БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкектин Октябрь районунун акимчилиги "Орто-Сай" базарынын айланасы менен Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүндө өз алдынча соода жүргүзгөндөрдү тыюу боюнча иштерди улантууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бишкек мэриясы шаар тургундарынан борбор калаада соода жана жарнама эрежелерин сактоону өтүнөт.
"Жерге коюлуп сатылган азыктардын коопсуздугуна жана сапатына эч ким кепилдик бере албайт. Андай азыктарды сатып албагыла, сураныч! Алар ден соолукка зыян!" — деп айтылат маалыматта.
Мэрия жол кыймылына тоскоолдук жараткан жана базардын тегерегинде мыйзамсыз соода жүргүзгөн жеке жактарга үч миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынарын эскертти.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгында калктын ишеним индекси кыргыз бийлигине былтыркыга салыштырмалуу төмөндөп кетти. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Изилдөө декабрь айында жүргүзүлүп, 18 жаштан 75 жашка чейинки Кыргызстандын 3600 жараны сурамжылоого алынган.
Натыйжада аткаруу бийлигинин, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын, өкмөттүн облустагы өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине калктын ишеним индекси 25 баллды түзгөн. Муну менен 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 баллга төмөндөгөн.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россияда иштеп жүргөн жарандары ушул жылдын 15-мартына чейин документтерге байланыштуу иштерин бүтүрүп алышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Россия президенти "COVID-19 инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чараларды узартуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документтеги талаптарга ылайык, төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:
Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары жогорудагы талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.