин, алардын бири жол кырсыгынан келинчеги менен чогуу каза тапкан кайнисинин уулу экенин айтып берген. Балдардын аттары: Дастан, Рустам, Ринат, Нурдөөлөт жана кызы Жанайым.
Тилекке каршы, тун уулу Дастан 2019-жылдын август айында жол кырсыгынан каза болгон. Ал 22-август күнү 7-Апрель көчөсүндө мотоцикл менен баратып кырсыктаган. Ооруканада бир нече күн өлүм менен алышып, 26-августта көз жумган.
2019-жылы экинчи уулу Рустам үйлөнүп, ата-энесин келиндүү кылган. Былтыр жубайлар Саара аттуу кыздуу болушкан.
ЖМКларга берген маектерине караганда, жолдошу саясий куугунтукта жүргөндө үч жыл бою балдары менен чет өлкөдө жашаган. Ал кезде Польша жана Россия мамлекеттеринде болгонун айткан.
Айгүл Асанбаева ЖМКлардын бирине берген маегинде атасын (Садыр Жапаров — ред.) тосуп алуу үчүн барганда күч органдарына кармалган уулун бошотууга жардам сурап, ошол кездеги канайым Раиса Атамбаевага кайрылганын айткан.
"Тааныштар аркылуу чыгып, 20 жаштагы уулум үчүн сурангам. Бирок ал "мен мындай иштерге кийлигишпейм" деп жооп берген. Мен баарын бошотуп жибериш керек деп айтпайм, болгону уулум кылмыш кылган эмес, атасын гана күтүп чыккан эле. Биринчи айым болуш баарына эле буюра бербейт, кудайдын белеги да. Айкөлдүк, марттык болуш керек деп ойлойм", — деген Асанбаева маегинде.
Садыр Жапаров жазасын өтөп отурган кезде Асанбаева маалымат каражаттары аркылуу өз оюн дайым ачык айтып, маек берип келген. Жолдошун колдоп нааразычылык акцияларына дагы чыккан.
Кыргызстандын буга чейинки биринчи ледиси, тагыраагы, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жубайынын аты дагы Айгүл. Ал үч жыл өлкөнүн биринчи айымы болуп, жолдошу 2020-жылкы октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткен соң бул макамынан кол жууду.
2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясынын катарында катышкан. Ал тизмеде 24-номер менен катталган. Бирок ал жерде аты Айгүл эмес, документте жазылгандай Гүлнура Асанбаева деп берилген. Айгүл айымдын социалдык тармактагы баракчаларына караганда, ал шайлоо кампаниясында активдүү иштеп, партиялаштары менен аймактарды көп кыдырган.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек инаугурация аземинде артиллериялык аскер техникасы колдонула турганын тастыктады.
Маалымат катчы инаугурация мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара экенин айтып, президенттик кызматка киришүү менен ал өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы болуп каларын белгилеген.
“Артиллериялык аскер техникасын колдонуу инаугурация аземинин атрибуттарынын бири жана кеңири таралган тажрыйба. Артиллериялык тузүмдөр, кандай болгон күндө дагы, күнүмдүк режимде аскердик даярдыктын деңгээлин кармоого багытталгандыктан, ашыкча чыгымдарды талап кылбастыгын баса белгилей кетүү керек. Аскерлерди даярдоо планына ылайык, артиллериячылар аскер даярдыгы боюнча пландык машыгууларды өткөрөт. Демек, буга кошумча эч кандай чыгым болбойт”, — деди Байтерек.
Белгилей кетсек, буга чейин 28-январга белгиленген президенттин ант берүү аземин өткөрүүгө 10 миллион сом сарпталары айтылган. Ушул эле күнү инаугурацияга даярдык көрүү башталып, шаардын негизги көчөлөрү жабылган. Көп өтпөй унаа тыгыны жаралып, коомчулук бул көрүнүшкө сын-пикирлерди билдирген.
Ошол эле учурда артиллериялык курал кодонулары туурасында дагы маалымат тарай баштаган.
Андан соң жаңы шайланган президент Садыр Жапаров чыгымдарды азайтуу талабын коюп, чоң салтанат өткөрүүдөн баш тарткан.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана анын уулу, Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомали тажик улуттук университетинде улут лидеринин музейин ачышты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Жума күнү Рахмон уулу менен университеттеги жети кабаттуу жаңы окуу корпусунун ачылышына катышкан. Анда студенттер экономика жана финансы багытында билим алышат.
Ушул эле корпуста өлкө президенти — улут лидери Эмомали Рахмондун музейинин ачылышы болгон.
Музей Тажикстандын улуттук университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен мамлекет башчысынын эмгегин жаштарга эске салып туруу үчүн түзүлгөнү айтылат.