БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жогорку сот судьяны мыйзамсыз баюуга айыптаган УКМКнын билдирүүсүнө жооп кайтарды.
Буга чейин УКМК Жогорку соттун Б.Д.С. аттуу судьясынын 20 элиталык турак жайы, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаты жана люкс класстагы бир канча автоунаасы бар экенин аныктаган. Аны мыйзамсыз баюу беренеси менен айыптап, кылмыштуу кирешесин жашырып келгенин айткан. Мындан сырткары, судья жакын туугандары көптөгөн өлкөлөргө тынымсыз саякаттап турары жазылган.Жогорку соттун маалымат кызматы УКМК пресс-релиз таратуу менен Конституциянын 26-беренесинде көрсөтүлгөн күнөөсүздүк презумпциясын бузуп жатканын эскертет.
"Судья өзү ээлик кылган жана ижарага алып иштеткен кыймылсыз мүлктүн баары декларацияда жазылган. Анын өзүнүн да, туугандарынын да Ысык-Көлдө кыймылсыз мүлкү жок. Көрсөтүлгөн объектилердин көбүнүн судьяга тиешеси жок. Ал эми мамлекеттик кызматкерлердин эмгек өргүүгө чыкканда чет өлкөгө барууга чама-чаркы жетет. Жеткиликтүү баадагы турлар бар", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, УКМК жарыялаган өлкөлөрдүн кээ бирине судья эс алууга эмес, иш сапар менен барганы белгиленген.
Ошондой эле Жогорку сот мыйзамсыз жол менен тапкан каражатына чет өлкөгө чыгып жатат деген кепти коомчулукка таңуулоо туура эмес экенин кошумчалады.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев соттун чечими менен үй камагына чыкты. Маалыматты Ош облустук сотунун маалымат катчысы Назгүл Исманова тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, шаардык сот 16-январда Саркарбаевдин бөгөт чарасын үй камагына өзгөрткөн. Чечимдин негизинде ага соттун уруксатысыз Ош шаарынан башка аймакка чыгууга тыюу салынды, ошондой эле кечки 22:00дөн таңкы 6:00гө чейин үйүндө болушу шарт.
Ушул эле шаардык сот 21-декабрда Саркарбаевдин баш коргоо чарасын тандап, эки айга тергөө абагына киргизген.
УКМКнын маалыматына караганда, ал "Дженго" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов менен жакын мамиледе болгон.
Бул окуяга байланыштуу ал Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси кызматынан бошотулган.
Саркарбаев жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен катышканы маалым.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 90 кишиден коронавирус табылды. Ошол эле маалда 145 бейтап ооруну жеңген. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө 83 268ге жетти.
Айыккандар:
Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус үч адамдын өмүрүн алган. Анын экөө Бишкектен, бири Ошто болчу.
Азыркы учурда 742 адам стационарларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 220сынын абалы оор болсо, 37 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Өткөн суткада бир да медиктен коронавирус аныкталган эмес.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өрттөн эки киши каза болгондугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, адам өмүрүн алган кырсыктардын бири Бишкек шаарында, экинчиси Чүй облусунда катталган.
"Түнкү саат 03:45 чамасында Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында турак үйдүн чатыры жана ичи күйгөн. Анын кесепетинен 48 жаштагы адам каза болгон. Ал эми таңда, саат 05:19га чукул, Бишкектеги Васильевский тар көчөсүндө жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагону толугу менен жана Volvo үлгүсүндөгү автоунаанын прицеби күйгөн. Өрт бир адамдын өмүрүн алып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ соңку сутканын ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бригада тартылгандыгын кошумча билдирди.