Шайлоонун эртеси Кыргызстанда эмне болуп жатат. Сүрөт, видео, тексттик баяндама
Шайлоонун эртеси Кыргызстанда эмне болуп жатат. Сүрөт, видео, тексттик баяндама
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кечээ, 10-январда, эки ири саясий окуя болду. Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү. 11.01.2021, Sputnik Кыргызстан
БШКнын алдын ала берген маалыматы боюнча, 17 талапкердин ичинен Садыр Жапаров эң көп добуш топтоп, алдыга чыкты. Учурда саат 11.00гө карата берилген маалыматка ылайык, ал шайлоочулардын 79,18 пайызынын добушун алды.Sputnik Кыргызстан шайлоонун эртеси Кыргызстанда эмне окуя болуп жаткандыгын тексттик баяндама менен берип турмакчы.
жаңылыктар, коом, кыргызстан, президенттик шайлоо, садыр жапаров, добуш, кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
жаңылыктар, коом, кыргызстан, президенттик шайлоо, садыр жапаров, добуш, кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Жазылуу
Кыргызстанда кечээ, 10-январда, эки ири саясий окуя болду. Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү.
БШКнын алдын ала берген маалыматы боюнча, 17 талапкердин ичинен Садыр Жапаров эң көп добуш топтоп, алдыга чыкты. Учурда саат 11.00гө карата берилген маалыматка ылайык, ал шайлоочулардын 79,18 пайызынын добушун алды.
Sputnik Кыргызстан шайлоонун эртеси Кыргызстанда эмне окуя болуп жаткандыгын тексттик баяндама менен берип турмакчы.
Россиянын лидери Владимир Путин президенттик шайлоодо эң көп добуш алган талапкер Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жазылган.
Путин Жапаров Кыргызстанды башкарып турган маалда орус-кыргыз алакасынын өнүгүшүнө кеңири шарт түзүлөрүнө ишеним арткан.
"Урматтуу Садыр Нургожоевич, президенттик кызматка шайланышыңыз менен чын дилден куттуктоомду кабыл алыңыз. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мааниге ээ. Россия менен Кыргызстандын ар кандай тармактагы кызматташтык жана ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ, ШКУнун алкагында конструктивдүү өз ара аракеттешүү боюнча тажрыйбасы мол. Сизге ийгилик, бекем ден соолук жана бакубатчылык каалайм", — деди Путин.